Чемпиондор лигасынын жадыбалы

Бүгүн, 1-декабрдан 2-декабрга караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычтагы оюндары өтөт. Анда 4 тайпадагы 16 команда ойнойт.   Оюндардын тизмеси: «А» тайпасы: «Локомотив (Орусия) — «Ред Булл Зальцбург» (Австрия); Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 23:55те башталат. «Атлетико Мадрид» (Испания) —… Кененирээк…

Дастан Дүйшекеев президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнө жетекчи болду

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнө 33 жаштагы Дастан Дүйшекеев дайындалды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирүү тарата элек, бирок расмий сайтында ал бөлүм башчы катары көрсөтүлүп турат.   Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов жана маалымат катчысы Галина Байтеректен комментарий алуу мүмкүн болбой жатат.… Кененирээк…

Түркияда коронавирус боюнча чектөөлөр күчөдү

1-декабрдан баштап Түркияда иш күндөрү кечки саат тогуздан таңкы бешке чейин, дем алыш күндөрү толугу менен көчөгө чыгууга тыюу салынды. 30-ноябрда президент Режеп Тайып Эрдоган басма сөз жыйынында кайрадан коронавируска байланышкан чектөөлөр киргизилгенин кабарлады. Кабыл алынган чечимге ылайык, өлкөдө ишканалардын баары кечки саат сегизде толук… Кененирээк…

Ысык-Көлдө 60 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды

Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз жеке менчикке өткөн 60 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.   Билдирүүгө ылайык, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ысык-Көл райондук бөлүмү тарабынан 2019-жылдын июль айында жокко чыгарылган соттун чечиминин негизинде Б.М. аттуу жаран «Рохат» жана «Алтын Көл» пансионаттарынын ортосунда жайгашкан 60… Кененирээк…

АКШда багбан  салмагы 1 тонна ашкабак өстүрдү

АКШда багбан  салмагы 1 тонна ашкабак өстүрдү. Өз түшүмүн Анока шаарынын 40 жаштагы тургуну ашкабак сынагына алып келди. Өсүмдүктү таразага тартканда, ал 1 миң 66 килограммды көрсөттү.   Эркек аны күнүнө 10 жолу сугарганын айтууда. Жеңиши үчүн ага 16 миң доллар тапшырышты.

Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги социалдык маанидеги  53 объектинин курулушун аяктады

Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги социалдык маанидеги  53 объектинин курулушун аяктады. Кеп мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, спорт залдары, мадания объектилери жана суу системалары тууралуу болуп жатат.   Эң көп жаңы курулуштар Ош жана Жалал-Абад облустарында пайда болду. Аларга каражат  мамлекеттик бюджеттен  жана аймактарды өнүктүрүү фонду… Кененирээк…

Кыргызстанда элге акысыз юридикалык жардам берүү декадасы башталды

Кыргызстанда элге акысыз юридикалык жардам берүү декадасы башталды. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, 5-декабрга чейин ар бир облустун тургуну  акимчилик, мэрия, айыл өкмөтү, нотариалдык контора жана башка мекемелерден укуктук кеп-кеңеш ала алат.   Акция 10-декабрь – Адам укуктарынын эл аралык күнүн утурлай уюштурулууда.

Улуу Британияда эркек унаа сатып алып, 30 секунддан кийин эле андан айрылып калды

Улуу Британияда эркек унаа сатып алып, 30 секунддан кийин эле андан айрылып калды. Окуя Нортгемптон шаарында болду.   Эркек машинени сатып алып, унаа салонунан чыгып баратканда эле же сүйүнгөнүнөн же толкунданганынан, айтор  полициянын кызматтык унаасын сүзүп ала жаздаган.   Тартип сакчылар анын документтерин текшерип, камсыздандыруу… Кененирээк…

Айдоочу күбөлүктөрүн мыйзамсыз берип, бирок бирдиктүү базага киргизүү боюнча социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт

Айдоочу күбөлүктөрүн мыйзамсыз берип, бирок бирдиктүү базага киргизүү боюнча социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.   Ведомстводон эске салышкандай, айдоочу күбөлүктөрүн бир гана “Унаа” мамлекеттик ишканасы тапшырат. Андыктан, жарандар социалдык тармактардагы жалган билдирүүлөргө ишенип, алданбашы керек.

Ош облусунда эки заманбап төрөт үйү курулду

Ош облусунда эки заманбап төрөт үйү курулду. Өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объектилер Өзгөн жана Араван райондорунда жайгашат.   Төрөт үйлөрүн курууга жана аларды тиешелүү медициналык жабдуулар, эмеректер менен камсыз кылууга каражатты эл аралык уюмдар бөлүп берген.