Шайлоодо 5 пайыздан кем эмес добуш алган саясий уюмдарга баштапкы күрөө акысы кайтарылып берилет

Шайлоодо 5 пайыздан кем эмес добуш алган саясий уюмдарга баштапкы күрөө акысы кайтарылып берилет. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирет. Анын айтымында, калган сумма республикалык бюджетке которулат. Шайлдабекова белгилегендей, жалпысынан 16 саясий уюмдан 80 миллион сом түштү. Тагырагы, ар бир партияга 5 миллион сомдон… Кененирээк…

Оштогу “Сүрөттүү-таш” эстелиги асман алдындагы музей болушу күтүлүүдө

Оштогу “Сүрөттүү-таш” эстелиги асман алдындагы музей болушу күтүлүүдө. Маданият министри Азамат Жаманкулов билдиргендей, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылындагы археологиялык эстеликтин ландшафтын сактоо үчүн иш-чаралар аткарылат. Ошондой эле эстеликтин жер тилкесин тарыхый-маданий мурас катары аныктап, керектүү документация иштерин бүтүрүү зарыл. Аталган археологиялык эстелик аска беттерине биздин заманга… Кененирээк…

Баткен районунда жол тармактары калыбына келтирилип жатат

Баткен районунда жол тармактары калыбына келтирилип жатат. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, учурда Зардалы айылындагы авариялык абалдагы көпүрө оңдолууда. Буга катар Бөжөй айылында селден жабыркаган ички жолдор ремонттолуп жатат. Иштер үчүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан оор техника жана курулуш материалдары бөлүнүп берилди.

Нарында инфекциялык оорукананын курулушу уланууда

Нарында инфекциялык оорукананын курулушу уланууда. Курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө дубалдарды тургузуу, терезе рамкаларын орнотуу жана чатырды монтаждоо жумуштары аткарылып жатат. Оорукананын долбоордук кубаттуулугу 70 орунду түзөт. Курулуш иштери “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк” фонду тарабынан жүргүзүлүүдө. Учурда жалпы каражаттын 45 миллион сому… Кененирээк…

Кыргызстанда калктын дээрлик 6 пайызы коопсуз таза суу системасына кошулган эмес

Кыргызстанда калктын дээрлик 6 пайызы коопсуз таза суу системасына кошулган эмес. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, адамдар сууну ачык көлмөлөрдөн алып пайдаланышат. Бул өз кезегинде ден-соолукка кооптуулук жаратат. Андан тышкары, ысык суу жана борбордук жылытуу системасына шаар аймактарынын басымдуу батир жана турак-жайлары гана туташтырылган. Ал… Кененирээк…

Кыргызстанда шайлоого 416 миллион сом сарпталды

Кыргызстанда шайлоого 416 миллион сом сарпталды. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, алдын ала 442 миллион сом бекитилген. Каражатты үнөмдөө үйрөтүүчү сабактардын онлайн өткөнүнө байланыштуу жана эл аралык уюмдардан колдоосунун негизинде мүмкүн болду. Шайлдабекова кошумчалагандай, 16 саясий партиядан шайлоо күрөөсүнө 5 миллион сомдон чогултулган. Шайлоодо 5… Кененирээк…

Ош шаарында калаанын 3020 жылдыгы белгиленүүдө

Ош шаарында калаанын 3020 жылдыгы белгиленүүдө. Түштүк калаа мэриясынан novosti.kgге билдиришкендей, борбордук аянтта салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Ага 300гө жакын адам чакырылды. Алар Ош шаарынын өсүп-өнүгүшүнө салымын кошкон ардагер жетекчилер, дарыгерлер, ыктыярчылар, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана маданият кызматкерлери. Концерттик программанын кечки бөлүгү жергиликтүү телеканалдар аркылуу… Кененирээк…

Бишкекте “Жол тармактарын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында оңдоо иштери башталды

Бишкекте “Жол тармактарын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында оңдоо иштери башталды. Мэриядан билдиришкендей, алгач Ташкент жана Сухэ-Батор көчөлөрү ремонттолот. Андыктан аталган тилкелерде кыймылга чектөө киргизилет. Иштерди кыш мезгилине чейин бүтүрүү пландалууда. Белгилеп кетсек, экинчи фазанын алкагында ордо калаада 70 чакырым узундукту түзгөн 60 көчө оңдолуп,… Кененирээк…

Добуш берүү учурунда 25 мыйзам бузуу фактысы катталды

Добуш берүү учурунда 25 мыйзам бузуу фактысы катталды. ашкы прокуратурадан билдиришкендей, фактылардын 18 учуру Жазык кодексине, алганы Жоруктар кодексине катталды. Ал эми 13 факты добуш сатып алуу боюнча. Учурда иштердин үстүнөн тергөө жүрүп жатат. Мындан тышкары №2 форма боюнча 5 арыз түшүп, анын төртөө тергөөдө,… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот. Эми анда кайсы бир тайпалардан билдирүүлөрдү каалаган мөөнөткө өчүрүп салууга мүмкүн. Буга чейин бул блоктоо функциясы 8 саатка, 1 жумага же 1 жылга эле иштечү.   Эми аны таптакыр эле өчүрүп салса дагы болот.