Жалал-Абад шаарынын мечиттеринде жума намазын окууга тыюу салынды

Жалал-Абад шаарынын мечиттеринде жума намазын окууга тыюу салынды. Мэриядан билдиришкендей, бул коронавирус күчөп жатканына байланыштуу. Шаардык штаб жарандардын бир жерде топтолуусуна дагы бөгөт койду.   Андан тышкары, Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинде күндүзгү стационар ачылат.

Бишкек коронавирустун экинчи толкунуна даярданууда

Бишкек коронавирустун экинчи толкунуна даярданууда. Ордо калаа ооруканаларында орун жетишсиз болсо, күндүзгү жана түнкү стационарлар ачылат, — дешти мэриядан. Учурда Бишкекте 20 стационар бар, алар 1 миң 173 бейтапка эсептелген. Медициналык жайдар тиешелүү кызматкерлер, жеке коргонуу каражаттары жана жабдуулар менен камсыздалган.   Ошондой эле, алар… Кененирээк…

Ордо калаада “Балалык” эс алуу багын куруу уланууда

Ордо калаада “Балалык” эс алуу багын куруу уланууда. Иштердин жүрүшү менен вице-мэр Уланбек Азыгалиев таанышты. Ал аткаруучу компаниянын шамчырактарды тротуарлардын ортосуна орнотуу чечимине нааразы болду.   Андыктан, чырактарды алып, аларды аллеянын четине гана орнотуу тапшырмасы берилди. Эске салсак, “Балалык” эс алуу багы Түштүк дарбазанын жанында… Кененирээк…

Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, 18-октябрда анын Манас-Исанов тилкесинде жолдогу кемчиликтерди жоюу иштери аткарылат.   Ошондой эле, бул күнү №11 троллейбустун каттамы өзгөртүлөт. Тыгындарды алдын алуу максатында, айдоочуларга аталган тилкени айланып өтүү алуу сунушталат.

Бишкек-Ош унаа жолунда чектөөлөр киргизилди

Бишкек-Ош унаа жолунда автобус жана маршруттук таксилер менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.   Чектөө бүгүн киргизилип, кийинки жылдын 1-майына чейин күчүндө болот. Ведомстводон белгилешкендей, мындай чара жыл сайын жол кырсыктарынын санын азайтуу үчүн кабыл алынат.

Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы болуп дайындалды

Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.   Ошондой эле, Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчиси болуп Бекбосун Апсатаров дайындалса, анын орун басарлыгына Рустам Мамасадыков келди.

Apple айрым смартфондорун чыгарууну токтотту

Apple айрым смартфондорун чыгарууну токтотту. Кеп, iPhone XR жана 11 Pro тууралуу болуп жатат. Компаниядан белгилешкендей, аталган үлгүлөр жаңы смартфондорго мүнөздөмөсүнөн төмөн турат. Андан тышкары, жаңы тартууланган телефондордун сатууларын жогорулатуу керек.   Эске салсак, 15-октябрда Apple iPhone 12, 12 Pro жана SE үлгүсүндөгү смартфондорун тартуулады.… Кененирээк…

Кореяда ичүүгө мүмкүн болгон антисептик популярдуу болууда

Кореяда ичүүгө мүмкүн болгон антисептик популярдуу болууда. Санитайзер бир нече жыл мурда эле чыгарылган, бирок пандемия маалында гана суроо-талапка ээ болуп жатат.   Өндүрүүчүлөр ишендиргендей, антисептик 10 секунд ичинде бардык бактерияларды жок кыла алат. Ошондой эле аны көзгө дары катары тамызып, ичип да койсо болот.… Кененирээк…

Өкмөт ишкерлерге туруктуу иш убадалады

Өкмөт ишкерлерге туруктуу иш убадалады. Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдиргендей, өлкө укуктук нормаларга кайтып келүүдө. Бул инвестор жана ишкерлерге ишти, сүйлөшүүлөрдү жандантуу керек экенинен кабар берет.   Чиновник белгилегендей, өкмөт өлкөдө туруктуулук орноп, экономикалык рынокко укуктар жана кепилдиктер берилиши үчүн бүт аракетин жумшап жатат.

Кыргызстанда доллар курсу жакынкы күндөрү турукташат

Кыргызстанда доллар курсу жакынкы күндөрү турукташат. Буга Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов ишендирүүдө. Анын айтымында, америкалык валютанын кунунун кескин кымбатташына бир нече себептер бар.   Алсак, өлкөдө банк системасы бир нече күн иштеген жок, жыйынтыгында азык-түлүк, күйүүчү-май жана импорт үчүн төлөмдөр кармалып калды. Ошондой эле,… Кененирээк…