Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт

Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, эртең саат 8ден кечки 6га чейин Карасаев, Юнусалиев, Арасанск, Орозбеков, Щербаков, Тоголок Молдо, Элебесов, Токтоналиев жана Кийизбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Тынчтык, Алтын-Ордо, Арча-Бешик, Көлмө, Рухий-Мурас, Ак-Босого конуштарында жана Чоң-Арык айылында жарк жок болот. Убактылуу чектөө… Кененирээк…

Түркия Кыргызстанга аскердик жардам көрсөттү

Түркия Кыргызстанга аскердик жардам көрсөттү. Генералдык штабдан билдиришкендей, биздин өлкө аскердик техника жана аскер кызматкерлерине кийим-кече түрүндө жардам алды. Генералдык штабдан белгилешкендей, эки өлкө өкмөттөрүнүн макулдашуусунун алкагында аскердик жардамдын биринчи партиясы сентябрь айында келген.

WhatsApp колдонуучулары жакында жок болуп кетүүчү билдирүүлөрдү жибере алышат

WhatsApp колдонуучулары жакында жок болуп кетүүчү билдирүүлөрдү жибере алышат. Программаны негиздөөчүлөрдүн айтымында, топтогу же жеке чаттардагы  билдирүүлөрдү өчүрүү керектигин колдонуучу өзүнө ылайык тандай алат. Бирок жаңы системаны иштеткенге чейинки билдирүүлөргө тескөө кийлигишпейт. Идеянын авторлору белгилешкендей, жок болуп кете турган билдирүүлөрдүн жашыруун болушуна кепилдик жок. Аны… Кененирээк…

Сузак районуна чектөөлөр киргизилди

Сузак районуна чектөөлөр киргизилди. Коомдук тамактануучу жайлар, кафе-ресторандардын иши кечки саат 6дан тартып токтотулат. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, мындай чечим райондук штаб тарабынан кабыл алынды. Тыюу салууларга карабай массалык иш-чараларды өткөргөндөргө мыйзам чегинде иш козголот. Көзөмөлдөө иши жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жүктөлдү.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Америкадагы шайлоодон кийинки кыргызстандыктар үчүн визалык чектөөлөр тууралуу айтып берди

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Америкадагы шайлоодон кийинки кыргызстандыктар үчүн визалык чектөөлөр тууралуу айтып берди. Добуш берүүдө ким жеңишке жеткенине карабастан Вашингтон визалык чектөөлөрдү алуу маселелерин карайт, — деп билдирет Лу. Бул Кырызстанда коопсуз биометрикалык паспорттордун иши аяктап жатканына байланыштуу. Эске салсак, жыл башында дипломат… Кененирээк…

“Тазалык” ишканасы кышка даярданып жатат

“Тазалык” ишканасы кышка даярданууда. Муниципалдык ишкана жолго себиле турган инерттүү материалдардын запасын толтурууда. Ишкананын кампасында учурда 4 тоннадан ашык туз камдалды. Алардын бир бөлүгү былтыркы кышкы сезондун калдыгы. Жалпысынан 6,5 тонна даярдоо пландалган. Андан тышкары, унаалар жүрүүчү жолдордогу карды 26 атайы техника тазалайт.

АКШда президенттик шайлоо расмий түрдө аяктады

АКШда президенттик шайлоо расмий түрдө аяктады. РИА Новости билдиргендей, акыркы Аляска штатындагы шайлоо тилкеси Бишкек убактысы менен 12де жабылды. Соңку эсептөөлөр боюнча Джо Байден 270 добуштун 237син алса, Дональд Трамп 213 добушка ээ болду. Буга карабай Трамп бир катар штаттарда лидер болууда, алсак, Пенсильвания, Джорджия,… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында азырынча стационарларга муктаждык жок

Жалал-Абад шаарында азырынча стационарларга муктаждык жок. Бул тууралуу novosti.kgге калаа мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, учурда шаарда Гапром спорт комплексинин базасында ачылган 60 орундуу күндүзгү стационар КОВИД-19га чалдыккан бейтаптарга кызмат көрсөтүп жатат. Андан башка дагы 2 станционар муктаждык жаралса ачылууга даяр.

Күйүүчү май рыногундагы абал туруктуу бойдон калууда

Күйүүчү май рыногундагы абал туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу novosti.kgге Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов билдирет. Анын айтымында, ноябрда бензинге болгон баа мурдагы бойдон калат. Ал эми декабрдагы баалар кийинки айдын башында белгилүү болот. Жалпысынан өлкө боюнча отундун запасы жетиштүү деңгээлде, калкты бензин менен… Кененирээк…

Талас районунун Көк-Ой айылында спорт комплекс пайда болот

Талас районунун Көк-Ой айылында спорт комплекс пайда болот. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, учурда пайдубалды куюу иштери жүрүп жатат. Жалпы аянты 800 чарчы метрди түзөт. Курулушка 14,5 миллион сом сарпталат. Долбоорго каражат айыл тургундарынан 800 миң сом чогулуп, жергиликтүү бюджеттен 1 миллион сом бөлүндү.