Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү бекитүү жөнүндө токтомду парламентке кайтарды

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү түзүмү менен курамын аныктоо, программасын бекитүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомун артка кайтарды. Президенттик аппараттын маалыматына караганда, Жогорку Кеңештин токтомунун көчүрмөсү аппаратка 12-октябрда келип түшкөн. Конституциянын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, президент Жогорку Кеңештин токтомун үч күндүн ичинде карап, премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоо… Кененирээк…

Дубайда заманбап архитектуралык стилдеги мечит ачылды

Дубайда заманбап архитектуралык стилдеги мечит ачылды. Маалыматка ылайык, куб формасындагы мечит 500 адамга ылайыкташкан. Жалпы аянты 15 миң чарчы метрди түзгөн мечит күнү-түнү иштейт.   Анда намазга келген ар бир адам “Al Hosn” тиркемесин смартфонго жүктөп алышы керек. Куранды электрондук нускасында гана окууга болот. Кире… Кененирээк…

Кыргызстанда жаңы ооруканалар дээрлик 69 миллион сомго медициналык жабдуулар менен камсыздалат

Кыргызстанда жаңы ооруканалар дээрлик 69 миллион сомго медициналык жабдуулар менен камсыздалат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, дарылоочу жайларда керебеттер, рентнген-аппараттар, стационардык мониторлор жана узи-аппараттар орнотулат. Аларды жеткирүү боюнча келишим 9 компания менен жетишилди.   Айрымдары ушул жумада алынып келинет. Эске салсак, жалпысынан өлкөдө 3 жаңы… Кененирээк…

Сооронбай Жээнбеков жаңы премьер-министрдин кызматка легитимдүү бекитилишине күмөн санады

Сооронбай Жээнбеков жаңы премьер-министрдин кызматка легитимдүү бекитилишине күмөн санады.   Бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров менен жолугуп, Жогорку Кеңештин токтому боюнча өз позициясын билдирди.   Президент белгилегендей, өлкөдө туруктуулукту сактоо үчүн бардык чечимдер мыйзам түрүндө гана жасалып, күмөн салдырбашы керек. Өлкө башчынын басма-сөз кызматынан билдиришкендей,… Кененирээк…

Apple бүгүн жаңы продукциясын тартуулайт

Apple бүгүн жаңы продукциясын тартуулайт. ММКлар билдиришкендей, iPhone 12, 12 Pro,  12 Pro Max көрсөтүлөт. Быйыл биринчи жолу компания iPhone 12 Mini смартфонун чыгарат. Ал адаттагы айфондордон көлөмү кичирээк, бирок SE үлгүсүнөн бир аз чоңураак болот.   Ал сатыкка 13-ноябрда чыгарылса, калган смартфондор 23-октябрда жеткиликтүү… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында эртең электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында эртең электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Красный Строитель, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Алтын-Ордо конуштарында, Москва, Абдрахманов, Баялинов, Тыныстанов, Орозбеков, Күрөнкеев көчөлөрүндө, Чыгыш-5 кичи районунда жок болот. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкектин дүкөндөрүндө өзгөчө абал режими аяктаганга чейин алкоголдук продукция сатылбайт

  Бишкектин дүкөндөрүндө өзгөчө абал режими аяктаганга чейин алкоголдук продукция сатылбайт. Чектөө кечки саат 6дан, таңкы 5ке чейин күчүндө болот, — деди ордо калаа коменданты Алмазбек Орозалиев.   Анын айтымында, мындай чечим башаламандыктар көп болуп, шаар тургундарынын көптөгөн арыздарынан улам кабыл алынды.

Кыргызстанда мектептерди аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша ачуу сунушталды

Кыргызстанда мектептерди аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша ачуу сунушталды. Билим берүү министри Каныбек Исаков белгилегендей, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын уруксааты менен мектептерди  ачуу пландалып жатат.   Окуу жайлар санэпидем көзөмөлдүн тыкыр көзөмөлүндө болушу керек. Андан тышкары, окуучулар арасында социалдык аралык жана башка санитардык коопсуздук эрежелер сакталышы… Кененирээк…

Forbes басылмасы КМШ мамлекеттериндеги  Tiktok  аркылуу эң көп киреше тапкан колдонуучуларды атады

Forbes басылмасы КМШ мамлекеттериндеги  Tiktok  аркылуу эң көп киреше тапкан колдонуучуларды атады.  Биринчи орунду 22 жаштагы өзбекстандык Рахим Абрамов ээледи.   Тиктокердин кирешеси 10 миллион 470 миң рубль. 2-орунда  21 жаштагы тажикстандык Дина Саева,  анын Тиктоктон тапкан кирешеси    4 миллион 93 миң рублду түзөт.   Ал эми… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында менчик бала бакчалардын санитардык, гигиеналык абалы текшерилип жатат

Жалал-Абад шаарында менчик бала бакчалардын санитардык, гигиеналык абалы текшерилип жатат. Аталган калаа мэриясынан билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдардын саламаттыгына кам көрүү, вирустарды алдын алуу максатында иштей турган атайн комиссия түзүлгөн.   Ал шаардагы 15 менчик бала бакчаны текшерет.   Эске салсак, Жалал-Абадда менчик… Кененирээк…