Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФА рейтингинде бир позициясын жоготту

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФА рейтингинде бир позициясын жоготту. Жаңыланган тизме Европа улуттар Лигасынын жана башка достук беттештердин жыйынтыгы менен түзүлдү.   Биздин команда отчеттук мезгилде оюн өткөргөн эмес, андыктан алдыга Люксембург курамасын чыгарып, 95-орундан 96чыга түштү.   Ал эми Азиялык футбол конфедерациясы мамлекеттеринин рейтингинде… Кененирээк…

Жаңы жылдык корпоративдерге салынган тыюу азырынча мамлекеттик жана муниципалдык органдарга гана тиешелүү

Жаңы жылдык корпоративдерге салынган тыюу азырынча мамлекеттик жана муниципалдык органдарга гана тиешелүү. Бул тууралуу novosti.kgге өкмөт аппаратынан билдиришти.   Чектөө жеке компанияларга дагы тийиштүү боло турганы азырынча белгисиз. Бийлик тыюунун аткарылышын кантип текшере турганы дагы белгисиз. Эске салсак, жаңы жылдык корпоративдер быйыл  өткөрүлбөйт деп вице-премьер-министр… Кененирээк…

Кыргызстанда 1 миң 66 мектеп кадимки режимде иштеп жатат

Кыргызстанда 1 миң 66 мектеп кадимки режимде иштеп жатат. 545 орто окуу жайы – азырынча аралыктан билим берүүдө, — деди Билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев.   Анын айтымында, учурда эпидемиологиялык абалга жарада мектептер аймактарда ачылып жатат. Окуучуларды салттуу режимге кайтаруу боюнча чечимди жергиликтүү органдар чыгарууда.… Кененирээк…

Ошто Кайгуул милиция кызматы 1-декабрда иштеп баштайт

Ошто Кайгуул милиция кызматы 1-декабрда иштеп баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма-сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.   Анын айтымында, учурда биринчи этаптын  129 катышуучусу кесиптик даярдык боюнча окууларын жыйынтыктап жатат. Жакынкы күндөрү алар атайын сынактан өтөт. Тиешелүү буйрук чыкканда, кайгуул милиция… Кененирээк…

Бишкекте банктардын биринде чыккан өрттөн жабыркагандар жок

Бишкекте банктардын биринде чыккан өрттөн жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Эске салсак, тилсиз жоо бүгүн эртең мененки саат 9да Аламүдүн районунда жайгашкан банк бөлүмүндө катталды.   Жерине өрт өчүрүүчүлөрдүн 1 бригадасы тартылды. Жалынды толук басууга 1 сааттай талап кылынды. Өрттүн келип чыгуу… Кененирээк…

Ошто жер титиреди

Бүгүн эртең менен Ош облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги КРдин Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.   Саат 06:27деги жер силкинүүнүн күчү Ноокат районунун Жайылма айылында, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Кашка-Суу айылдарында үч баллга жетти. Жер титирөөдөн жабыркагандар… Кененирээк…

Нидерландыда телефон менен сүйлөшүп бараткан айдоочуларды аныктоочу атайын камералар орнотулду

Нидерландыда телефон менен сүйлөшүп бараткан айдоочуларды аныктоочу атайын камералар орнотулду. Жергиликтүү бийлик мунун менен авариялардын санын кыскартуу ниетинде.   Камера ар бир унааны тартып калат.  Ал эми компьютер системасы сүрөттү анализдейт. Эгер бузуу катталса, сүрөт полицияга жөнөтүлөт. Белгилеп кетсек, Нидерландыда унаа башкарып баратып смартфон менен… Кененирээк…

Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп Вероника Исаева дайындалды

Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп Вероника Исаева дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду.   Вероника Исаева акыркы үч жылда жеке бизнесте өнөр жай долбоорлорун ишке ашырып келген.

Улуттук банк сомду колдоо аракетин тынбай көрүүдө

Улуттук банк сомду колдоо аракетин тынбай көрүүдө. Кечээ өлкөнүн башкы каржы мекемеси дагы интервенция өткөрүп, 5 миллион 800 миң сом сатты. Бул ноябрь айындагы тогузунчу ири каржылык операция болду.   Жалпысынан бул айда  110 миллион долларга жакын сатылды. Бирок Улуттук банктын бул аракеттери жыйынтык бере… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 402 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 402 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, Бишкекте 122, Ошто 61, Чүйдө 75, Таласта 11, Ысык-Көлдө 26, Нарында 10, Жалал-Абадда 48, Баткенде 49 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 62 миң 946га жетти. Бул жалпы ооругандардын 88 пайызын түзөт.