Кыргызстанда балдарга ысым тандоодо ата-энелер арасыда популярдуулары аталды

Кыргызстанда балдарга ысым тандоодо ата-энелер арасыда популярдуулары аталды. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, 3 жыл катары менен эркек балдар арасында Умар, Алинур жана Мухамед ысымдары көп коюлду. Популярдуулардын катарында ошондой эле, Алихан, Али, Нурислам, Билал жана Амир бар. Ал эми кыздарга ата-энелер көбүнчө Раяна, Амина, Фатима,… Кененирээк…

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу уланууда

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу уланууда. Бул тууралуу novosti.kgге Маалыматтык технологиялар комитетинен билдиришти. Алдыда ордо калаанын 44 жерине камералардын орнотулушу күтүлүүдө. Учурда кытай тарап уруксат берчү документтерди алуу багытында иштеп жатат.

Унаа жана жолдор министрлиги кышкы сезонго даярданууда

Унаа жана жолдор министрлиги кышкы сезонго даярданууда. Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, ашуулардагы жана трассаларды карларды тазалоого тиешелүү техникалардын бары даяр. Жолдогу муздар үчүн себүүгө багыттала турчу инерттүү материалдар да толук көлөмдө камдалды. Министрликтен белгилешкендей, техникалар жана кызматкерлер кызматка даяр. Андыктан, кыш бою трассаларда кыймылга… Кененирээк…

Жыл аягына чейин 60 билим берүү объектиси пайдаланууга берилет

Жыл аягына чейин 60 билим берүү объектиси пайдаланууга берилет. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, кеп, мектептерге курулуп жаткан кошумча корпустар тууралуу болуп жатат. Айрымдарында капиталдык ремонт иштери жүрүп жатса, кээ бири жаңыдан курулууда. Долбоорлорго каражат мамлекеттик бюджеттен, Бирдиктүү депозиттик эсептен жана Сауд өнүктүрүү фонду… Кененирээк…

Ош облусунда бардык райондордун кире беришине карантиндик түйүндөр орнотулду

Ош облусунда бардык райондордун кире беришине карантиндик түйүндөр орнотулду. Андан өтүүдө жарандардын саламаттыгы текшерилет. Ошондой эле Араван жана Өзгөн райондоруна карантиндик чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу novosti.kgге Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Райондук штабдын чечими менен той-аш өткөрүүгө, мал, кийим-кече базарларына жана жума намазга барууга тыюу салынды.… Кененирээк…

Ошто муниципалдык унаа токтотуучу жайлар курулат

Ошто муниципалдык унаа токтотуучу жайлар курулат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, биринчи парковка Салиева көчөсүндө пайда болот. Учурда анда пайдаланууга жараксыз абалдагы гаражды түрттүрүү иштери жүрүп жатат. Белгилеп кетсек, мындан кийин калаанын башка райондорунда да муниципалдык унаа токтотуучу жайлар пайда болот.

Бишкектеги Лев Толстой көчөсү азырынча кыймылга ачыла элек

Бишкектеги Лев Толстой көчөсү азырынча кыймылга ачыла элек. Бул тууралуу novosti.kgге мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, курулуштун басымдуу бөлүгү аткарылды. Учурда акыркы этаптагы жумуштар жүрүп жатат. Жаңы жол менен айдоочулар качантан тартып жүрө баштаса болорун, калаа бийлиги расмий түрдө жарыялайт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин чиновниктери кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу боюнча фактысы иликтенүүдө

Саламаттыкты сактоо министрлигинин чиновниктери кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу боюнча фактысы иликтенүүдө. Кеп, министрлик тарабынан сатып алынган 13 тез жардам унаасы тууралуу болуп жатат, — дешти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан. Андан белгилешкендей, техникалар өзүнүн баасынан 1 миллион долларга кымбат сатып алынган. Кылмыш… Кененирээк…

Ош – Баткен – Исфана трассасынын курулушу уланууда

Ош – Баткен – Исфана трассасынын курулушу уланууда. novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иштер тилкенин 75-108-чакырым аралыгында жүрүп жатат. Учурда куруучу компания тарабынан жолго 26 чакырым алдыңкы жана 23 чакырым үстүңкү асфальт катмары төшөлдү. Андан тышкары, үнөмдөлгөн каражатка Бишкек – Нарын… Кененирээк…

Мектептерде сабактар экинчи чейректе кандай уланары айтыла элек

Мектептерде сабактар экинчи чейректе кандай уланары айтыла элек. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, ведомство Билим берүү министрлиги менен биргеликте эпидемиологиялык абалга жараша чечим чыгарат. Эске салсак, учурда окуучулар аралыктан билим алышууда. Бир катар райондордо 1-класстын окуучулары гана мектеп парталарга кайтып барышты.