Бишкек мэриясынын кызматкерлери тойлорго барса, иштен алынат

Бишкек мэриясынын кызматкерлери тойлорго барса, иштен алынат. Чиновниктердин бири той-аштарда байкалса, жумуштан кетүү арызын жаза берсе болот, — деди  мэрдин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев.   Ал белгилегендей, жүздөгөн кишини кабыл алып жаткан тойканаларда вирусту жуктуруп алуу оңой. Ал эми кинотеатр жана фудкортторду ача берсе… Кененирээк…

Баткенде 1-5-9-11-класстардын окуучулары салттуу түрдө окуп баштады

Баткенде 1-5-9-11-класстардын окуучулары салттуу түрдө окуп баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, 173 мектеп салттуу түрдө билим берүүгө өттү. Анын ичинен 107 мектепте 1-класстар гана кабыл алынса, 58 мектепте 1-5,9,11 класстардын окуучулары да окуу жайга барып баштады.… Кененирээк…

Улуттук госпиталда коронавирус бейтаптарына дагы 300 орун түзүлөт

Улуттук госпиталда коронавирус бейтаптарына дагы 300 орун түзүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Кошумча орундар мурдагы урология борборунун имаратында жайгаштырылат.   Учурда анда ремонттук иштер жүрүп жатат. Бул максатта   40 миллион сом бөлүнгөн. Дал ушул эле суммага Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык жабдууларды… Кененирээк…

Маанайды көтөрө турган өсүмдүктөр аталды

Маанайды көтөрө турган өсүмдүктөр аталды. Диетолог Елена Соломатинанын айтымында, В жана D витаминдерине, магний, цинк жана йодко бай азыктар адамдын эмоционалдык абалын жакшыртат.   Ошондой эле, диетолог эттен баш тартпоого чакырат. Бирок басымды кызыл этке эмес, куш этине жасоо сунушталат.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы казынага 280 миллион сом кайтарды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы мамлекеттик казынаны 280 миллион сомго толуктады. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, аталган сумма мамлекеттик бюджетке келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча иштердин алкагында өндүрүлгөн. «Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “А.К.” ЖЧКсына карата мамлекеттин бюджетине тиешелүү төлөмдөрдү… Кененирээк…

Москвадагы кафелердин биринде робот кардарларды тейлеп жатат

Москвадагы кафелердин биринде робот кардарларды тейлеп жатат. Ал кадимки официанттын милдеттерин аткарат – буйрутмаларды алып келип, кир идишти алып кетет.   Бул пандемия учурунда адамдардын бири бири менен байланышын азайтуу үчүн жасалууда. 2 саат сайын робот атайын дезинфекциядан өтөт.

Мэрия бишкектиктерди жалбырактарды өрттөбөөгө чакырат

Мэрия бишкектиктерди жалбырактарды өрттөбөөгө чакырат. Басымдуу учурларда алар менен пластик таштандылары кошо күйүп жатат. Өрттөлгөн учурда ал уулуу заттарды бөлүп чыгарып, ден-соолукка зыян келтирет.   Ошондой эле, шаардын абасын булгайт. Муниципалитеттен эске салышкандай, жалбырактарды жана башка таштандыларды өрттөө үчүн 5,5 миң сом айып каралган.

БШК Кара-Балта мэрин шайлоо күнүн белгиледи

БШК Кара-Балта мэрин шайлоо күнүн белгиледи. Жергиликтүү кеңеш депутаттары шаар жетекчисин 30-ноябрда шайлайт. Эске салсак, 2011-жылдан бери Кара-Балтаны башкарып келген Данияр Шабданов 7-октябрда шаардык кеңештин чечими менен кызматтан алынган.   Калаа мэринин милдетин убактылуу Эмиль Орозбаковго аткарып жатат.

Октябрда дарыгерлердин компенсациясына 145 миллион сом бөлүндү

Октябрда дарыгерлердин компенсациясына 145 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти. Андан такташкандай, каражат коронавирус менен күрөшүп келген  7 миң 722 медицина кызматкерине берилет.   Сумма саламаттыкты сактоо уюмдарына фонд тарабынан которулду. Жакында кызматкерлерге тапшырылат.

Экономика министрлиги бизнести укук коргоо органдары тарабынан текшерүүгө тыюу салууну сунуштады

Экономика министрлиги бизнести укук коргоо органдары тарабынан текшерүүгө тыюу салууну сунуштады. Планга ылайык, мораторий 2022-жылдын    1-январына чейин уланат.   Мындай чара укук коргоочулардын бизнесмендердин ишмердүүлүгүнө кийлигишүүсүн токтотууга жана коронавирус пандемиясына байланыштуу.   Бирок кылмыштуу иштердин, жарандардын арыздарынын негизинде текшерүүлөр жүргүзүлүшү мүмкүн. Токтом долбоору коомдук… Кененирээк…