Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы ФИФА рейтингинде бир сапка төмөндөдү

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы ФИФА рейтингинде бир сапка төмөндөдү. Учурда биздин команда 96-орунда. Тизмени түзүүдө Улуттар Лигасынын беттештери жана Түштүк Америкада өткөн тандоо раундунун жыйынтыктары эске алынды. Отчеттук учурда биздин курама оюн өткөргөн жок. Алдыга Люксембург командасын өткөрүү менен Кыргызстандыктар бир сапка артка жылды.

Чолпон-Ата шаарынын ат майданында президентин кубогу өтөт

Чолпон-Ата шаарынын ат майданында президентин кубогу өтөт. Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, кубоктун алкагында ат чабыш, эр эңиш жана салбурун боюнча оюндар уюштурулат. Кошумчаласак, аталган мелдеш жыл сайын 31-августта, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө өтүп келген. Быйыл эпидемиологиялык абалга байланыштуу кийинкиге жылдырылган.

Жаан-чачындан улам Бишкек – Ош трассасында оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди

Жаан-чачындан улам Бишкек – Ош трассасында оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди. Бул тууралуу novosti.kgге Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Мындай чара жол кырсыктарын алдын алуу максатында киргизилди жана ал аба-ырайы турукташканга чейин сакталат. Милициядан белгилешкендей, тоолуу аймактардагы трассаларга айдоочулар муктаждыкка… Кененирээк…

6-кичирайондогу жаңыланган бала бакча дээрлик даяр

6-кичирайондогу жаңыланган бала бакча дээрлик даяр. Мэриянын маалыматына ылайык, объектиде капиталдык ремонт иштери жүргүзүлдү. Учурда ички жасалгалоо жумуштары аткарылып жатат. Мекемеге керектүү жабдуулар, эмеректер жана техникалардын бары жеткирилди. Ондоо иштерине 3 миллион сом сарпталды. Каражат шаардык бюджеттен бөлүнүп берилди. Ат-энелер электрондук кезекке тура баштаса болот.

Бишкекте эски аянттын аталышы өзгөртүлдү

Бишкекте эски аянттын аталышы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин токтомунда айтылат. Шаардык депутаттар өкмөт үйүнүн маңдайындагы аянтка Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарышты. Шаардык кызматтарга каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырмасы берилди. Документ ушул жылдын октябрынан тартып күчүнө кирет.

БШК кайрадан өтө турган шайлоонун мөөнөтүн жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алат

БШК кайрадан өтө турган шайлоонун мөөнөтүн жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алат. Бул тууралуу novosti.kgге Боршайкомдун өкүлү Гульнара Журабаева билдирди. Анын айтымында, БШК бардык укуктук нормаларды эске алып, юристтерден кеп-кеңеш сурайт. Эске салсак, буга чейин БШК кайрадан өтө турган шайлоонун мөөнөтүн 20-декабрга белгилеген. Бирок кечээ… Кененирээк…

Google 2012-жылдан бери алгачкы ирет эң кымбат бренддердин үчилтигине кирбей калды

Google 2012-жылдан бери алгачкы ирет эң кымбат бренддердин үчилтигине кирбей калды. Google былтыр экинчи сапта болчу, быйыл ал төртүнчү сапка төмөндөдү. 7 жылдан бери биринчи орунду Apple компаниясы ээлеп калууда. Ошондой эле быйылкы жылдын рейтингинде экинчи орунда Amazon турса, үчүнчүдө Microsoft компаниясы жайгашат.  

Бишкекти жарыктандыруу уланууда

Бишкекти жарыктандыруу уланууда. Калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда иштер «Аламүдүн-1» кичи районунда аткарылып жатат. Анда үйлөрдүн короолорунун ичине түнкү чырактар орнотулду. Иштердин жүрүшүндө дээрлик 100 түнкү чырак, 25 кронштейн, 51 темир түркүк орнотулуп, дээрлик 2 чакырымды түзгөн электр чубалгылары тартылды.

Ордо калаада Бишкек баатырдын эстелиги пайда болот

Ордо калаада Бишкек баатырдын эстелиги пайда болот. Бул тууралуу novosti.kgге “Бишкек баатыр” коомдук фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкектеги башаламандыктан улам монументти орнотуу үчүн куруу иштери токтоп турат. Учурга карата жумуштар 60 пайызга аткарылды. Белгилеп кетсек, айкелдин скульптору Адиль Сейталиев, эстелик жезден жасалды, бийиктиги 3 метрди… Кененирээк…

Кыргызстанда мамлекеттик музейлердин фондунан буюмдарды өткөрүп берүүгө тыюу салынды

Кыргызстанда мамлекеттик музейлердин фондунан буюмдарды өткөрүп берүүгө тыюу салынды. Тиешелүү буйрукка маданият министри Нуржигит Кадырбеков кол койду. Ага ылайык, бул коллекциялардын уурдалышын алдын алуу максатында жасалууда. Эске салсак, Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт искусство музейинин фондуна кирип, Ак үйдө убактылуу турган 8 сүрөт 6-октябрдагы башаламандыкта… Кененирээк…