Бишкектин бир бөлүгүндө жарык жок болот

Бишкектин бир бөлүгүндө жарык жок болот. “Түндүк электрдин” маалыматы боюнча, эртең саат таңкы 9дан кечки 5ке чейин Киев, Шопоков, Салиева, Койбагаров көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, ошондой эле Ак-Өргө жана Уч кун конуштарында электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт. Өчүрүүлөр электр тармактарындагы ондоо иштерине байланыштуу

Нарын облусунун Кочкор районунда жаңы мектеп курулууда

Нарын облусунун Кочкор районунда жаңы мектеп курулууда. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги билдиргендей, билим берүү мекемеси Бугучу айылында пайда болот. Мекеме 150 окуучуга чакталат. Учурда объектиде иштер 80 пайызга аткарылды. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 690 миң доллар сарпталат. Каражат Сауд өнүктүрүү фондунан алынган насыянын эсебинен… Кененирээк…

Кийинки жылы өтө турган шайлоолорго 858 миллион сом каралды

Кийинки жылы өтө турган шайлоолорго 858 миллион сом каралды. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирет. Анын айтымында, 373 миллион сом 10-январда өтө турчу президенттик шайлоого багытталат. Калганы парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге добуш берүүгө жумшалат. Новиков кошумчалагандай, референдум өткөрүү тууралуу парламенттин чечими чыкса, ага… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында бир катар чектөөлөр алынды

Жалал-Абад шаарында бир катар чектөөлөр алынды. Шаардык штабдын чечими менен эми, театр, филармония, музей, маданият сарайлары иштеп баштаса болот. Бирок аталган мекемелерге жарандар белгиленген гана санда киргизилип, санитардык нормаларды сакташы керек. Аны менен катар калаадагы тойканаларга орундуктардын санын кыскартуу менен иштөөгө уруксат берилди. Ошондой эле… Кененирээк…

Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого карата 2 миңден ашык шайлоо тилкелери ачылат

Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого карата 2 миңден ашык шайлоо тилкелери ачылат. Алардын 45 чет өлкөлөргө туура келет, — деп билдиришти БШКдан. Добуш берүүчүлөрдүн жалпы саны 3 миллиондон ашык. Жарандар өздөрүн тизмеде бар же жогун 29-декабрга чейин текшериши зарыл. Эгер добуш берүүчү өзүн тизмеден… Кененирээк…

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Баш калаанын транспорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Атыкановду кызматтан бошотуу тууралуу буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бүгүн, 10-декабрда кол койгон. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Атыканов ээлеген кызматынан өз арызынын негизинде бошотулган. Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Түлөбаевдин ушундай эле буйругу… Кененирээк…

Чыгыш-5 кичирайонунда Эйфел мунарасы жана Бигбендин макети пайда болот

Чыгыш-5 кичирайонунда Эйфел мунарасы жана Бигбендин макети пайда болот. Учурда аймакты жакшыртуунун эскиздик долбоору  даярдады, — дешти ордо калаа мэриясынан. Маалыматка караганда, кичи архитектуралык объектилерди куруу пландалууда. Алардын арасында Франция мунарасы, Британия сааты жана телефон буткасы, суу оргумада айланган глобус бар. Долбоорго каражатты демөөрчүлөр бөлүп… Кененирээк…

Нарын шаарында да жаңы жылдык кечелердин өтүшүнө чектөөлөр киргизилди

Нарын шаарында да жаңы жылдык кечелердин өтүшүнө чектөөлөр киргизилди. Калаа мэриясынан билдиришкендей, тиешелүү чечим шаардык штабдын жыйынында акыркы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен  кабыл алынды. Ага катар 50дөн ашык орундуу кафе-ресторандардын ишине да уруксаат жок. Андан тышкары, учурда ишин жанданткан мекемелер санитардык нормаларды так сактоого… Кененирээк…

Бишкекте жаңы жылдык балаты майрамдары уюштурулбайт

Бишкекте жаңы жылдык балаты майрамдары уюштурулбайт. Бул эпидемиологиялык абалга байланыштуу. Бул тууралуу 24 агенттигине мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришти. Калаа бийлиги дээрлик 1 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдарын куттуктоо ниетинде. Жаңы жылдык белектерди алууга тендер жарыяланган. Ошондой эле райондук администрация… Кененирээк…

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу дагы эки көзөмөл өткөрүү түйүнүнөн кемчиликтерди аныктады

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу дагы эки көзөмөл өткөрүү түйүнүнөн кемчиликтерди аныктады. Артем Новиков Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Кызыл-Бел унаа жолу” жана “Кайрагач унаа жолу” өткөрүү түйүндөрүнө барды. Жеринде өткөрүү жана видео байкоо иштеринде кемчиликтер ачыкталды. Белгилүү болгондой, аталган пункттарга жакынкы аралыкта тыкыр текшерүү иштерин… Кененирээк…