Башкы прокурор кызматына Курманкул Зулушевдин талапкерлиги жактырылды

Башкы прокурор кызматына Курманкул Зулушевдин талапкерлиги жактырылды. Жашыруун добуш берүүнүн жүрүшүндө Зулушевдин талапкерлиги үчүн 84 депутат макул, 1 депутат каршы добуш берди. Эске салсак, буга чейин Өткүрбек Жамшитов кызматтан бошотулган.  

Парламент айыл чарба министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин жактырды

Парламент айыл чарба министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин жактырды. Анын талапкерлигин депутаттардын баары бир добуштан колдоп беришти. Тилек Токтогазиев 30 жашта. Шайлоодон кийинки башалмандык учурунда «Ала-Тоо» аянтында башына таш тийип, ооруканага түшкөн. Мурдагы министр Эркинбек Чодуев бүгүн, 21-октябрда, өз арызын жазып кызматтан кетти. Ал өлкөнүн… Кененирээк…

Баткен районунда 14 чакырымды түзгөн канал пайда болот

Баткен районунда 14 чакырымды түзгөн канал пайда болот. Аймактын администрациясынан билдиришкендей, долбоордун сметалык баасы 46 миллион сом. Учурда механикалык тазалоо иштери жүрүп жатат. Курулуш иштери кийинки жылы аяктайт. Жыйынтыгында 1 миң гектардан ашык жер сугат суу менен камсыздалат.

Кыргызстанда ымыркайларга коюлган сейрек ысымдар аталды

Кыргызстанда ымыркайларга коюлган сейрек ысымдар аталды. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, эркек балдарга Артыкалы, Жасулан, Жайсаң, Элал, Тенгис, Алистер Белек, Добрыня, Акбалбан, Лелин, Максемус аттары ыйгарылган. Ал эми кыздарына ата-энелер Доминика, Марсиана Нури, Девора, Николина, Атика, Айсенэм, Белек-Айым, Элтаазим, Акылыйман, Балкыял ысымдарын тандашкан.

«Манас» аэропорту штаттык режимде иштеп жатат

«Манас» аэропорту штаттык режимде иштеп жатат. Аба майдандын маалымат кызматынан билдиришкендей, аэропорттун иштебей жаткандыгы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. Учурда кызматкерлер иш ордунда жана өз милдеттерин аткарууда. Андыктан, жарандарга такталбаган маалыматтарга ишенбөө сунушталат.

Ош шаарында 22-октябрдан тартып жылуулук берилип баштайт

Ош шаарында 22-октябрдан тартып жылуулук берилип баштайт. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка мэр Таалайбек Сарыбашов кол койду. Андыктан, алдыңкы 4 күндүн ичинде шаар толук түрдө жылуулукка туташат. Эске салсак, буга чейин Ош шаарынын төрөт үйлөрүнө гана жылуулук берилген.

Бишкекте Ибраимов тилкесинин бир бөлүгү унаалар үчүн кыймылга ачылды

Бишкекте Ибраимов тилкесинин бир бөлүгү унаалар үчүн кыймылга ачылды. novosti.kgге “Бишкек асфальт сервис” ишканасынан билдиришкендей, тилкени калыбына келтирүү жумуштары аткарылып, жыйынтыкталды. Көчөнүн Жибек Жолу проспектисинен Күреңкеевге чейинки бөлүгүндө, тагыраагы 560 метр жердин асфальт катмары жаңыртылды.

Кайрадан өтө турган парламенттик шайлоого үгүттөө иштери 30-ноябрда башталат

Кайрадан өтө турган парламенттик шайлоого үгүттөө иштери 30-ноябрда башталат. Бул тууралуу novosti.kgге БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Үгүт кампаниясы 18-декабрга чейин созулат. 19-декабрда Тынчтык күнү болот. Эске салсак, 4-октябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы массалык башаламандык жана бир катар нааразычылыктын пайда болушуна алып келди. Андан улам шайлоонун… Кененирээк…

Эркинбек Чодуев айыл чарба министри кызматынан бошотулду

Эркинбек Чодуев айыл чарба министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты. Билдирмеге ылайык, аталган жарлыкка мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. Чодуев Айыл чарба министрлигин 2019-жылдын май айынан бери жетектеп келген.  

Айдоочуларга дөңгөлөктөрдү алмаштыруу сунушталат

Айдоочуларга дөңгөлөктөрдү алмаштыруу сунушталат. Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан эскертишкендей, тайгактыкты жана башка жол кырсыктарын алдын алуу максатында жайкы резиналарды кышкыга эртелеп алмаштыруу зарыл. Синоптиктер тастыкташкандай, эртеңден тартып, ордо калаада жана дээрлик бүт өлкө боюнча абанын температурасы төмөндөйт. Тоолуу райондордо кар аралаш жаан жаайт. Тоолорго… Кененирээк…