Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча президентинин кубогу старт алды

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча президентинин кубогу старт алды. Улуттук көк бөрү федерациясынан билдиришкендей, мелдештин биринчи күнү I лигадагы командалардын тайпалык этаптагы алгачкы туру жыйынтыкталды. Эртең аталган лигада тайпалык беттештер уланат. Анда ат чабыш, эр эңиш жана салбурун боюнча… Кененирээк…

Диего Марадона ооруканага жаткырылды

Диего Марадона ооруканага жаткырылды. РИА Новости билдиргендей, футбол адисинин акыркы жылдары басуусу кыйындап, өзүн начар сезип жатат. Бул өзгөчө 30-октябрда 60 жашын белгилегенден кийин сезилди. Белгилеп кетсек, Марадона Аргентинанын курамында футбол боюнча дүйнө чемпиону болгон. Учурда ал «Химнасия жана Эсгрима» футбол клубунун башкы машыктыруучусу.

Кийинки жылы Кыргызстан карызын төлөөгө рекорддук көрсөткүчтө акча жумшалат

Кийинки жылы Кыргызстан карызын төлөөгө рекорддук көрсөткүчтө акча жумшалат. Мамлекеттик бересени төлөөгө 35 миллиард 350 миллион сом сарпталат, — деп айтылат Каржы министрлигинин расмий сайтында. Ага караганда, сумманын дээрлик 20 миллиарды тышкы карызга багытталат. Буга чейин карызды төлөөгө мындай чоң суммада акча сарптала элек болчу.… Кененирээк…

АКШда митингден корккон ишкерлер дүкөндөрдүн эшик тезезелеринин бетин тактай менен жабышты

АКШда митингден корккон ишкерлер дүкөндөрдүн эшик тезезелеринин бетин тактай менен жабышты. Өзгөчө Вашингтон шаарындагы Ак үйдүн аймагында жана Нью-Йорктун, Лос-Анджелестин борбордук көчөлөрүндөгү кафе-ресторандар, дүкөндөр жана сулуулук салондору «даярдык» көрүүдө. Trump Tower имараты темир менен тозулуп, куралчан полиция кызматкерлери нөөмөттө турат. Белгилеп кетсек, бүгүн АКШда президенттик… Кененирээк…

Зилзалада ураган имараттын алдында калган 4 жаштагы кыз 4 күндөн кийин аман табылды

Түркиянын Измир шаарындагы зилзалада ураган имараттын алдында калган 4 жаштагы кыз 4 күндөн кийин аман табылды. Калаанын мэри Тунч Сойер Twittter баракчасына жарыялагандай, куткаруучулар бөбөктү аман-эсен алып чыгышты. Кызды дароо ооруканага алып кетишкен, учурда абалы канааттандырарлык. Эске салсак, 30-октябрда Түркиянын батышында күчү 6,6 баллга жеткен… Кененирээк…

Президенттикке талапкерлер 6-декабрга чейин кыргыз тилине тест тапшырышы керек

Президенттикке талапкерлер 6-декабрга чейин кыргыз тилине тест тапшырышы керек. Бул тууралу 24 агенттигине Боршайкомдун өкүлү Кайрат Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, 2017-жылы дагы өлкө башчылыкка талапкерлигин көрсөткөндөр сынакка кайрадан катышпай эле койсо болот. Калган талапкерлер мамлекеттик тилди билүү деңгээлин текшерүүдөн өтүшү шарт. Сынакка катышпагандар жарышуудан четтетилет.

Ошто 1-декабрдан тартып милициянын кайгуул кызматы иштеп баштайт

Ошто 1-декабрдан тартып милициянын кайгуул кызматы иштеп баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирет. Анын айтымында, биринчи этаптын 129 катышуучусу профессионалдык даярдыктан өтүү үчүн окуудан өтүп жатат. Ноябрдын ортолорунда алар зачет тапшырып башташат. Экзамен жана нормаларды ийгиликтүү… Кененирээк…

Унаа жана жолдор министрлиги кышка 80 пайызга даяр

Унаа жана жолдор министрлиги кышка 80 пайызга даяр. Ведомстводон билдиришкендей, тайгактыкка каршы реагенттер даярдалды жана аларды жеткирүү иштери уланууда. Кыштын алгачкы айына министрликте былтыркыдан калган материалдын запасы бар. Ведомстводон белгилешкендей, керектүү инерттүү материалдарды, күйүүчү май жана жол куруучу техникаларды камдоо үчүн дагы кошумча 200 миллион… Кененирээк…

“Кара-Кече” тилкесинен чыгарылган көмүрдүн баасы менен акыркы керектөөчүгө жеткен суммада айырма бар

“Кара-Кече” тилкесинен чыгарылган көмүрдүн баасы менен акыркы керектөөчүгө жеткен суммада айырма бар. “Кыргыз көмүр” ишканасынан билдиришкендей, жеткирүүчүлөр базадан кара отундун тоннасын 1 миң 330 сомдон алышат. Буга карабай калкка 4 миң сомдон сатылат. Жеткирүүчүлөр транспорт каражаттарына сарпталган чыгашаларын эсептегенден кийин чыгарылган сумма менен акыркы баада… Кененирээк…

Кыргызстанда америкалык валюта кымбаттоо багытында

Кыргызстанда америкалык валюта кымбаттоо багытында. Бир суткага жетпей доллардын наркына 2 сом кошулду. Бүгүн коммерциялык банктар жана акча алмаштыруу жайлары долларды 83 сом 90 тыйындан сатып жатышат, ал эми сатып алуу 84 сом 80 тыйындан. Улуттук Банктан түшүндүрүшкөндөй, дароо кымбаттоого суроо-таптын жогору болгонуна байланыштуу. Тагыраагы,… Кененирээк…