Кыргызстандыктар ноябрда 4 күн катары менен эс алат

Кыргызстандыктар ноябрда 4 күн катары менен эс алат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Быйыл бул күндөр ишемби жана жекшембиге туура келгендиктен дем алыш күндөр дүйшөмбү жана шейшембиге тагыраагы, 9 жана 10-ноябрга жылдырылат. Мындан улам 7,8,9 жана 10-ноябрда… Кененирээк…

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси болуп Кадыржан Семетеев дайындалды

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси болуп Кадыржан Семетеев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ошондой эле президенттик аппараттын жетекчиси кызматына Сүйүнбек Касмамбетов бекитилди. Тиешелүү буйруктарга премьер-министр кол койду.

Бишкекте 11 стационар КОВИД-19га кабылган жарандарды кабыл алууда

Бишкекте 11 стационар КОВИД-19га кабылган жарандарды кабыл алууда. Республикалык штабдан билдиришкендей, медициналык мекемелерде жалпысынан 561 орун даярдалды. Анда кайрылган жарандарга медициналык жардам көрсөтүлөт. Белгилеп кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкө боюнча стационарлардын картасын жарыялады. Картада ооруканалардын даректери, байланыш номерлери, бош жана бош эмес орундардын саны көрсөтүлгөн

Post Malone жылдын мыкты музыканты деп табылды

Америкалык ырчы жана рэпер Post Malone Billboard Music Awards версиясы боюнча жылдын мыкты музыканты деп табылды. 25 жаштагы 5 категория боюнча наамдарды жеңип алды. Ал эми айымдар арасында мыкты деп Билли Айлиш табылды. Ал ошондой эле “Жаңы мыкты аткаруучу” наамына ээ болду.

Республика боюнча жол кыймылын көзөмөлдөөчү күчөтүлгөн рейд башталды

Республика боюнча жол кыймылын көзөмөлдөөчү күчөтүлгөн рейд башталды. Бул тууралуу novosti.kgге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, өлкөдө катталган кырдаалга байланыштуу, аймактарда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Анда унаалардын мамлекеттик номуру бар же жогу, айдоочунун тиешелүү документтерине жана… Кененирээк…

Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды төлөгөндөргө туум жана санкциялары эсептен чыгат

Мамлекеттик салык кызматы салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды төлөгөндөргө туум жана санкцияларды эсептен чыгарат. Кийинки жылдын 1-июлуна чейин карыздын негизги суммасын төлөгөн жарандардын туумдары жана айыптары 100 пайыз эсептен чыгарылат. Ал эми 2021-жылдын 31-декабрына чейин карызын төлөгөндөргө 50 пайыздык акция каралды. Мындай өнөктүк салык… Кененирээк…

Ала-Бука районундагы алтын кен ишканасынын имаратында өрт чыкты

Ала-Бука районундагы алтын кен ишканасынын имаратында өрт чыкты. novosti.kgге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жеринде аймактык 2 бөлүмдүн кызматкерлери жана оор техникалары иштеп жатат. Тилсиз жоо эмне себептен келип чыкканы белгисиз. Учурда тактоо иштери жүрүүдө. Алдын ала маалымат боюнча өрттөн каза тапкан адамдар катталган жок.

Ноябрда аба-ырайы кандай болору айтылды

Ноябрда аба-ырайы кандай болору айтылды. Кыргызгидрометтин күздүн акыркы айына карата божомолу боюнча, республиканын түндүгүндө эң жылуу күндөрү термометр мамычалары +18 градусту көрсөтсө, түнкүсүн +1ден 4кө чейин жогорулайт. Ал эми өлкөнүн түштүгүндө күндүз абанын табы +3төн 19га чейин жогорулап, түнкүсүн, -3төн +2ге чейин жетет. Жаан-чачындын көлөмү… Кененирээк…

Баткен шаарында текстиль фабрикасынын курулушу уланууда

Баткен шаарында текстиль фабрикасынын курулушу уланууда. Калаа мэри Мамыржан Рахимов билдиргендей, фабрика 2,5 гектар жерге салынып жатат. Долбоордун жалпы сметалык баасы 6 миллион доллар. Декабрь айына чейин сырткы жумуштары толугу менен аяктайт.  Курулушка керектүү жабдуулар Европадан алынып келинет. Курулуш иштери 2021-жылы аяктайт.

Ууланган беткап таратуу боюнча маалымат чындыкка дал келбейт

Ууланган беткап таратуу боюнча маалымат чындыкка дал келбейт. Ички иштер министрлигинен эскертишкендей, такталбаган билдирүүлөр үчүн жарандар жоопкерчиликке тартылат. Белгилеп кетсек, WhatsApp мессенджеринде волонтерлер ууланган беткаптарды таратып, андан кийин жабыркаган адамдын үйүнө уурулукка кирет деген жалган маалыматтар тарап жатат. Мындай билдирүүлөр бизде гана эмес, Казакстан, Россия… Кененирээк…