Америкалык ырчы Тейлор Свифт «жылдын мыктысы» деп табылды

Америкалык ырчы Тейлор Свифт “American Music Awards” музыкалык сыйлыгынын статуэткасын 6-ирет жеңип алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.   Тейлор Свифт “Поп-музыка жанрындагы мыкты ырчы”, “Cardigan” видеоклиби үчүн “Мыкты музыкалык клип” номинацияларын дагы жеңди. 30 жаштагы ырчы айым ушуну менен 30-статуэткасын алып, 24 статуэткасы бар… Кененирээк…

Чек арадан аткезчилик жүк кармалды

2020-жылдын 22-ноябрь күнү саат 22.20 чамасында Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөтүнүн Достук жергилигинде «Солидарность 2019-2021» чек ара операциясынын алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү билдирди. Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгы, облустук мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин… Кененирээк…

Бишкекте “Ынтымак-2” эс алуу багынын курулушу уланууда

Бишкекте “Ынтымак-2” эс алуу багынын курулушу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, бул жерде кийин амфитеатр дагы пайда болот. Учурда анда боз үй формасындагы конструкция орнотулуп жатат.   Ал эми отургучтар сарыташ менен жасалгаланат. Ошондой эле, паркта бийиктиги 5 метрге жеткен комуз пайда болот. Бүгүнкү күндө адистер… Кененирээк…

Президенттикке талапкерлер үчүн кол топтоо барактарынын формасы БШКнын сайтында жеткиликтүү

Президенттикке талапкерлер үчүн кол топтоо барактарынын формасы БШКнын сайтында жеткиликтүү. Бул тууралуу 24 агенттигине Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.   Анын айтымында, форманы баысп чыгарып, кол топтоону баштоо керек. Эске салсак, өлкөнүн башкы постуна талапкер өзүн колдогон 30 миң жарандын колун чогултушу кажет.… Кененирээк…

Кыргызстан коронавирус менен абал оорлоп кеткен учурга даяр

Кыргызстан коронавирус менен абал оорлоп кеткен учурга даяр. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков жарыялады. Анын айтымында, өлкөдө препараттар жана жеке коргонуучу каражаттар жетиштүү.   Новиков белгилегендей, Бишкек жана аймактарда сатылып жаткан дары-дармектин баасында чоң айырма болбошу керек.   Андыктан, Саламаттыкты сактоо министрлиги баалары… Кененирээк…

“Түндүкэлектр” эртең карызы бар керектөөчүлөрдүн жарыгын өчүрөт

“Түндүкэлектр” эртең карызы бар керектөөчүлөрдүн жарыгын өчүрөт. Бөлүштүрүүчү компаниядан билдиришкендей, кеп тиричилик жана тиричилик эмес абоненттер тууралуу болуп жатат.   Бересеси бар жарандар карыздарын эртеңкиге чейин төлөө терминалдары жана почта бөлүмдөрү аркылуу төлөшү керек.

Бишкек-Ош унаа жолунда 4 жылынуучу түйүн ачылды

Бишкек-Ош унаа жолунда 4 жылынуучу түйүн ачылды. novosti.kgге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, объектилер Сосновка жана Арал өткөрүү түйүндөрүндө иштеп жатат.   Аларда чукул кырдаалдар жаралганда айдоочулар жана алардын жүргүнчүлөрү кышы бою жылына алат. Ошондой эле, түйүндөрдө ысык тамак жана чай акысыз берилет.

Токтогул суу сактагычындагы нымдуулуктун көлөмү жана импорттолгон электр энергиясы кышты ийгиликтүү өткөрүүгө жетиштүү

Токтогул суу сактагычындагы нымдуулуктун көлөмү жана импорттолгон электр энергиясы кышты ийгиликтүү өткөрүүгө жетиштүү. Бул тууралуу Өндүрүш жана энергетика мамлекеттик комитетинин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев билдирди.   Анын айтымында, учурда Токтогул суу сактагычында 14,5 миллиард кубометр нымдуулук бар. Андан тышкары, Казакстандан электр энергиясы экспорттолуп баштады.   Коңшу… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө газ өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө газ өчүрүлөт. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, 24-27-ноябрь аралыгында Красный Строитель шаарчасында, Сары-Челек, Кыргыз, Логвиненко, Курманалиев, Зеленая, Колхоз, Элебесов көчөлөрүндө жок болот.   Жалпысынан 3 миң 920 керектөөчүнүн көгүлтүр оту өчүрүлөт. Убактылуу чектөөлөр Курманалиев көчөсүндөгү түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрүү түйүнүндө оңдоо иштери декабрда жыйынтыкталат

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрүү түйүнүндө оңдоо иштери декабрда жыйынтыкталат.   Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, калыбына келтирүү иштерине пунктту заманбап техника менен камсыздоо дагы кирет.   Белгилеп кетсек, түйүн аркылуу күнүнө 1 миң адам жана миңден ашык унаа өтөт. Ремонттон кийин анын өткөрүү мүмкүнчүлүгү эки эсе… Кененирээк…