Парламент шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды

Парламент шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды. Аталган демилге кечээ парламентте биринчи окуудан өткөн. Бүгүн дароо экинчи жана үчүнчү окууда каралып, 84 депутаттын макулдугу менен колдоо тапты. Каршы добуш бергендер болгон жок. Эми парламенттик шайлоонун күрөөсү 5 миллион сомдон 1 миллион… Кененирээк…

Рим папасы Франциск бир жыныстагы адамдарга мыйзамдуу түрдө никеге турууга уруксат берүүнү сунуштады

Рим папасы Франциск бир жыныстагы адамдарга мыйзамдуу түрдө никеге турууга уруксат берүүнү сунуштады. The Washington Post басылмасы билдиргендей, мындай коомчулуктагы адамдарды дагы Кудай жараткан жана алар үй-бүлөлүү болууга укуктуу. Андыктан бул нерсени мыйзам деңгээлинде ишке ашыруу зарыл, — деди Рим папасы. Эске салсак, ал башынан эле… Кененирээк…

«Алай» футбол клубу 2020-жылдагы Кыргызстандын кубогун жеңип алды

«Алай» футбол клубу 2020-жылдагы Кыргызстандын кубогун жеңип алды. Финалдык беттеш Кант шаарында өттү. Жыйынтыктоочу оюнда Ош шаарынын командасы «Абдыш-Ата» курамасын 1:0 эсебинде жеңип алды. Биринчи бөлүктүн 36-мүнөтүндө алайлыктардын чабуулчусу Соломон Инкум стандарттык абалдан чыгарылып берилген топту башы менен киргизип, финалдык беттештин тагдырын чечти. Муну менен… Кененирээк…

Бишкекте кошумча стационар ачууга азырынча муктаждык жок

Бишкекте кошумча стационар ачууга азырынча муктаждык жок. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Учурда бейтаптарды кабыл алуу боюнча ооруканалар жетишип жатат. Андыктан, стационарлар эпидемиологиялык абал начарлап кеткенде гана иштеп баштайт. Бардык медициналык мекемелер ачылууга толук даяр. Кошумчаласак, калаа эсебинде 26 стационар бар.

2021-жылы Түркияда эс алуунун баасы кымбатташы ыктымал

2021-жылы Түркияда эс алуунун баасы кымбатташы ыктымал. Жергиликтүү бийлик органдары түшүндүрүшкөндөй,  бул – пандемиядан улам, чет элдик туристтерди кабыл алган мейманканаларга атайын коопсуздук сертификатын алуу талабы коюлгандыктан. Талап 30дан ашык бөлмөсү бар мейманканалардын барына тиешелүү. Күтүлгөндөй, өтө кымбат эмес мейманканалар бардык талапка жооп берүү үчүн… Кененирээк…

Кыргызстанда алтын кенин казып алуучуларга киреше салыгы жогорулады

Кыргызстанда алтын кенин жана концентратты казып алуу, ошондой эле сатуу менен алектенгендерге киреше салыгы жогорулады. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, салыктын чени 2023-жылга чейин жети пайызга, ал эми андан кийинки жылдан тартып 10 пайызга көбөйөт. Мыйзам 1-ноябрдан тартып күчүнө кирет.

Кыргызстанда күйүүчү май рыногундагы абал туруктуу

Кыргызстанда күйүүчү май рыногундагы абал туруктуу. Бул тууралуу novosti.kgге Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов билдирди. Анын айтымында, буга чейинки божомолдорго ылайык, октябрь айында бензинге болгон баа мурдагы боюнча калууда. Ал эми кийинки айдагы баалар, Россия заводдору бааларды айткандан кийин ноябрдын башында белгилүү болот. Кошумчаласак,… Кененирээк…

Тилек Токтогазиев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды

Тилек Токтогазиев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды.  Жарлыкка президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Абдырахман Маматалиев Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп дайындалды

Абдырахман Маматалиев Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп дайындалды. Жарлыкка Президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Грузиянын Зугдиди шаарындагы банкты тоноого кирген адам полициянын унаасын айдап качты

Грузиянын Зугдиди шаарындагы банкты тоноого кирген адам полициянын унаасын айдап качты. Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, 21-октябрда курал жана граната көтөргөн киши ири банктардын биринин филиалына кирген. Ал 50 кишини барымтага алып, бийликтен 500 миң доллар жана коопсуздук кепилдигин талап кылган. Полиция аны менен күн бою сүйлөшүүлөрдү… Кененирээк…