Айсулуу Тыныбекова Варшавадагы күрөш боюнча мелдештин биринчи кармашында жеңишке жетти

Айсулуу Тыныбекова Варшавадагы күрөш боюнча мелдештин биринчи кармашында жеңишке жетти. Ал россиялык балбан кыз менен күрөшүп, 12:3 эсебинде жеңип алды. Эске салсак, аталган мелдеш Польшада 4-ноябрда башталды. Ал 8-ноябрда жыйынтыкталат. Аталган мелдешке Айсулуу Тыныбековадан тышкары Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Нураида Анаркулова жана Назира Марсбек кызы… Кененирээк…

Баткенде чек ара кызматкерлери үчүн жаңы үй курулат

Баткенде чек ара кызматкерлери үчүн жаңы үй курулат. Пайдубалга капсула салуу аземи чек ара бөлүмүнүн аймагында өттү. Быйыл август айында 8 батирлүү турак жай куруу боюнча куруучу компаниянын өкүлдөрү менен Баткен чек ара бөлүмүнүн командири меморандумга кол коюшкан. Белгилеп кетсек, үйдүн курулуш чыгымдарын  курулуш компаниясы… Кененирээк…

Кыргызстан Өзбекстан чектешкен аймакта жер титирөө катталды

Кыргызстан Өзбекстан чектешкен аймакта жер титирөө катталды. Анын күчү очогунда 6 баллга жетти деп, — билдирет Сейсмология институту. Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасына жакын аймакта орун алды. Зилзала Пүлгөн, Ынтымак айылдарында — 6 баллга жакын, Жаңы-Ноокат, Араван айылдарында — 4… Кененирээк…

Президенттик шайлоонун бюджети 687 миллион сомду түзөт

Президенттик шайлоонун бюджети 687 миллион сомду түзөт. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, сумманын 337 миллион сому 2020-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилет. Калган сумма кийинки жылдын эсебинен каржыланат. 369 миллион сом комиссия мүчөлөрүнүн маяналарына сарпталат. 168 миллион комиссиянын чыгымдарына жана 12 миллион чет өлкөдөгү шайлоо тилкелерин уюштурууга… Кененирээк…

Кыргызстандан 25 миллион сомдук уюлдук телефондорду мыйзамсыз түрдө чыгарып кетүүгө аракет кылгандар кармалды

«Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 25 миллион сомдук уюлдук телефондорду мыйзамсыз түрдө чыгарып кетүүгө аракет кылгандар кармалды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, аталган бекеттен өтүүгө аракет кылган унааны текшергенде телефондор табылды. Анда iPhone, кулакчын, Samsung, Redmi, Xiaomi үлгүсүндөгү смартфондор болгон. Катталган факты Кылмыш жана… Кененирээк…

Бишкекте күндүзгү стационарлар ачылбайт

Бишкекте күндүзгү стационарлар ачылбайт. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирет. Анын айтымында, чет өлкөлүк эпидемиолог жана адистердин кеп-кеңеши аркылуу стационарларда вирусту кайрадан жуктурууну алдын-алуу максатында ушундай жыйынтык чыгарылды. Ага катар көчмө бригадалардын саны көбөйтүлдү. Учурда 20 топ иштеп жатат, — деп кошумчалады Чыныбаева.

15-декабрдан тартып президенттикке талапкерлер шайлоочулар менен жолугушса болот

15-декабрдан тартып президенттикке талапкерлер шайлоочулар менен жолугушса болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка караганда, жолугушууларды онлайн форматында өткөрсө болот. Аларга чектөө жок. Мөөнөт 9-январда таңкы саат 8ге чейин берилет. Бирок театрлаштырылган иш-чараларды жана спорттук мелдештерди өткөрүүгө уруксат берилбейт. Өлкө башчылыкка талапкерлер 14-ноябрга чейин… Кененирээк…

Ак үйдүн имаратын курчап турган темир тосмолор 3 күндө алынат

Ак үйдүн имаратын курчап турган темир тосмолор 3 күндө алынат. «Тазалык» муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, тосмолор алынганы менен анын пайдубалы калат. Ошондой эле түштүк-чыгыш тараптагы тосмолор алынбайт. Белгилеп кетсек, бүгүн 20 жылдан бери Жогорку Кеңештин имаратын курчап турган темир тосмолор алына баштады. Буга чейин Жогорку Кеңештин… Кененирээк…

Кочкор районундагы аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү оңдоп-түзөөдөн өтөт

Кочкор районундагы аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү оңдоп-түзөөдөн өтөт. Турмуш басылмасы билдиргендей, курулуш Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат. Долбоор 9 миллион 300 миң сомду түзөт. Учурда тендер жарыяланды. Оңдоо иштери коюлган шарт боюнча 90 күндүн ичинде аякташы керек.

Бишкекте Түгөлбай-Ата көчөсү 2021-жылы кытайлык гранттын эсебинин калыбына келтирилет

Бишкекте Түгөлбай-Ата көчөсү 2021-жылы кытайлык гранттын эсебинин калыбына келтирилет. 24 агенттигине мэриядан билдиришкендей, аталган тилкеде алына турган курулуштар бар. Көчөнү оңдоо иштери объектилерди демонтаждоодон кийин башталат. “Бишкекасфальтсервис” ишканасынан белгилешкендей, толук калыбына келтирүү жумуштарына чейин тилкедеги чуңкурлар жакынкы аралыкта бүтөлөт.