Кыргызстанда дагы 427 адам коронавирустан айыкты
Кыргызстанда дагы 427 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 91, Ошто 57, Чүйдө 81, Таласта 11, Нарында 3, Ысык-Көлдө 33, Жалал-Абадда 85, Баткенде 66 бейтап ооруканадан чыгарылды. Ушуну менен өлкөдө коронавирустан айыккандардын жалпы саны 59 миң 789ду түздү.