Ош шаарынын тургундары үчүн газ жеткирүүдөгү кемчиликтер 3 күндө чечилет

Ош шаарынын тургундары үчүн газ жеткирүүдөгү кемчиликтер 3 күндө чечилет. Газпром ишканасынын Ош филиалынын башкы инженери Мирбек Маматовдун айтымында, учурда Анар, Ак-Тилек, Амир-Тимур кичи райондорунда жана Калинин массивиндеги 12 миң керектөөчүгө көгүлтүр оттун керектүү басымын берүү үзгүлтүккө учурап жатат. Мүчүлүштүктөр Өзбекстан тараптан, коңшу өлкөнүн маалыматы… Кененирээк…

Бишкектин чыгыш-5 кичи районундагы коомдук эс алуу жайын жакшыртуунун экинчи этабынын эскиздик долбоору  даярдады

Бишкектин чыгыш-5 кичи районундагы коомдук эс алуу жайын жакшыртуунун экинчи этабынын эскиздик долбоору  даярдады. Анда Эйфел мунарасынын жана Биг Бендин макети пайда болот. Андан тышкары, британиянын телефон стенди, быйтыкчалар, фонтан менен айланган глобус, өзүнчө кичинекей фонтан, чоң LED экран орнотулат. Жаңы долбоорлор Чүй проспектисинин Төрөкул… Кененирээк…

Бишкекте троллейбус айдоочуларынын маянасын көтөрүү пландалууда

Бишкекте троллейбус айдоочуларынын маянасын көтөрүү пландалууда. Шаардык троллейбус башкармалыгынын жетекчиси Артур Өмүрзаков билдиргендей, айлыкты жогорулатуу үчүн кирешени көбөйтүү зарыл. Буга электрондук билеттештирүү системасын өнүктүрүү аркылуу жетсе болот. Өмүрзаков белгилегендей, биринчи этапта айдоочулардын маянасын 30 пайызга жогорулатуу пландалууда, андан кийин ишкананын башка кызматкерлеринин айлыгы да көбөйтүлөт.

Чүй облусунун Байтик айылынын мектеп-интернаты уруксаат жок иштеп жатканы аныкталды

Чүй облусунун Байтик айылынын мектеп-интернаты уруксаат жок иштеп жатканы аныкталды. Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришкендей, лицейдин жетекчилиги уруксааты жок эле реалдуу режимде окуу процессин жүргүзүүнү өзү чечип, 23-октябрда сабактар баштаган. Эске салсак, аталган билим берүү мекемесинде кечээ 23 тарбиялануучу ооруканага уулануу менен жеткирилген. Аларга тийешелүү… Кененирээк…

Россия Кыргызстанга көчмө лаборатория берди

Россия Кыргызстанга көчмө лаборатория берди. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, көчмө лаборатория ар кандай бактерияларды, вирустарды, коронавирус инфекциясын изилдей алат. Андан тышкары, азык-түлүктүн жана топурактын курамын да текшерүүгө жөндөмдүү. Мындай жабдуулар учурда стационардык лабораториялар ачыла элек райондорго керек. Буга чейин Россия Кыргызстанга ушундай көчмө лаборатория берген.… Кененирээк…

Дүйнөдөгү миллиардерлердин жаңыланган рейтинги жарыяланды

Дүйнөдөгү миллиардерлердин жаңыланган рейтинги жарыяланды. Bloomberg, басылмасы билдиргендей, биринчи сапта мурдагыдай эле Amazon корпорациясын негиздөөчү Джефф Безос. Андан кийин SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск турат. Учурда анын каражаты 144 миллиард 700 миллион долларга бааланат. Үчилтикти Microsoft ттун башчысы Билл Гейтс бекитет. Төртүнчүдө Louis… Кененирээк…

“Коопсуз шаар” камерасына катталган айдоочуларга айыптын суммасын кечикпей төлөө сунушталат

“Коопсуз шаар” камерасына катталган айдоочуларга айыптын суммасын кечикпей төлөө сунушталат. novosti.kgге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан түшүндүрүшкөндөй, эреже бузуу боюнча маалым кат келгенден 15 күн өткөнгө чейин төлөсө, 50 пайыздык арзандатуу каралат. Аталган мөөнөттөн өтүп, 1 айга чейин төлөмдү жүргүзбөсө айып толук көлөмдө алынат.… Кененирээк…

Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору кармалды

Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, агенттиктин алдындагы ишкананын аймактык бөлүм жетекчилеринен туруктуу түрдө алынып турган коррупциялык схема аныкталды. Жетекчи мыйзамсыз акча чогултуу фактысына шекшелүүдө. Учурда кармалган жаран убактылуу тергөө жайына киргизилди. Иликтөө иштери уланууда.

«Ювентус» «Барселона» клубун 3:0 эсебинде утуп алды

«Ювентус» «Барселона» клубун 3:0 эсебинде утуп алды. Р-Спорт басылмасы билдиргендей, Командалар УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинин тайпалык этабынын алтынчы турунда кезикти. Беттештин 13 жана 52-мүнөттөрүндө Роналду испаниялыктардын дарбазасына эки ирет пенальтиден гол киргизди. Туриндиктерден дагы бир топту 20-мүнөттө Уэстон Маккенни кошту. Эки команда тең 15 упайдан… Кененирээк…

Ошто башкы балатынын оту 15-декабрдан кийин жанат

Ошто башкы балатынын оту 15-декабрдан кийин жанат. Novosti.kgге түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда борбордук аянтта 24 метрлик кыш сулуусунун каркасын орнотуу иштери жүрүп жатат. Андан кийин маданият башкармалыгынын кызматкерлери кооздоо иштерине киришет. Ошто жыл сайын жаңы жылдык жасалгалоо иштерине 1 миллион сомго жакын каражат жумшалчу,… Кененирээк…