Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов ЖККУнун онлайн жыйынына катышты

Кыргызстандын бийлиги 10-январга белгиленген президенттик шайлоону таза жана атаандаштык негизде өткөрүү үчүн бардык аракетин жумшайт, себеби бул өнөктүк өлкөдөгү абалды мындан ары турукташтыруу үчүн маанилүү кадам болуп эсептелет. Бул тууралуу президенттин милдетин аткарып жаткан парламент төрагасы Талант Мамытов 2-декабрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) видеоконференция… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң байыркы мейманкана Японияда жайгашат

Дүйнөдөгү эң байыркы мейманкана Японияда жайгашат. Хаякава кыштагында жайгашкан конок үйү 705-жылдан бери иштеп келет. Ал эскилиги менен Гиннес рекорддор китебине да киргизилген.   Мейманкананы 1 миң 300 жылдан бери бир үй-бүлөнүн 52 мууну башкарып келет. Ал 1997-жылы бир жолу гана оңдоп-түзөөдөн өткөн. Мейманканада 37… Кененирээк…

Тайгактыктан жабыркагандардын алгачкылары дарыгерлерге кайрылууда

Тайгактыктан жабыркагандардын алгачкылары дарыгерлерге кайрылууда.   28-ноябрдан 2-декабрга чейин ордо калаанын травмпункттарына 7 адам кайрылды. Медициналык-кеңеш берүү кызматтары борборунун башкы дарыгери Назгүл Алиаскарованын айтымында, жабыркагандардын арасында сөөгүн сындырып, этин чоюп алгандар бар.   Дарыгерлер жарандарды тротуарларда абайлап, муз жок жерден басып, таманы сыйгалак бут кийимдерден… Кененирээк…

Бишкекте тойканалар боюнча жаңы алгоритм иштелип чыгууда

Бишкекте тойканалар боюнча жаңы алгоритм иштелип чыгууда. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.   Анын айтымында, алгоритмде ашканалар кандай шартта иштей турганы, тейлөөчү кызматкерлерге кандай талаптар боло турганы жана ПЦР-анализ канча күндө бир алынып турушу керектиги жазылат.   Эске салсак, Кыргызстанда коронавируска байланыштуу… Кененирээк…

Таллинде маймыл өзү отурган жердин айнегин жууп койду

Таллинде маймыл өзү отурган жердин айнегин жууп койду. Зоопарктын кызматкерлери тарткан видео социалдык тармактарда жүктөлдү. Алардын бири шимпанзхе отурган вольерди тазаланаганды унутуп калган.   Анда маймыл ага жардамга келди. Видеодо шимпанзе щетканы алып, аны менен жердеги таштандыны шыпырып, андан кийин айнекти жууп киргенин көрсө болот.

Ошто дагы кинотеатр, компьютердик клубдардын иши жанданды

Ошто дагы кинотеатр, компьютердик клубдардын иши жанданды. Бул тууралуу “Азаттыкка” түштүк калаа мэриясынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ошондой эле, ресторандардын жана балдар аянттарынын ишине уруксат берилди.   Аталган жайларда санитардык талаптар толук сакталышы зарыл.   Аларды жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алат. Андан тышкары, буга чейин… Кененирээк…

WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болду

WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болду. Эми мессенджердин колдонуучулары тайпаларга жана жеке сүйлошүүлөргө өз-өзүнчө фондогу сүрөттөрдү тандап кое алат.   Андан тышкары, эми колдонуучулар белгилүү бир сөз же смайликтердин жардамы менен каалаган стикерин таап, аны өзүнчө категорияларга бөлүштүрүп алса болот.

Бишкектиктерге жакынкы күндөрү өзгөчө этият болуу сунушталат

Бишкектиктерге жакынкы күндөрү өзгөчө этият болуу сунушталат. Буга чейин калың кар жаап, ал эми бүгүн-эртең күн кескин жылып кеткенине байланыштуу, имараттардын чатырларынан кар жана муз түшүшү күтүлөт.   Куткаруучулар имараттардын алдынан өтүүдө этият болууга чакырат. Өзгөчө көңүл жаш балдардын жүрүүсүнө бөлүнүшү кажет.

Жалал-Абадда социалдык шаарча пайда болот

Жалал-Абадда социалдык шаарча пайда болот. Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, 100дөй аз камсыздалган үй-бүлө турак-жайлуу болуп калат. Андан тышкары, бала бакча, тигүү цехи, мектеп жана башка социалдык объектилерди куруу каралды.   Социалдык шаарчанын ачылышы кийинки жылга белгиленди. Долбоорду ишке ашырууга каражатты эл аралык кайрымдуулук уюму бөлүп… Кененирээк…

Ошто “Кеңсай” конушундагы жолдун курулушу аягына чыкпай калган

Ошто “Кеңсай” конушундагы жолдун курулушу аягына чыкпай калган.   Ага 43 миллион сом бөлүнгөн, — деп билдиришти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан. Белгилүү болгондой, Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы менен жеке компания ортосунда жолду куруу боюнча макулдашуу жетишилген. Конушта жаңы жол ошол бойдон курула… Кененирээк…