Францияда ашпозчу пицца жасап рекорд койду

Францияда ашпозчу пицца жасап рекорд койду. Ал пиццасына сырдын 254 түрүн кошту. Мындай  өзгөчө азык Гиннес рекорддор китебине каттоого алынды. Ашпозчу белгилегендей, ал үчүн мындай рекорд анын өлкөсүнө таандык болушу өтө маанилүү.   Анткени, Франция сырдын мекени болуп эсептелет.

Бишкектин айрым аймактарында эртең электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында эртең электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин”  макалыматына ылайык, таңкы саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Карасаев, Юнусалиев көчөлөрүндө жана Ала-Тоо, Арча-Бешик, Ак-Босого конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Нарын облусунун Жумгал районунда мектептер салттуу режимге өтүүдө

Нарын облусунун Жумгал районунда мектептер салттуу режимге өтүүдө. Бул тууралуу райондук билим берүү башкармалыгына шилтеме келтирип “Турмуш” жазды. 300дөн көп эмес окуучу билим алган мектептердин бардык окуучулары   7-декабрдан тарта  парталарына кайтып келет.   Ал эми 300дөн ашык окуучусу бар мектептердин 1-5-9-11-класстары гана салттуу билим алууга… Кененирээк…

Жаңы жылдын алдында мамлекеттик экотехинспекциянын кызматкерлери пиротехника сатуучу түйүндөрдү текшерет

Жаңы жылдын алдында мамлекеттик экотехинспекциянын кызматкерлери пиротехника сатуучу түйүндөрдү текшерет. novosti.kgге ведомстводон билдиришкендей, азыртан өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнө, шаар мэрлерине жана соода борборлорунун жетекчилерине расмий каттар жөнөтүлүүдө.   Инспекторлор эскертет: салют жана фейерверктер атайын белгиленген жерлерде гана сатылышы керек.   Декабрдын ортолорунан  тарта бул эреженин аткарылышы… Кененирээк…

Бишкек мэриясы эртеңден тарта 1-декабрда ачылган объектилерди текшерип баштайт

Бишкек мэриясы эртеңден тарта 1-декабрда ачылган объектилерди текшерип баштайт. Социалдык бөлүмдүн жетекчиси Ренат Айтымбетов билдиргендей, рейддерди атайын мобилдик топтор жүргүзөт. текшерүүлөрдүн алгачкы күндөрүндө эреже бущгандарга айып салынбайт.   Бузууларды жоюуга убакыт дагы берилет. Эске салсак, Бишкекте 1-декабрда кинотеатрлар, фудкорттор, компьютердик клубдар жана башка көптөгөн объектилер… Кененирээк…

Мал-жандыкты сыртка сатууга чектөө эттин баасы турукташканда алынат

Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы сессиясында мал-жандыкты сыртка сатууга коюлган чектөө маселеси көтөрүлдү. Депутат Урматбек Самаев мындай чектөөнү алып салууну фермерлер суранып жатышканын айтты.   Ага жооп берген айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев бул экспорт маселесине жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан саясий… Кененирээк…

Италияда 1 жумада 400 чакырымды басып өткөн эркек кармалды

Италияда 1 жумада 400 чакырымды басып өткөн эркек кармалды. Ал мындай алыскы сапарга аялы менен урушкандан кийин чыккан. Эсептөөлөргө ылайык, эркек уктабай, эс албай 79 саат басты.   Полиция аны байкаганда, эркектин алы кетип, чарчап калган. Бийлик аны коменданттык саат эрежелерди бузгандыгы үчүн айыпка тартып,… Кененирээк…

Референдум тууралуу мыйзам долбоору жалпы сессиянын күн тартибине киргизилди

Кыргызстандагы башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору чукул түрдө парламенттин бүгүнкү сессиясынын күн тартибине биринчи окууга киргизилди.   Бул тууралуу маалыматты мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Акылбек Жапаров «Азаттыкка» ырастап, корутундуга Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш,… Кененирээк…

Кыргызстанда эң аз пенсия 700 сомду, эң көп 145 миң сомду түзөт

Кыргызстанда эң аз пенсия 700 сомду, эң көп 145 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди. Ал тактагандай, эң аз пенсия эмгек стажы 1,5 жыл гана болгон адамга чегерилет.   Кошумчалап кетсек, Соцфонддун расмий маалыматына ылайык, Кыргызстанда 686 миң пенсионер… Кененирээк…

Кытай Кыргызстанга жүк ташуучу унаалардын санын бүгүнтөн тарта көбөйтүүгө даяр

Кытай Кыргызстанга жүк ташуучу унаалардын санын бүгүнтөн тарта көбөйтүүгө даяр. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, кеп “Иркештам” жана “Торугарт” өткөрүү түйүндөрүнүн иш убактысын узартуу тууралуу болуп жатат.   Ошондой эле, аларды күн сайын иштөө графигине өткөрүү пландалууда. Министрлер кабинетинин эсептөөлөрүнө ылайык, бул суткасына 30дан кем эмес унаа… Кененирээк…