Ташкентте 35 метрлик хот-дог жасалат

Ташкентте 35 метрлик хот-дог жасалат. Рекорддук тез татым бүгүн «Tashkent City» сейил багында даярдалат. Акциядан түшкөн каражат кайрымдуулук иштерине багытталат. Иш-чаранын максаты медициналык жардамга муктаждарга жардам берүү.

Ысык-Көлдө жаш дарыгерлер үчүн жатакана курулуп жатат

Ысык-Көлдө жаш дарыгерлер үчүн жатакана курулуп жатат. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, турак жай 14 чакан үй-бүлөгө чакталат. Иштерге 1 миллион 600 миң сом сарпталат. Каражат “Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун” эсебинен бөлүнүп берилет

Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Ысык-Көл облусунда жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, зилзала түндө катталып, очогунда күчү 4 баллга жетти. Түп районунун Кутургу, Кичи-Өрүктү, Ак-Булуң, айылдарында 3,5 балл, Түп, Шаты айылдарында 3 балл, Ысык-Көл районунун Ананьево айылында 2,5 баллга чейин сезилди. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Референдум өткөрүү 10-январга белгиленди

Референдум өткөрүү 10-январга белгиленди. Тиешелүү мыйзамга Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койду. Президент аппаратынан билдиришкендей, референдумда кыргызстандыктар башкаруунун президенттик же парламенттик түрүн тандашы керек. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңеш “Кыргызстандын башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду дайындоо… Кененирээк…