Өкмөт Жаңы жылды майрамдоого чектөө киргизүүнү сунуштады

Өкмөт Жаңы жылды майрамдоого чектөө киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиеванын катышуусу менен Республикалык штабдын отурумунда жарыяланды. Кеп, корпоратив иш-чараларын белгилөөдөн баш тартуу тууралуу болуп жатат.   Учурда өкмөт бул суроону чечип жатат. Демилге коронавирус пандемиясына байланыштуу.

Мамлекеттик курулуш жана архитектура кызматы социалдык багыттагы  53 объектини жыйынтыктады

Мамлекеттик курулуш жана архитектура кызматы социалдык багыттагы  53 объектини жыйынтыктады. Кеп, мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, спорт залдары, маданият объектилери жана таза суу системасы тууралуу болуп жатат.   Эң көп жаңы имараттар Ош, Жалал-Абад облустарында пайда болду. Долбоорлорду каржылоо мамлекеттик бюджет жана аймактарды өнүктүрүү фонду тарабынан… Кененирээк…

Бишкек шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлдү

Бишкек шаардык кеңешинде жаңы түзүлгөн коалициянын катышуусу менен бүгүнкүгө, 24-ноябрга пландалган алгачкы сессия болгон жок. «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Канатбек Музуралиев «Азаттыкка» үч фракция кирген коалиция өткөн аптада түзүлгөнүн билдирди:   «КСДП, «Республика — Ата Журт» жана «Мекеним Кыргызстан» коалиция түзүшкөн. Бүгүн сессияда… Кененирээк…

Илон Маск миллиардерлер рейтингинде Microsoft компаниясынын жетекчиси Билл Гейтсти артта калтырды

Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск миллиардерлер рейтингинде Microsoft компаниясынын жетекчиси Билл Гейтсти артта калтырды. Эми ал дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесинде экинчи орунда турат.   Илон Маскттын байлыгы – 128 миллиард доллар. Ал эми рейтингдин сап башында Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос 182 миллиард доллары… Кененирээк…

Баткендин Бүжүм айылынын тургундары медицина кызматкерлерине тез жардам унаасын сатып беришти

Баткендин Бүжүм айылынын тургундары медицина кызматкерлерине тез жардам унаасын сатып беришти. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма-сөз кызматкери Чолпон Бердигулова билдирди.   Анын айтымында, буга чейинки унаа эскилиги жетип, калыбына келтирүүгө муктаж. Ал эми жаңы тез жардам машинеси Кара-Булак жана Бүжүм айылдарынын 15 миңден… Кененирээк…

Ош облусунун Маданият айылында мектептин курулушу дээрлик 70 пайызга жыйынтыкталды

Ош облусунун Маданият айылында мектептин курулушу дээрлик 70 пайызга жыйынтыкталды. Мамлекеттик курулуш жана архитектура кызматынын маалыматына ылайык, билим берүү мекемеси 225 окуучуга чакталат.   Мектептин курулушуна каражатты Сауд Арабия фонду бөлүп берген. Белгилеп кетсек, долбоордун баасы  800 миң долларды түзөт. Объект колдонууга кийинки жылы берилет.

200 миң кыргызстандык президенттик шайлоолордо добуш бере албайт

200 миң кыргызстандык президенттик шайлоолордо добуш бере албайт. Себеби – форма-2 жоюлганында. Бул тууралуу 24 агенттигине БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.   Анын айтымында, бул форма менен эми шайлоо күнү чет мамлекетте жүргөн кыргызстандыктар гана добуш бере алат. Эске салсак, мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор 10-январда… Кененирээк…

Катуу сууктан кийин Бишкекке жылуу күндөр кайтып келет

Катуу сууктан кийин Бишкекке жылуу күндөр кайтып келет. Синоптиктердин маалыматына ылайык, аба табы акырындап бүгүн көтөрүлүп, жума күнү мамычалар +9 градусту көрсөтөт.   Бирок ишембиде кайрадан суук түшүп, кар жаайт. 2-3 күн кыштын аба-ырайы турукташып, дүйшөмбүдө кайра күн жылыйт. Адистердин айтымында, температуранын ушундай серпилүүсү кышы… Кененирээк…

Баткенде карантиндик лабораториянын курулушу башталды

Баткенде карантиндик лабораториянын курулушу башталды.   Бул тууралуу Айыл-чарба министри Тилек Токтогазиев билдирди. Анын айтымында, лаборатория ата мекендик жана импорттук материалдардын үлгүлөрүн экспертизадан өткөрөт.   Бул ишкерлердин жүгүн бир топ жеңилдетет, анткени учурда продукция Ошто гана текшерилет. Имаратты куруунун сметалык баасы 10 миллион 650 миң… Кененирээк…

Кытай «бир үй-бүлө — бир бала» саясатынан баш тартат

Кытайда калктын санын көбөйтүү максатында көп жылдык «бир үй-бүлө — бир бала» саясатынан баш тартат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Жазылган маалыматка ылайык, Пекинде 2021-жылдан 2025-жылга чейин демографиялык саясат жүргүзүү күтүлүүдө. Аталган саясат балдардын төрөлүшүнүн санын көбөйтүүгө багытталат.   Кытайда «бир үй-бүлө — бир… Кененирээк…