Россиянын тургуну Польша чек арасы аркылуу бир аз өзгөртүү киргизилген визасы аркылуу өтүүгө аракет кылган

Россиянын тургуну Польша чек арасы аркылуу бир аз өзгөртүү киргизилген визасы аркылуу өтүүгө аракет кылган. Саякатчы документин калем менен эле оңдоп койгон. Визада Нидерландыга баруу гана көрсөтүлгөн, ал колу менен өзү эле Польшаны дагы кошуп койгон.   Болгондо дагы кооз кол тамгасы менен. Бирок анын… Кененирээк…

Катар Нарындагы социалдык кыштакты курууга демөөрчүлүк көрсөтөт

Катар Нарындагы социалдык кыштакты курууга демөөрчүлүк көрсөтөт. Өкмөт аппаратынын маалыматына ылайык, долбоорго мектеп,  бала бакчаларды, балдар аянтчасын, футбол талаасын, тигүү цехин, эс алуу паркые жана бир нече турак-жай куруу кирет.   Курулуш иштери аз камсыздалган үй-бүлөлөрдү колдоонун алкагында жүргүзүлүп, 2022-жылы аягына чыгат деп пландалууда.

Унаа жана жолдор министрлиги кышка даяр

Унаа жана жолдор минпистрлиги кышка даяр. Ведомстводон билдиришкендей, трассаларды кардан, кар күрткүлөрүнөн тазалоочу бардык атайын техника даярдалды. Муз тоңгон учурда себилүүчү инерттүү материалдар дагы толук көлөмдө камдалды.   Министрликтен ишендиришкендей, кызматкерлер дагы техника дагы даяр. Андыктан, кышкысын магистралдарда кыйынчылык жаралбайт.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол унаа жолу” өткөрүү түйүнүнүн оңдоо иштери 55 пайызга аткарылды

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол унаа жолу” өткөрүү түйүнүнүн оңдоо иштери 55 пайызга аткарылды. Өкмөттөн билдиришкендей, кайра калыбына келтирүү иштерин ушул жылдын декабрына чейин жыйынтыктоо пландалып жатат.   Анын алкагында административдик блок гана кеңейтилбестен, спорт шаарчасы, кинолог борбору, күтүү залы жана унаа токтотуучу жай дагы пайда… Кененирээк…

Нидерландыда 3D-принтердин жардамы менен  дүйнөдөгү эң кичинекей кайык чыгарылды

Нидерландыда 3D-принтердин жардамы менен  дүйнөдөгү эң кичинекей кайык чыгарылды. Анын өлчөмү болгону 30 микрометрди түзөт. Кайык адам баласынын бир тал чачынын ичине дагы батып кетет.   Окумуштуулардын айтымында, мындай объект майда микроскопикалык сүзүүчү организмдерди таанууга шарт түзөт. Мисалы, бактерия клеткалары. Кичинекей кайык мындай колөмүнө карабай,… Кененирээк…

Токмок шаардык ооруканасынын инфекциялык бөлүмү оңдолот

Токмок шаардык ооруканасынын инфекциялык бөлүмү оңдолот. Медициналык жайды кайра калыбына келтирүүгө 12 миллион 411 миң сомго тендер жарыяланды.   Бул суммага дарылоочу корпус жана лаборатория капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт. Белгилеп кетсек, буга чейин Токмоктун 3-кичи районунда жайгашкан бейтапканасы ремонттолуп, анда убаклытуу инфекциялык оорукана орун алган. Ал… Кененирээк…

Президенттикке талапкерлерди жылдыруу башталды

Президенттикке талапкерлерди жылдыруу башталды. Бул тууралуу novosti.kgге БШКнын басма-сөз кызматынан билдиришти. Арыздарды кабыл алуу 14-ноябрга чейин жүргүзүлөт, андан кийин талапкерлер 30 миң добуш берүүчүнүн колун чогултушу керек.   Кол коюлган кагаздар 3-декабрга чейин кабыл алынат. Андан кийин каттоо процедурасы башталып, ал 14-декабрга чейин уланат.  … Кененирээк…

Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттап, 81 сомдук чектен ашты

Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттап, 81 сомдук чектен ашты. Учурда ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 80 сом   60 тыйындан сатып алып, кайра 81 сом 20 тыйындан сатышууда.   Эске салсак, октябрдын ортосунда массалык митингдерден кийин Улуттук банк SWIFT эл аралык акча которуулар системасынын ишин… Кененирээк…

Кыргызстан аймагында форма-2 эми колдонулбайт

Кыргызстан аймагында форма-2 эми колдонулбайт.   Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, форма-2 боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди.   Ага ылайык, өлкөнүн аймагынан тышкары жүргөн жарандар гана форма-2 боюнча добуш бере алат. Калган категориядагы жарандар өз шайлоо тилкелеринде гана добуш берет.… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан тилкеде орнотулган суу түтүктөрү алынууда

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан тилкеде орнотулган суу түтүктөрү алынууда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма-сөз кызматынан           24 агенттигине билдиришти.   Андан такташкандай, иштерди тажик тарап жүргүзүүдө. Эске салсак, кечээ кыргыз-тажик чектеш аймагындагы Үч-Дөбө тилкесинде ок атышуу болду. Буга тажик тараптын чек аранын такталбаган… Кененирээк…