Сицилияда өзгөчө мыйзам кабыл алынды

Сицилияда өзгөчө мыйзам кабыл алынды. Ага ылайык, айдын биринчи жана үчүнчү жекшембисинде нан жабууга тыюу салынды.   Белгилеп кетүүчү нерсе, бул күндөрү дүкөндөрдө нан сатыла берет, болгону наабайканалар жаңысын жаппашы керек.   Болбосо, 400 евро айып салынат. Эрежелер Сицилияда жекшембиде нан аз сатылып, катып калган… Кененирээк…

Бишкекте күндүзгү стационарларды ачууга азырынча негиз жок

Бишкекте күндүзгү стационарларды ачууга азырынча негиз жок. Бул тууралуу ордо калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында, ооруканаларда орундар жетиштүү, бейтаптардын саны арбын эмес.   Белгилеп кетсек, эпидемиологиялык абал курчуп кеткен учурда ачылган стационарлар кайра жабылып, жабдуулар сактоочу жайга жеткирилген.

Ордо калаада 600 аз камсыздалган үй-бүлө отун менен камсыздалды

Ордо калаада 600 аз камсыздалган үй-бүлө отун менен камсыздалды. “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык линиясы менен аларга 1 ми 300 кубометр отун тапшырылган.   Андан тышкары, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы көмүр сатып алууга каражат бөлүп берди. Бул максатта 19,9 миллион сом каралган. Бул суммага    3 миң 469… Кененирээк…

Бишкекте спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды

Бишкекте спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу ордо калаа коменданты Алмаз Орозалиев жарыялады. Ал белгилегендей, чектөөлөр кечки саат 6дан кийин күчүнө кирет.   Салык органдарына, муниципалдык бөлүмдөргө тыюунун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Бишкектиктердин жылуулук үчүн карызы миллиондоп саналат

Бишкектиктердин жылуулук үчүн карызы миллиондоп саналат. Мэриянын маалыматына ылайык, учурга карата керектөөчүлөрдүн бересеси 4 миллион сомдон ашат. Муниципалитет шаар тургундарына кайрылып, жылуулук сезонун ийгиликтүү өткөрүү үчүн карыздарды жабуу керектигин эскертти.   Эске салсак, ордо калаада жылуулук сезону 9-октябрда старт алды.

Түндүк-түштүк альтернативалык жана Бишкек-Кара-Балта жолдорунда курулуш иштери уланууда

Түндүк-түштүк альтернативалык жана Бишкек-Кара-Балта жолдорунда курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин сайтында жарыяланды.   Ведомство маалыматына ылайык, аткаруучу компаниялар асфальт катмарын төшөп, башка зарыл иштерди жасап жатат. Күтүлгөндөй, курулуш сезону ноябрга чейин созулат. Бардыгы респблика аймагындагы жаан-чачындын көлөмүнөн көз каранды болот.

Боршайком шайлоо тилкесинин дарегин алмаштырууда колдонула турчу №2 формасын колдонуу эрежелерин күчөтүү ниетинде

Боршайком шайлоо тилкесинин дарегин алмаштырууда колдонула турчу №2 формасын колдонуу эрежелерин күчөтүү ниетинде.   БШКдан билдиришкендей, бир облустун ичинде даректи алмаштырууга жана добуш берүүгө 30 күн калганда арыздарды кабыл алууга тыюу салуу сунушталды.   Эске салсак, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоолордо 400 минден ашык кыргызстандык форма… Кененирээк…

Франциянын Гренобль шаары 2022-жылы Европанын Жашыл борбору деп табылды

Франциянын Гренобль шаары 2022-жылы Европанын Жашыл борбору деп табылды. Тиешелүү чечимди Европалык комиссия кабыл алды. Ага ылайык, Гренобль сынакта Таллин, Дижон жана Турин шаарларын артта калтырды.   Жашыл борбор аталыш үчүн 18 калаа талапкер болду. Жеңүүчүнү аныктоодо шардагы экологиялык транспорттун түрлөрүн киргизүү, парковкаларды кеңейтүү, эс… Кененирээк…

Кыргызстанда жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуу жанданды

  Кыргызстанда жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуу жанданды. Жогрку кеңешке шайлоолорго байланыштуу, биометрика чогултуу 20-сентябрда токтотулган.   Белгилеп кетсек, маалымат тапшыруу акысыз жана калкты тейлөө борборлорунда, ЗАГСтарда жүргүзүлөт. Жарандардын жанында ID-карта же жалпы жарандык паспорту болушу керек. Эске салсак, мыйзамга ылайык, Кыргызстанда биометрикалык маалыматын тапшырган жарандар… Кененирээк…

Кара-Кече көмүр кенине карай салынган убактылуу жол коопсуздук чараларына жооп бербейт

Кара-Кече көмүр кенине карай салынган убактылуу жол коопсуздук чараларына жооп бербейт. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башчысы Канатбек Ашырбаев билдирди.   Ал белгилегендей, анда унаа кыймылы үчүн кооптуу тилкелер бар. Өзгөчө кышкысын бул чукул окуяларга алып келиши мүмкүн. Ал эми кенде абал туруктуу. Көмүр казуу… Кененирээк…