Европадагы эң чоң 3D форматындагы үй Германияда курулууда

Европадагы эң чоң 3D форматындагы үй Германияда курулууда. Аны 3 эселүү принтердин жардамы менен куруп жатышат. Жалпы аянты 380 чарчы метрди түзгөн үйдө 5 батир жайгашат.   Система өзү бетонду аралаштырып, өзү дубалды тургузууда. Куруучулар мындай жаңычылдыкты жакшы кабыл алып, ал убакытты кыйла үнөмдөй турганын… Кененирээк…

Кара-Балта шаарына жаңы жетекчи шайланды

Кара-Балта шаарына жаңы жетекчи шайланды. Шаардык кеңеш депутаттарынын добуштарынын басымдуусун Данияр Шакирбаев алды. Анын талапкерлигин 31 депутаттын 18и колдоду.   Эске салсак, буга чейинки мэр Данияр Шабданов 7-октябрда шаардык кеңештин чечими менен иштен алынган.

Райым Матраимов убадалаган акчасынын дагы бир бөлүгүн атайын эсепке которду

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов Финансы министрлигинин экономикалык мунапыс үчүн ачылган бирдиктүү депозитине 646 миллион сом которду. Бул тууралуу КТРКнын эфиринде Борбордук казынанын жетекчисинин орун басары Мирлан Шабданов билдирди. Анын сөзүн Финансы министрлигинин маалымат кызматынан дагы тастыкташты.   «Бирдиктүү депозитке жалпысынан 667 миллион сом… Кененирээк…

Марадонанын өлүмүнөн улам анын дарыгерине иш козголду

Атактуу аргентиналык футболист Диего Марадонанын жеке дарыгери кокусунан киши өлтүрүүгө барган деп шек саналып жатат. Прокуратуранын буйругу менен дарыгер Леопольд Лукенин үйүндө жана жеке кеңсесинде тинтүү жүргүзүлдү.   Тергөө иштери Марадонанын кыздарынын көрсөтмөсүнөн кийин башталды. Алар атасынын өлүмүнө жеке дарыгери күнөөлүү болушу мүмкүн экенин айтышкан.… Кененирээк…

Талант Мамытов Россияга расмий иш сапары менен барат

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россияга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу МамДуманын төрагасы Вячеслав Володин билдиргенин РИА Новости жазды.   Билдирмеге ылайык, төраганын иш-сапары 7-декабрга белгиленген.   30-ноябрда, дүйшөмбү күнү, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун пленардык жыйыны онлайн-форматта өттү. Анда Володин Мамытовго кайрылып,… Кененирээк…

Кыргызстанда туризмдин көлөмү 90% кемиди

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өнүктүрүү программасы (UNDP) өткөргөн туризм тармагында иштегендер үчүн онлайн тренингде 2020-жылы өлкөдө туризм тармагынын 90% киреше ала албай калганы айтылды.   Аталган программа Кыргызстанда «окуялуу туризмди өнүктүрүү» багытында Нарын, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустунун ишкерлери үчүн аралыктан окутуу уюштурган. 30-ноябрда тренингдин ачылышы… Кененирээк…

Кыргызстандын улуттук курама командасы сууда сүзүү боюнча лицензиялык Өзбекстандын ачык кубогунда 11 медалга ээ болду

Кыргызстандын улуттук курама командасы сууда сүзүү боюнча лицензиялык Өзбекстандын ачык кубогунда 11 медалга ээ болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кыргызстандык төрт спортчу үч алтын, беш күмүш, үч коло медалга ээ болду.   Мелдешке жалпысынан 300 спортчу катышты.

Ала-Тоо аянтында башкы балаты орнотулуп баштады

Ала-Тоо аянтында башкы балаты орнотулуп баштады. Учурда мэриянын кызматкерлери анын каркастарын тургузуу үстүндө иштеп жатат. Башкы балатынын оту 10-декабрда жанат.   Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл жаңы жылдык концерт жана салют уюштурулбайт.

Кыргызстанда июнь айынан бери кызамык менен ооруган жаран каттала элек

Кыргызстанда июнь айынан бери кызамык менен ооруган жаран каттала элек. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.   Анын айтымында, январдан май айына чейин 730 учур катталган. Июнь айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин кызмамык токтоду, — деп белгиледи Ишенапысова.   Эске салсак, кызамык… Кененирээк…

Россия чет элдиктерге жана жарандыгы жоктор үчүн өз аймагында жүрүү мөөнөтүн 2021-жылдын жайына чейин узартууну пландап жатат

Россия чет элдиктерге жана жарандыгы жоктор үчүн өз аймагында жүрүү мөөнөтүн 2021-жылдын жайына чейин узартууну пландап жатат.   Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин миграция суроолору башкармалыгынын башчысынын орун басары Кирилл Адзинов билдирди.   Ал белгилегендей, бул коронавирус пандемиясына байланыштуу. Эске салсак, буга чейин Владимир Путин… Кененирээк…