“Сосновка” өткөрүү постунда учурда чектөөлөр жок

“Сосновка” өткөрүү постунда учурда чектөөлөр жок. Бул тууралуу novosti.kgге Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.   Түйүндөн жүк ташуучу жана жеңил машинелер эч тоскоолдуксуз өтүп жатат. Бирок кечинде аба-ырайынын шарттары дагы бузулса, жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилет. Бул Бишкек-Ош жолунда тыгындарды жана кырсыктарды… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагындагы калган беттештерин кийинки жылы өткөрөт

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагындагы калган беттештерин кийинки жылы өткөрөт. Эске салсак, биздин команда Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия курамалары менен биргеликте F тобунда ойнойт.   Азыркы ткандоодо кыргызстандык футболчулар 3 жолугушуу өткөрдү. Буга чейин беттештер пандемияга байланыштуу которулган болчу. Эми … Кененирээк…

Унаа жана жолдор министрлигинин адистери Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларын кардан тазалоону улантууда

Унаа жана жолдор министрлигинин адистери Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларын кардан тазалоону улантууда. Ведомстводон билдиришкендей, иштерге бир нече атайын техника тартылды.   Трассаларда муз тонушун алдын алуу үчүн 160 тонна инерттүү материал колдонулду. Учурга карата жолдордо тыгындар жок, унаалар эч кыйынчылыгы жок жүрүүдө. Алыскы сапарга чыккан… Кененирээк…

Президенттик шайлоолорго талапкерлерден арыз кабыл алуу эртең, 14-ноябрда токтотулат

  Президенттик шайлоолорго талапкерлерден арыз кабыл алуу эртең, 14-ноябрда токтотулат. БШКдан билдиришкендей, учурга карата өлкөнүн башкы постуна 24 адам талапкерлигин жылдырды.   Талапкерлерди каттоо 14-декабрга чейин созулат, андан кийин үгүт кампаниясы старт алат. Эске салсак, Кыргызстанда мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Лондон көчөлөрүндө айдоочусу жок электр унаалар пайда болду

Лондон көчөлөрүндө айдоочусу жок электр унаалар пайда болду. Ал дары-дармек жана анча чоң эмес товарларды жеткирүүдө колдонулуп жатат. Машине белгиленген жерге келип токтойт, буйрутма берген адам анын багажынан өзү товарын алып чыгат.   Электрокар жасалма интеллект менен камсыздлып, каттамдарды GPS навигатору жок эле жаттап алат.

Бишкекте “Балалык” эс алуу багынын курулушун жыйынтыктоо мөөнөтү жылдырылды

Бишкекте “Балалык” эс алуу багынын курулушун жыйынтыктоо мөөнөтү жылдырылды. Мэриянын маалыматына ылайык, учурда скверде бактар отургузулуп, кийинки жашылдандыруу иштерине жер даярдалып жатат.   Андан тышкары, инженердик тармактар өткөрүлүп, таман таштар, бордюрлар орнотулууда. Иштер ушул жылдын 31-декабрына чейин аяктамак, бирок пандемияга байланыштуу, графиктен кечигүү болуп калды.… Кененирээк…

Юстиция министрлиги “Тилектештик автобусу” акциясын жандантты

Юстиция министрлиги “Тилектештик автобусу” акциясын жандантты. Адистерден турган мобилдик топтор калк жашаган түйүндөрдү кыдырып, тургундарга акысыз юридикалык жардам көрсөтөт.   Учурда “автобус” Чүй облусунда жүрсө, бүгүн Ош облусуна сапарга чыгат. Жарандар үй-бүлөлүк, эмгек, жер укуктары, социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жана башка маанилүү суроолор боюнча кеп-кеңеш… Кененирээк…

БШК президенттик шайлоолорго бюллетендердин текстин 21-декабрга чейин бекитет

БШК президенттик шайлоолорго бюллетендердин текстин 21-декабрга чейин бекитет. Документтерди даярдоодо көзү начар көргөндөр жана азиз адамдар үчүн Брайль шрифтин колдонуу дагы каралган. Бюллетендер 2-январга чейин басып чыгарылып, 8-январдан кеч эмес бардык шайлоо участкаларына жеткирилиши керек.   Эске салсак, талапкерлерден арыз кабыл алуу эртең токтотулат.  … Кененирээк…

Мамлекет калк алдындагы бардык социалдык милдеттерин өз убагында аткарат

Мамлекет калк алдындагы бардык социалдык милдеттерин өз убагында аткарат.   Каржы министри Кыялбек Мукашевдин айтымында, кеп айлыктарды берүү, Соцфондко төлөмдөрдү жүргүзүү жана жылуулук сезонун ийгиликтүү өткөрүү тууралуу болуп жатат.   Ал эми коронавирус менен күрөшүү тууралуу айта турган болсок, бардык зарыл сумма өз убагында бөлүнөт.… Кененирээк…

Кыргызстанда вирусту жеңгендердин саны дагы 483 адамга көбөйдү

Кыргызстанда вирусту жеңгендердин саны дагы 483 адамга көбөйдү. Сакайгандардын басымдуу бөлүгү Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарына жана Бишкекке туура келет, — деп билдиришти республикалык штабдан. Ушуну менен ковидден айыккандардын жалпы саны 56 миң 307 адамды түздү.