Бишкекте Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен 3 билим берүү мекемеси курулуп жатат

Бишкекте Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен 3 билим берүү мекемеси курулуп жатат. Курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, кеп, №61 жана №5 мектептерге кошумча корпус тууралуу болуп жатат. Андан тышкары, салынып жаткан объектилердин катарында Арча-Бешик конушундагы имарат бар. Учурда анда пайдубал куюлуп, дубалы тургузулууда. Мекеме 1 миң… Кененирээк…

Аймактык салык органдары ишин штаттык режимде улантышууда

Аймактык салык органдары ишин штаттык режимде улантышууда. Кызматтын төрагасы Кабыл Абдалиев билдиргендей, мүлктү коргоо максатында борбордук аппаратта жана аймактык салык органдарында күнү-түнү нөөмөт уюштурулду. Салык кызматтары, анын ичинде отчетторду кабыл алуу процесстери кадимки режимде иштеп жатат. Жарандарга салык маселелери боюнча маалыматты 116 номеринен алуу сунушталат.

Ош шаарынын мэри Талайбек Сарыбашов кызмат ордуна кайтып келди

Ош шаарынын мэри Талайбек Сарыбашов кызмат ордуна кайтып келди. Бул тууралуу түштүк калаа муниципалитетинен 24 агенттигине билдиришти. Калаа башчы белгилегендей, учурда негизги максат – туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу. Сарыбашов ошондой эле шаардык кеңештин депутаттары кабыл алган чечимди мыйзамсыз деп жарыялады. Эске салсак, буга чейин… Кененирээк…

Шаардык бийлик Бишкекте коопсуздукту камсыздоого даяр

Шаардык бийлик Бишкекте коопсуздукту камсыздоого даяр. Мэриянын өкүлдөрү, укук коргоо органдары, райондук акимиаттар жана элдик кошуун калаадагы кырдаалды талкуулап, милдеттерин алышты. Вице-мэр Азиз Алымкуловдун айтымында, милиция кызматкерлери ар бир райондо коопсуздукту камсыздайт. Аларга элдик кошуун жардам берет. Ошондой эле милициянын кайгуул кызматына мамлекеттик номуру жок… Кененирээк…

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Түзүмдөн билдиришкендей, коомдук коопсуздукту камсыздоого, мыйзам бузууларга жана талап тоноочулукка жол бербөө үчүн болгон аракет жумшалат. Учурда жолдо жүрүү эрежеси көзөмөлгө алынууда. Кызматтан белгилешкендей, жарандарга коомдук тартипти сактоо сунушталат.

Улуттук банк SWIFT системасынын ишине убактылуу чектөө киргизди

Улуттук банк SWIFT системасынын ишине убактылуу чектөө киргизди. Эске салсак, бул – улуттук жана эл аралык төлөм системалары аркылуу акча которууга мүмкүнчүлүк берген түзүм. Башкы каржы мекемесинин өкүлү Аида Карабаева билдиргендей, мындай чара өлкөдөн сыртка каржылык агылуулар болбошу үчүн көрүлдү. Учурда Улуттук банк өлкөдөгү кырдаалга… Кененирээк…

17 жаштагы америкалык кыз дүйнөдө эң узун буттун ээси аталды

17 жаштагы америкалык кыз дүйнөдө эң узун буттун ээси аталды. Ал төрөлгөндө боюнун узундугу 48 сантиметр болсо, 17 жашында 208 сантиметрге жеткен. Кыз рекордду буттарынын узундугу менен багындырды. Ченей келгенде, сол бутунун узундугу 135 сантиметрди оң аягы 134 сантиметрди түздү. Рекордсменканын айтымында, мындай узун мүчө… Кененирээк…

Ысык-Көл облусундагы “Каркыра — унаа жолу” көзөмөл өткөрүү түйүнү кадимки режимде иштеп жатат

Ысык-Көл облусундагы “Каркыра — унаа жолу” көзөмөл өткөрүү түйүнү кадимки режимде иштеп жатат. novosti.kgге чек ара кызматынан билдиришкендей, аймактын ыкчам штабынан түйүндү аба-ырайынын шарттарынан улам убактылуу жаап туруу сунушу берилди. Бул сунуш өкмөттө жана Чек ара кызматынын деңгээлинде каралышы керек. Кошумчаласак, “Каркыра” жайлоосуна бийиктиги 15… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги штаттык режимде ишин улантууда

Билим берүү министрлиги штаттык режимде ишин улантууда. Ведомство өлкөдөгү кырдаалга карабай, билим берүү мекемелеринде аралыктан окутууга мониторинг жүргүзүлүп жатат. Иштер бардык санитардык нормаларды сактоо менен аткарылууда. Белгилеп кетсек, учурда мектептердеги бардык класстын окуучуларына билим берүү аралыктан жүргүзүлүп жатат.

Бишкекте банктар каржы абалына байкоо жүргүзүүдө

Бишкекте банктар каржы абалына байкоо жүргүзүүдө. Бул тууралуу “Акчабар” порталына банктар кеңешинин президенти Анвар Абдраев билдирди. Анын айтымында, мурдагыдай абалга кайтуу менен айрым банкоматтар бүгүнтөн тартып ишин жандандырат. Белгилеп кетсек, каршылык акциялардын алкагында бардык банкоматтар өчүрүлүп, алардагы накталай акча алынган. Абдраев белгилегендей, калктын акчага жеткиликтүүлүгү… Кененирээк…