Бишкекте жылуулук эртеңден тартып берилет

Бишкекте жылуулук эртеңден тартып берилет. Тиешелүү буйрукка вице-мэр Алмаз Бакетаев кол койду. Ордо калаа ЖЭБине, Бишкек жылуулук тармактары жана жылуулук энерго ишканаларына жабдууларды ишке киргизүү тапшырмасы берилди. Салтка айлангандай, жылуулук алгач ооруканаларга, мектептерге жана бала бакчаларга берилет. Андан кийин батирлерге жеткиликтүү болот.

Токмок шаарындагы оорукана пайдаланууга берилди

Токмок шаарындагы оорукана пайдаланууга берилди. Курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, долбоордук кубаттуулугу 216 орунга чакталат. Имараттын эски чатыры, электр тутумдары алмаштырылып, ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүргүзүлдү. Жаңы эшик, терезелер орнотулуп, желдетүү жана жылытуу системалары, өрт өчүрүүчү сигнализациясы калыбына келтирилди. Медициналык мекеме керектүү жабдуулар менен… Кененирээк…

Элдик кошуун ордо калаадагы коопсуздукту өлкөдө абал турукташканга чейин көзөмөлдөйт

Элдик кошуун ордо калаадагы коопсуздукту өлкөдө абал турукташканга чейин көзөмөлдөйт. Бул тууралуу бирикменин төрагасынын орун басары Тариэл Искаков билдирет. Анын айтымында, коомдук коопсуздукту сактоого жардам көрсөтүү максатында кошулган жарандарды н саны көбөйүп, учурда бирикмеде 10 миңден ашык адам бар. Орун басар белгилегендей, башаламандык катталган түндөрдө… Кененирээк…

Жалал-Абадда ден соолукту калыбына келтирүү борборунда кошумча жугуштуу оорулар бөлүмү ачылат

Жалал-Абадда ден соолукту калыбына келтирүү борборунда кошумча жугуштуу оорулар бөлүмү ачылат. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, медициналык мекеме 100 орундуу болот. Эски имаратты калыбына келтирүү иштерине 650 миң сом сарпталды. Каражат өкүлчүлүктүн резервдик фондунан бөлүндү. Андан тышкары, 1 миллион сомдон ашык каражатка медициналык жабдуулар сатып алынды.

Жалал-Абад облусунда бир катар күндүзгү стационарлар ишин жандантты

Жалал-Абад облусунда бир катар күндүзгү стационарлар ишин жандантты. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы өкмөттүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедовго таянуу менен билдирет. Анын айтымында, адамдардын топтолушунан улам эпидемиологиялык абал начарлап кетиши ыктымал. Андыктан, жергиликтүү мекемелер бейтаптарды кабыл алууга даяр болушу керек.

Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрү иштеп баштады

Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрү иштеп баштады. Novosti.kgге ведомстводон билдиришкендей, кеп, калкты тейлөө борборлору, ЗАГС, унаа ишканасы жана архивдер тууралуу болуп жатат. Банк төлөмдөрүнө байланыштуу процедуралар бүгүн саат 3кө чейин жеткиликтүү болду. Ал эми башкалар боюнча калкка кызмат көрсөтүүлөр тоскоолдуксуз жүргүзүлөт. Эске салсак, буга чейин жогоруда… Кененирээк…

Кыргызстанда пенсиялар өз убагында төлөнөт

Кыргызстанда пенсиялар өз убагында төлөнөт. Novosti.kgге Социалдык фонддон билдиришкендей, пенсионерлерге төлөмдөр, болжолдуу түрдө келаткан дүйшөмбүдөн тартып берилип баштайт. Ведомстводон белгилешкендей, ушул айдан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүмү жогорулайт. Учурда кайра эсептөө иштери толук аяктады. Орточо эсеп менен акча 397 сомго көбөйүп, 6 миң 61… Кененирээк…

Кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлерине төлөмдөр берилет, бирок кечигүү менен

Кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлерине төлөмдөр берилет, бирок кечигүү менен. Бул тууралуу 24 агенттигине Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунан билдиришти. Буга чейин Бишкекте түнкү башаламандыктарда фонддун имараты талап-тоноого учурады деген маалымат тараган. Ведомстводон белгилешкендей, бир катар компьютердин жок болгону системанын иштешине таасир этпейт. Бүт чогулган маалыматтар… Кененирээк…

Бишкектеги башаламандыкта 5 медицина кызматкери жабыркады

Бишкектеги башаламандыкта 5 медицина кызматкери жабыркады. Ошондой эле, 6 тез жардам унаасы талкаланды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирет. Ведомство башчысы кызматкерлерге жана техникалардын жабыр тартканына тынчсызданууда, ошондой эле ал саламаттыкты сактоо кызматкерлерин саясатка аралаштырбоого чакырат. Министрликтин негизги миссиясы бул – бардык тармакка… Кененирээк…

Бишкек мэриясы бүгүнтөн тартып жылуулук берүү маселесин карап жатат

Бишкек мэриясы бүгүнтөн тартып жылуулук берүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин Твиттер баракчасына жарыяланды. Ушул жылы пандемияга байланыштуу, калаа тургундары үшүп, суук тийип калбашы маанилүү. Андыктан, шаар бийлиги жылуулук берүүнү стандарттуу процедурадан тышкары баштоо ниетинде. Негизинен, 5 күн катары менен абанын табы +8 градустан… Кененирээк…