“Сосновка” стационардык постунда жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди
“Сосновка” стационардык постунда жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, аба-ырайынын шарттарын эске алуу менен тыгындарды жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында посттон жүк ташуучу машинелер өткөрүлбөйт. Чектөөлөр кечки саат 6дан таңкы 8ге чейин күчүндө болот.