Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 12-октябрдан тартып жылуулук бериле баштайт

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 12-октябрдан тартып жылуулук бериле баштайт. Мэриядан билдиришкендей, келаткан дүйшөмбүдөн тартып алгач мамлекеттик мекемелерге жылуулук бериле баштайт. Алардын катарында мектептер да бар. Муниципалитеттен белгилешкендей, пандемияга байланыштуу жылуулук үчүн төлөмдүн баасы төмөндөтүлдү.

БШК форма №2ни колдонууну татаалдаштырууну карап жатат

БШК форма №2ни колдонууну татаалдаштырууну карап жатат. Чечимдин текстин БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Facebook баракчасына жарыялады. Анын айтымында, сунушта добуш берүү дарегин бир гана жолу өзгөртүү, бир облустун ичинен алмаштырууга тыюу салуу жана арыздарды шайлоого 30 күн калганга чейин жыйынтыктоо каралды. Эске салсак, 4-октябрда өткөн… Кененирээк…

Бишкекке өзгөчө абал режими киргизилет

Бишкекке өзгөчө абал режими киргизилет. Тиешелүү буйрукка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу өлкө башчы аппаратынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, өзгөчө тартип бүгүн саат кечки 8ден тартып, 21-октябрга чейин созулат. Комендант болуп Алмаз Орозалиев дайындалды.

Бүгүн 10 миңден ашык элдик кошуундун мүчөлөрү Бишкекте коопсуздукту камсыздайт

Бүгүн 10 миңден ашык элдик кошуундун мүчөлөрү Бишкекте коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу вице-мэр Азиз Алымкулов билдирет. Анын айтымында, аталган бирикме милиция менен биргеликте иштеп жатат. Өзгөчө көңүл калаадагы жашоо-турмушту камсыздоочу стратегиялык объектилерге бөлүнөт. Белгилеп кетсек, мародерлук жана башаламандыктарды алдын алуу максатында “Коопсуз шаардын” камераларынан маалыматтар… Кененирээк…

Тынчтык митинги учурунда башаламандык жараткандар жазаланып, узак мөөнөткө камалат

Тынчтык митинги учурунда башаламандык жараткандар жазаланып, узак мөөнөткө камалат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, кайсы бир күчтөр өзүнүн саясий максаттарын ишке ашыруу үчүн курал колдонуу менен массалык башаламандык уюштурууга аракет жасап жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Буга байланыштуу комитет жана ички иштер министрлигинин ички курамы… Кененирээк…

Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев кызматынан бошотулду

Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Анын ордуна Таалайбек Өмүралиев дайындалды. Эске салсак, буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев кызматтан четтетилген.

Бишкектеги башаламандыктарда болжолдуу түрдө келтирилген чыгымдардын көлөмү 17 миллион сомду түздү

Бишкектеги башаламандыктарда болжолдуу түрдө келтирилген чыгымдардын көлөмү 17 миллион сомду түздү. Алдын ала маалымат боюнча, мэриянын сервердик жабдуулары, эшик жана камералар жарактан чыккан. Ошондой эле 12 автобус, милициянын кайгуул кызматынын 16 машинеси жана тез жардам кызматынын 7 унаасы талкаланды. Андан тышкары, Ала-Тоо аянтындагы 4 миллион… Кененирээк…

5-октябрдагы окуядан жабыркаган адамдардын саны 1 миңден ашты

5-октябрдагы окуядан жабыркаган адамдардын саны 1 миңден ашты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам маалыматы боюнча, 1 миң 218 адам медициналык жардам сурап кайрылды. Учурда ооруканаларда 228 бейтап дарыланууда. Алардан бирөө жандандыруу бөлүмүндө. Ведомстводон белгилешкендей, тагыраак маалымат дагы берилет.

Боршайком 6-ноябрга чейин парламенттик шайлоонун мөөнөтүн белгилейт

Боршайком 6-ноябрга чейин парламенттик шайлоонун мөөнөтүн белгилейт. Мындай чечим 4-октябрда өткөн добуш берүү негизсиз деп табылгандан кийин кабыл алынды. Белгилеп кетсек, шайлоо негизсиз деп табылса, мыйзам боюнча кайрадан өткөрүлүшү керек. БШК анын убактысын бир айдын ичинде бекитет. Тиешелүү шайлоо комиссиялар тарабынан өткөрүлөт.

Бишкекте №6 шаардык клиникалык  оорукана ачылды

Бишкекте №6шаардык клиникалык  оорукана ачылды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, медициналык мекеме терапиялык, кардиологиялык, неврологиялык оорулууларды кабыл алууда. Эгер вирус күчөп кетсе COVID-19 жуккандарды да кабыл алат. Эске салсак, августтун аягында аталган оорукана оңдоп-түзөө иштерине жабылган. Бирок, каражаттын жетишсиздигинен ремонт кийинки жылга жылдырылды.