Онлайн сабактарды дагы калтырбай окуу керек

Онлайн сабактарды дагы калтырбай окуу керек. Бишкектин Биринчи май прокуратурасы онлайн сабактарды калтырып жаткан окуучуларды аныктайт. Көзөмөлдөөчү органдын маалыматына ылайык, чара бузууларды жана жашы жете электердин көчөдө көп жүрүүсүн алдын алуу максатында жасалат.   Ата-энелер менен дагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.   Эске салсак, ордо калаа… Кененирээк…

Бишкек милициясы чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат

Бишкек милициясы чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат. Чөнтөкчүлөрдөн жабыркап калбаш үчүн телефонду эчкимге бербеш керек. Андан тышкары, коомдук транспортто баалуу буюмдарды жана акчаны ички чөнтөккө салуу сунушталат.   Ал эми смартфонду бекем колго эле кармап алуу оң. Ушундай жөнөкөй эрежелерди кармануу уурулардан коргойт.

Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкекте дагы бир унаа тейлөөчү борбор ачууну пландап жатат

Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкекте дагы бир унаа тейлөөчү борбор ачууну пландап жатат. Бизге билдиришкендей, учурда имаратты ижарага алуу жана башка уюштуруучу суроолор чечилип жатат.   Борборду ведомство быйыл ачуу ниетинде, бирок айрым маселелерди өз убагында чечүү мүмкүн болбой калса, анда объект шаар тургундары үчүн 2021-жылдын… Кененирээк…

Испанияда тажрыйбасы аз адистер айкелдин көрүнүшүн бузуп салышты

Испанияда тажрыйбасы аз адистер айкелдин көрүнүшүн бузуп салышты. Паленсия шаарындагы малчы кыздын эстелигин кайра калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн.   Эми анын башы картөшкөгө окшошуп калды. Эми аны шаар тургундары “мультик баш” деп аташууда. Айкел аларда качан оңдолот жана эмне себептен тажрыйбасы жок адамдар аны оңдогон… Кененирээк…

2021-жылдын башкы өңү айтылды

2021-жылдын башкы өңү айтылды. Ал ачык көгүлтүр түс. Ал тынчтыкты жана эртеңки күнгө болгон ишенимди тартуулайт. Эксперттердин айтымында, бул өң энергия жана жаңы ачылыштарга күч берет.   Адистер келе жаткан жылдын башкы темалары кайра жандануу жана калыпка келүү дешти.

Бишкекте убактылуу баш калкалоочу жайлар кышка толук даяр

Бишкекте убактылуу баш калкалоочу жайлар кышка толук даяр. Мэриядан билдиришкендей, суук тушкөндө туруктуу жашаган жери жок жарандар үчүн, борбордо муниципалдык баш калкалоочу жайлар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.   Аларда ысык тамак берилип, түнөп кетүү үчун орундар түзүлгөн. Куткаруучулардын, медайымдардын нөөмөтү дагы уюштурулат.

Айыл-чарба министрлигинде коррупция фактыларын билдирүү үчүн WhatsApp канал ачылды

Айыл-чарба министрлигинде коррупция фактыларын билдирүү үчүн WhatsApp канал ачылды. Бул тууралуу министр Тилек Токтогазиев жарыялады. Анын айтымында, кылмыштуулукту тастыктоочу сүрөт жана видеолор менен билдирүүлөр 0555 43-33-00 номуру боюнча кабыл алынат.   Түшкөн маалыматтарды атайын түзүлгөн комиссия иликтеп, жыйынтыгы менен чара кабыл алынат.

Оор учурда каражатты үнөмдөө керек. Мындай пикирди карманган вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева 3 чиновникти Түркияга командировкага жөнөтпөй койду

Оор учурда каражатты үнөмдөө керек. Мындай пикирди карманган вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева 3 чиновникти Түркияга командировкага жөнөтпөй койду.   Белгилүү болгондой, кабыл алган тарап 2 кызматкердин чыгымын төлөп берүүгө даяр болчу. Ал эми 3 чиновник мамлекеттик бюджеттин эсебинен барышмак. Жыйынтыгында, Түркияга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча кызматтык… Кененирээк…

Өлкөдө орточо айлык 17 миң 926 сомду түзөт

Өлкөдө орточо айлык 17 миң 926 сомду түзөт.  Январдан сентябрга чейинки маалыматтарды Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, өткөн жылга салыштырмалуу, маяна орточо эсеп менен 9,2 пайызга жогорулады.   Кыргызстанда эң эле көп айлыкты каржылык ортомчулук, камсыздандыруу, маалымат жана байланыш, ошондой эле кен казуу тармактарынын… Кененирээк…

Кыргызстанда келе жаткан жылдын 1-январынан тарта милдеттүү ОСАГОну киргизүү пландалууда

Кыргызстанда келе жаткан жылдын 1-январынан тарта милдеттүү ОСАГОну киргизүү пландалууда. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, айдоочулар жолинспекторлоруна күбөлүк жана техпаспорттон тышкары, камсыздандыруу полисин дагы көрсөтүшү керек болот.   Ал жок болсо, унааны башкарууга тыюу салынат. Тиешелүү токтом коомдук талкууга чыгарылды. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда милдеттүү ОСАГО… Кененирээк…