Чехияда бүт өлкө аркылуу өтө турган туристтик жөө жүрүүчү каттам ачылды

Чехияда бүт өлкө аркылуу өтө турган туристтик жөө жүрүүчү каттам ачылды. Тротуардын жалпы узундугу 1 миң чакырымдан ашат. Саякатчылар кооз тоо кыркаларын жана жаратылыш парктарын басып өтөт.   Жолду толугу менен басып чыгуу үчүн 40 күндө талап кылынат.

Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу кийинки жылдын июнь айында жыйынтыкталат

Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу кийинки жылдын июнь айында жыйынтыкталат. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, трасса колдонууга 2021-жылдын ноябрында берилет.   Ага чейин көчө жарыгын орнотуу, жолдун ортосунда бетон блокторду коюу жана жол чийиндерин түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Эске салсак, Бишкек-Кара-Балта унаа жолунда бардык жумуштар ушул жылдын… Кененирээк…

Баткен облусунда 600 гектардан ашык жер үйлөрдү куруу алдына бөлүндү

Баткен облусунда 600 гектардан ашык жер үйлөрдү куруу алдына бөлүндү. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, буга чейин жергиликтүү тургундар турак-жай куруу алдына жер тилкелеринин жетишсиздигине даттанышкан.   Бул маселени чечүү үчүн Суу-Башы жана Дара айыл аймактарында “айыл-чарба үчүн жер” категориясынан тилкелер “калк жашаган түйүндөргө жер” категориясына өзгөртүлдү.

Бишкек жана Кадамжайда эки мобилдик стационар курулат

Бишкек жана Кадамжайда эки мобилдик стационар курулат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Анын айтымында, дарылоочу жайларды куруу боюнча макулдашуу өзбек тарап менен жетишилди. Стационарларда бардык зарыл медициналык жабдуулар орнотулат.

Президенттикке талапкерлер кол топтоо боюнча барактарын 3-декабрга чейин тапшырышы керек

Президенттикке талапкерлер кол топтоо боюнча барактарын 3-декабрга чейин тапшырышы керек. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, талапкерди колдогон жарандардын саны 30 миңден кем эмес жана  60 миңден көп эмес болушу шарт.   Андан кийин комиссия аларды текшерет. Иштерге сертификациядан өткөн адистер тартылат.   Эске салсак, президенттикке… Кененирээк…

Насыя алгандарга үч айлык жеңилдик берилди

Өкмөт финансы-насыя уюмдарынан насыя алгандарга мамлекеттен колдоо көрсөтүү тууралуу токтом кабыл алды. Ага ылайык, быйылкы жылдын 1-октябрына чейин 100 миң сомго чейинки суммада насыя алгандар үч айдын – быйылкы жылдын декабры жана келерки жылдын январь, февраль айлары үчүн үстөк пайызын төлөөдөн бошотулат.   Эгер ал… Кененирээк…

Японияда видео чалуу учурунда пижаманы костюмдай кылып көрсөтүүчү тиркеме чыгарылды

Японияда видео чалуу учурунда пижаманы костюмдай кылып көрсөтүүчү тиркеме чыгарылды. Ал колдонуучунун жүзүн жана кыймыл аракетин таанып, аларды реалдуу режимде каалаган сүрөткө дагы коюп коет.   Ойлоп табуучулардын айтымында, видео чалуулар популярдуу болгондуктан, тиркеме аларга атайлап которунуп, жасанып отурбай эле дароо байланышка чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Бельгия бийлиги жергиликтүү Аяз Аталарга балдарды куттуктоо үчүн карантинди бузууга уруксат берди

Бельгия бийлиги жергиликтүү Аяз Аталарга балдарды куттуктоо үчүн карантинди бузууга уруксат берди. Андан тышкары, алар коменданттык саат эрежелерин сактабай эле койсо болот, анткени балдарга белектер адатта түнкүсүн ташылат.   Бул үчүн Санталар эч кабатыр болбошу үчүн атайын расмий уруксат кагазы дайындалды.

Бишкек-Ош жолу кыймылга ачык

Бишкек-Ош жолу кыймылга ачык. Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Ала-Бел, Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында жолчулар иштеп, карды тынбай тазалап жатат.   Инерттүү материал дагы себилүүдө. Алыскы сапарга чыккан айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, ылдамдыкты жогорулатпай жана унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактап жүрүү сунушталат.

Кыргызстанда коронавирустан 555 адам айыкты

Кыргызстанда коронавирустан 555 адам айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 140, Ошто 84, Чүйдө 92, Таласта 18, Нарында 5, Ысык-Көлдө 51, Жалал-Абадда 90, Баткенде 72 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 58 миң 315ти түздү.