Бишкекте жаңы жылдык балатыны кооздоо иштери уланууда

Бишкекте жаңы жылдык балатыны кооздоо иштери уланууда. novosti.kgге мэриядан билдиришкендей, каркасы тургузулду, учурда кыш сулуусун кооздоо иштери уланууда. Болжолдуу түрдө балатыны жандыруу аземи 10-декабрда өтөт. Эске салсак, ушул жылы каражатты үнөмдөө максатында былтыркы жылдагы оюнчуктарды жана башка жаңы жылдык атрибуттарды колдонулат. Үнөмдөлгөн сумманы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү… Кененирээк…

Бишкекте коронавирус боюнча чалуу кызматы таңкы саат 8ден тартып түн ортосуна чейин иштейт

Бишкекте коронавирус боюнча чалуу кызматы таңкы саат 8ден тартып түн ортосуна чейин иштейт. Бул тууралуу шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова билдирет. Анын айтымында, учурда ар бир бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун чалуу кызматтары бар, бирок жарандардан чалуулар жеткиликтүү болбой жатканы боюнча даттануулар түшүп жатат.… Кененирээк…

Бүгүнкү күндө 1 миң 843 мектеп реалдуу режимде сабактар өткөрүлүп жатат

Бүгүнкү күндө 1 миң 843 мектеп реалдуу режимде сабактар өткөрүлүп жатат. Бул көрсөткүч өлкө боюнча мектептерди алып караганда, — дешти novosti.kgге билим берүү министрлигинен. Азырынча бир гана Бишкектин мектептери аралыктан иштеп жатат. Ал эми үчүнчү чейректе билим берүү кандай режимде ачылышы азырынча белгисиз. Ведомстводон белгилешкендей,… Кененирээк…

Баткенде өрттөнгөн мектеп оңдоп түзөөдөн өтөт

Баткенде өрттөнгөн мектеп оңдоп түзөөдөн өтөт. Бүгүн премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков имаратты көрүп келди. Ал жергиликтүү бийлик органдарына калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүнү тапшырып, каражат бөлүү маселесинде көйгөй жаралбай турганын билдирди. Эске салсак, бүгүн таңда билим берүү мекемесинде тилсиз жоо чыккан. Алдын ала маалымат боюнча… Кененирээк…

Нарын шаарында жаңы жылдык балаты тургундарды кубандырат

Нарын шаарында жаңы жылдык балаты тургундарды кубандырат. Калаа мэриясынан билдиришкендей, кыш сулуусу Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтына орнотулду. Балатынын бийиктиги 12 метрди түзөт. Муниципалитеттен белгилешкендей, быйыл Нарын шаарында да пандемияга байланыштуу майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган.

Кыргызстанга медициналык жардам көрсөтүлдү

Кыргызстанга медициналык жардам көрсөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, COVID-19ду аныктоочу 21 миң тест-система 58 миң бахила жана 58 миң кол кап жеткирилди. Материалдардын жалпы саны 291 миң долларды түзөт. Каражатты Дүйнөлүк банк бөлүп берди.

АКШда пицца жасоодо тамак-аш калдыгы колдонулат

АКШда пицца жасоодо тамак-аш калдыгы колдонулат. Идеянын авторлору белгилешкендей, бул үчүн тышкы көрүнүшү жакшы эмес болгон, жемиштер, жашылчалар жана иштелип чыккан буудай колдонулат. Ундан жасалган азыктар “таштанды токочтору” деп аталды. Буга карабай, жаңычылдыкты негиздөөчүлөр даамдардын сапатын көтөрүү ниетинде. Мындай жол менен ашпозчулар адамдарга кадимки жашоодо… Кененирээк…

2021-жылы Кара-Балта жана Таласта Калкты тейлөө борборлору пайда болот

2021-жылы Кара-Балта жана Таласта Калкты тейлөө борборлору пайда болот. Анда «Унаа» мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүнүн базасында транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча кызматтар көрсөтүлөт. Учурда борборлорго ылайык имараттарды оңдоо иштери башталды.

Нарын облусундагы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуш иштери 92 пайызга аяктады

Нарын облусундагы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуш иштери 92 пайызга аяктады. Бул тууралуу novosti.kgге Курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, объектини ушул жылы пайдаланууга берүү пландалган. Бирок каражат бөлүү жагында айрым кыйынчылыктар жаралды. Бүгүнкү күндө жалпысынан 45 миллион сом жумшалды. Сумма “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык… Кененирээк…

Кыргызстандыктар Бишкек мэриясынын кызматкерлеринин атын жамынып, акча чогулткан көз боемочулардан жабыр тартышты

Кыргызстандыктар Бишкек мэриясынын кызматкерлеринин атын жамынып, акча чогулткан көз боемочулардан жабыр тартышты. Жабырлануучулар билдиришкендей, белгисиз жарандар соцтармактардан жана месенджерлерден өздөрүн муниципалитеттин кызматкерлери же бөлүм жетекчиси катары тааныштырып, жалпыга белгилүү вице-мэрлердин сүрөттөрүн пайдаланып, ар кандай сунуштар менен акча которууну суранышат. Алсак, техника сатып алууга, гуманитардык жардамга… Кененирээк…