Жалал-Абад шаарында той-аштарга көзөмөл күчөтүлдү

Жалал-Абад шаарында той-аштарга көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул багытта түнкү рейд өтүп, калаадагы 17 кафе-ресторандарга кыдыруу жүрдү.   «Алардын ичинен беш жайда сырткы жарыктандырууларын өчүрүп, жашыруун той өткөрүп жаткандары маалым болду. Ага шаар мэринин убактылуу милдетин аткаруучусу Нуртилек… Кененирээк…

АКШ менен Европада коронавирус жугузгандар көбөйүүдө

АКШнын бардык штаттарында коронавирус жугузгандар көбөйүүдө. Саламаттык сактоо эксперттери мунун себебин так айта албаганы менен кайсы бир деңгээлде элдин эрежелерди анча сактабай калганы, окуучулардын, студенттердин мектеп, коллеждерге кайтышы менен байланыштырууда.   Пандемия башталгандан бери Кошмо Штаттарда өпкөнү сезгенткен вирустан 217 миңден көп киши каза болду.… Кененирээк…

Жээнбековго экс-президент деген расмий макам ыйгарылды

Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген расмий макам берилди жана анда бул макамга ылайык бардык ченемдер сакталат. Бул тууралуу 16-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.   Мекеменин маалыматына караганда, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров экс-президент Сооронбай Жээнбеков жөнүндөгү жарлыкка кол койду: «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин… Кененирээк…

Ташкентте коомдук транспортто колкап кийүү милдеттендирилет

19-октябрдан баштап Ташкентте коомдук транспортто жана таксиде жүргөндөргө беткаптан тышкары колкап кийүү да милдеттендирилет. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлиги маалымат таратып, эпидемиологиялык кырдаалдан улам ушундай эрежелер кирип жатканын билдирди. Анын аткарылышын укук-тартип органдары көзөмөлгө алат.   Фергана облустук Ички иштер башкармалыгы көчөдө беткап кийбей жүргөндөрдү… Кененирээк…

Ошто газ берүү жанданды

Ошто газ берүү жанданды. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, бардык керектөөчүлөргө көгүлтүр от берилди. Эске салсак, кечээ түштүк калаада 1 күнгө газ өчүрүлдү.   Убактылуу чектөөлөр магистралдык түтүктөрдөгү оңдоо иштерине байланыштуу.

Бишкекте күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда

Бишкекте күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда. Ордо калаа вице-мэри Виктория Мозгачева медициналык жайларды текшерип, алардын бейтаптарды кабыл алуу даярдыгы менен таанышты.   Мэриядан белгилешкендей, бардык стационарларга керебеттер, медициналык жабдуулар, жеке коргонуучу каражаттар жеткирилди. Кычкылтек концентраторлорунун саны дагы жетиштүү, — дешти мэриядан.

Нарын шаарындагы инфекциялык оорукананын курулушу 70 пайызга аяктады

Нарын шаарындагы инфекциялык оорукананын курулушу 70 пайызга аяктады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, медициналык жайга жабдуулар жеткирилип баштады, учурда алар сактоочу жайларда.   Курулушта 70ке жакын жумушчу иштеп жатат. Алар сырткы жасалгалоо иштерин аткарууда. Андан кийин ички жасалгалоо башталат. Объект 10-ноябрга чейин колдонууга берилет деп… Кененирээк…

Кыргызстанда аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдарына документтер акысыз берилет

Кыргызстанда аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдарына документтер акысыз берилет.   Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 9 айдын жыйынтыгы менен ЗАГС бөлүмдөрүнөн мындай 383 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк тапшырылды.   Белгилеп кетсек, жыл башынан бери “балага сүйүнчү” бир жолку жөлөк пул алууга 108 миң… Кененирээк…