Шайлоо тизмесине жарандар 29-декабрга чейин өзгөртүү киргизе алат
Шайлоо тизмесине жарандар 29-декабрга чейин өзгөртүү киргизе алат. Бизге БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова айтып бергендей, 4 күндүн ичинде комиссия тизмени тактайт. Акыркысы 2021-жылдын 2-январына чейин Tizme порталында жарыяланат. Ал эми 7-январда тизмелер бардык шайлоо участкаларында илинет. Эске салсак, мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор 10-январда өтөт.