Алайда памирлик кыргыздар үчүн социалдык шаарча курулуп, колдонууга берилди

Алайда памирлик кыргыздар үчүн социалдык шаарча курулуп, колдонууга берилди. Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришкендей, шаарча Талды-Суу айылында пайда болду, анын карамагында 11 турак-жай бар. Ага Нарын жана Чүй облустарынан көчүрүлүп барган 10 үй-бүлө жайгаштырылды. Иштерге жалпысынан 20 миллион сом бөлүнгөн. Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө республиканын аймагында… Кененирээк…

“Улуттук энергохолдинг” ишканасынын төрагасы кызматын тапшырды

“Улуттук энергохолдинг” ишканасынын төрагасы кызматын тапшырды. Бул тууралуу Айтмамат Назаров өзү “Фейсбук” баракчасына жарыялады. Анын айтымында, орундан кетүү арызын өз каалоосу менен жазды. Бул анын башка кызматка кетип жатканына байланыштуу. Белгилеп кетсек, Назаров төрагалыкка былтыр май айында дайындалган.

«Семетей» госпиталы бир жуманын ичинде КОВИД-19га чалдыккан бейтаптарды кабыл ала баштайт

«Семетей» госпиталы бир жуманын ичинде КОВИД-19га чалдыккан бейтаптарды кабыл ала баштайт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда медициналык мекеме толугу менен даяр. Жандандыруу бөлүмүндө 35 орун бар, ал эми дарылоо бөлүмү 250 бейтапка чакталат. Муктаждык жаралса, орундуктардын саны көбөйөт. медициналык жабдууларды орнотуу иштери… Кененирээк…

Златан Ибрагимович Италия чемпионатында кезектеги өзгөчө голу менен айырмаланды

«Милан» футбол клубунун швециялык чабуулчусу Златан Ибрагимович Италия чемпионатында кезектеги өзгөчө голу менен айырмаланды. РИА Новости жарыялаган видеого караганда, кечээ «Милан» «Удинеза» командаларынын беттешинде эсеп 1:1 болуп турганда 39 жаштагы Ибрагимович көкөлөп келе жаткан топту чалкасынан жыгылып бара жатып чимирилип тээп, атаандаштын дарбазасына киргизди. Гол миландыктарга… Кененирээк…

Ак-Ордо конушунда чыгуучу белгилер пайда болот

Ак-Ордо конушунда чыгуучу белгилер пайда болот. Мэриянын маалыматына караганда, эскиздик долбоор даярдалды. Чыгуучу белгинин бийиктиги 7,5 метрге жетет. Ал түндө жарык болуп күйөт жана Гагарин Жакшылык көчөлөр кесилишине орнотулат. Жасалгалоо жумуштарына мрамор жана ракушечник колдонулат.

БШК президенттик шайлоого карата добуш берүүчүлөрдүн бюллетенин 21-декабрга чейин бекитет

БШК президенттик шайлоого карата добуш берүүчүлөрдүн бюллетенин 21-декабрга чейин бекитет. Комиссиядан такташкандай, ошондой эле бюллетенге Брайль шрифти киргизилет. 2-январга чейин бардык документтер даярдалып, аймактык шайлоо комиссияларына берилиши керек. Бюллетендер шайлоо тилкелерине 8-январга чейин жеткирилет. Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 10-январда өтөт.

Адам денесинин стандарттык температурасы төмөндөп жатат

Адам денесинин стандарттык температурасы төмөндөп жатат. Калифорния университетинин окумуштуулары билдиришкендей, мындай процесс дүйнө боюнча жүрүп жатат. Буга чейин 200 жыл мурда адамдын дене табы 37 градус болуп, бул нормалдуу деп эсептелсе, эки кылым өткөндөн кийин көрсөткүч өзгөрүлдү. Учурда 36,4 градус нормалдуу деп эсептелет. Айрым адистердин… Кененирээк…

Быйыл Жалал-Абад облусундагы 18 айылдын калкы таза суу менен камсыздалат

Быйыл Жалал-Абад облусундагы 18 айылдын калкы таза суу менен камсыздалат. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда иштер активдүү жүрүп жатат. Консультанттар тандалып алынып, курулуштун долбоору даярдалууда. Каржылоо чет элдик донорлор тарабынан жүргүзүлөт.

Бишкектеги башаламандыкта жараат алган адам комадан чыкты

Бишкектеги башаламандыкта жараат алган адам комадан чыкты. Бул тууралуу саламаттыкты актоо министрлиги билдирет. Жараат алган адамдын ден-соолугунда динамикалуу жакшыруу бар, бүгүн ал нейротравматология бөлүмүнө которулду. Учурда андан башка дагы 8 адам медициналык мекемелерде калыбына келтирилип жатат. Бардыгынын абалы туруктуу деп бааланууда. Эске салсак, 6-октябрдагы башаламандыкта… Кененирээк…

Криштиану Роналду коронавирустан айыгып, футбол талаасында кайрадан ийгилик жарата баштады

Криштиану Роналду коронавирустан айыгып, футбол талаасында кайрадан ийгилик жарата баштады. Футбол боюнча Италиянын чемпионатында «Ювентус» менен «Специя» командаларынын беттешинде Роналду 59 жана 76-мүнөттөрдө 2 гол жаратты. Андан тышкары, «Ювентустун» оюнчулары Альваро Мората, Адриан Рабьо атаандашынын дарбазасына гол киргизди. Ал эми «Специя» командасынан жалгыз голду Томмазо… Кененирээк…