Бишкектин Токтогул көчөсүндө жылуулук тармактарын оңдоо башталды

Бишкектин Токтогул көчөсүндө жылуулук тармактарын оңдоо башталды. Мэриянын маалыматына ылайы, иштер анын Логвиненко-Тоголок Молдо көчөлөрүн камтыган тилкесинде жүрүп жатат.   Кайра калыбына келтирүү жумуштары 3-ноябрга чейин созулат. Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.

Өкмөттүн курамы бир-эки айдын ичинде кайра каралышы мүмкүн

Өкмөттүн курамы бир-эки айдын ичинде кайра каралышы мүмкүн.   Бул тууралуу премьер-министр Садыр Жапаров жарыялады. Жаңы дайындалган өкмөт башчы белгилегендей, бүгүн тартууланган өкмөттүн жаңы курамы шашылыш түзүлүп калды, андыктан, кийинчирек шашпай, ар бир ведомствого туура келген талапкерлер тандалып, зарыл болсо, ондоолор киргизилет.   Бийликтин башкы… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда инфекциялык оорукананын курулушу уланууда

Ысык-Көл облусунда инфекциялык оорукананын курулушу уланууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Медициналык жайдын биринчи, экинчи блокторунда иштер аткарылып, аларда бейтаптар дарыланып жатат.   Ал эми үчүнчү блоктогу жумуштар жакынкы арада аяктап, ал дагы колдонууга берилет. Оорукана 60 орундуу болсо, анын ону кайра жандандыруу бөлүмү болот.

Президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду премьер-министр кылып дайындоо жарлыгына кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду премьер-министр кылып дайындоо жарлыгына кол койду. Ошондой эле, өкмөттүн жаңы курамы бекитилди. Жогорку Кеңештин бул жыйынында бардык процедуралар аткарылды. Ага 83 депутат катышып, дагы сегизи добуш берүү үчүн ишенимин өткөрүп берген.   биринчи вице-премьер-министр — Артем Новиков; вице-премьер-министр — Равшан Сабиров;… Кененирээк…

Ошто 2 күнгө газ өчүрүлөт

Ошто 2 күнгө газ өчүрүлөт.   “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, түштүк калаада 16-17-октябрда көгүлтүр от жок болот. Убактылуу чектөөлөр магистралдык тармактардагы оңдоо иштерине байланыштуу.

Коронавирус күчөгөндүктөн, “118” ыкчам байланыш кызматы кайрадан ишке кирди

Коронавирус күчөгөндүктөн, “118” ыкчам байланыш кызматы кайрадан ишке кирди. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, аталган түз байланыш номуру кечээтен тарта иштеп жатат.   Ага кайрылгандарга адистер коронавирусту алдын алуу, андан дарылануу жолдору тууралуу медициналык кеп-кеңеш беришет. Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 1 миң 960 бейтап стационарда,… Кененирээк…

Баткен районунда 1-класстын окуучулары 15-октябрдан тарта салттуу форматта окуп баштайт

Баткен районунда 1-класстын окуучулары 15-октябрдан тарта салттуу форматта окуп баштайт. Бул тууралуу аймактын администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондо жалпысынан 53 мектеп бар, алардагы биринчи класстын окуучуларынын саны 2 миң 227ни түзөт.   Учурга карата мектептер балдарды кабыл алууга даярдалып, дезинфекция иштери аткарылууда.   Эске салсак,… Кененирээк…

Miso Robotics компаниясы тамактын 19 түрүн мыкты даярдай алган робот тартуулады

Miso Robotics компаниясы тамактын 19 түрүн мыкты даярдай алган робот тартуулады. Эми Flippy роботу ресторан ашканасындагы кызматкерлердин дээрлик жарымын алмаштыра алат.   Ал саатына 150 котлет жасоого ылайыкташкан. Роботтун баасы  30 миң доллар. Бирок программалык камсыздоосу сатылбайт, ал үчүн компанияга ай сайын 1,5 миң доллар… Кененирээк…

Караколдо жылуулук сезону башталды

Караколдо жылуулук сезону башталды. Бул тууралуу “Жылуулук” муниципалдык ишканасынын башчысы Камчы Токбаев билдирди. Анын айтымында, быйыл 60 жаңы керектөөчү борбордук системага кошулду.   Алар Кашка-Суу кичи районунун тургундары. Учурда Восход, Геолог, Кашка-Суу кичи райондорунун тургундары жылуулукка кезекте турушат. Ишканада көмүрдүн запасы жетиштүү.

Ош облусунда милициянын көчмө түйүндөрү иштеп жатат

Ош облусунда милициянын көчмө түйүндөрү иштеп жатат. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, райондук администрация башчылары менен иш тартиби түзүлүп, андан кийин мобилдик бригадалар айылдарды кыдырып, жарандардан азырдарды кабыл алууда.   Милициянын көчмө түйүндөрү учурга карата Кара-Суу, Кара-Кулжа, Араван, Чоң-Алай, Өзгөн жана Ноокат райондорунда иштеди. Жарандардан… Кененирээк…