Сеул шаарындагы кафе кардарларына жаңы жылдык атмосфераны өзгөчө ыкма менен тартуулай баштады

Сеул шаарындагы кафе кардарларына жаңы жылдык атмосфераны өзгөчө ыкма менен тартуулай баштады. Быйыл конокторду бул кафеде санта клаустун кийимин кийген мышыктар тосуп алууда.   Майрамга карата, аларды кардарлар колдоруна алып, тамагы менен бөлүшсө дагы болот. Учурда тамактануучу жайда 130дай мышык жашап, иштеп жатат. Алардын көбү… Кененирээк…

Бишкек-Ош унаа жолундагы Көлбаев туннелинде жарык системасы оңдолду

Бишкек-Ош унаа жолундагы Көлбаев туннелинде жарык системасы оңдолду. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, иштер машинелер өтүүдө коопсуздук үчүн жасалды.   Ошондой эле, жолчулар жашаган имараттар оңдоп-түзөөдөн өттү. Аларда электр зымдары алмаштырылып, жаңы эмеректер жеткирилди. Эске салсак, туннель трассанын 129-чакырымында жайгашат.

Өкмөт коронавирус жугузган жана андан каза тапкан медицина кызматкерлерине берилчү компенсациянын суммасын кайра карап чыгат

Өкмөт коронавирус жугузган жана андан каза тапкан медицина кызматкерлерине берилчү компенсациянын суммасын кайра карап чыгат. Бул тууралуу “Азаттык” вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиевага шилтеме келтирип билдирет.   Маалыматка ылайык, парламент кабыл алган мыйзамга ылайык, компенсациянын көлөмү өзгөртүлөт. Ошондо өкмөт каражатты бардыгына бере алат.   Азырынча компенсация кандай… Кененирээк…

Бишкекте эртең дагы бир  жаңы жылдык жарманке ачылат

Бишкекте эртең дагы бир  жаңы жылдык жарманке ачылат. Мэриядан билдиришкендей, ал Дайыр Асанов атындагы эс алуу багында жайгашат. Анда Октябрь районунун кичи ишканаларынын жана өндүрүүчүлөрүнүн продукциялары сатылат.   Жарманке күндүзгү  саат 11де ачылып, кечки 3кө чейин 17-20-22-28-декабрда иштейт.

Ошто быйыл 3 жаңы бала бакча курулду

Ошто быйыл 3 жаңы бала бакча курулду. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемелери Амир-Тимур, Юго-Восток жана Ак-Тилек кичи райондорунда пайда болду.   Имараттар бардык зарыл буюмдар жана курулуштар менен камсыздалган. Объектилерди курууга каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. Кошумчалап кетсек, учурда ошто дагы эки… Кененирээк…

Forbes жылдын эң кирешелүү жылдыздарын атады

Forbes жылдын эң кирешелүү жылдыздарын атады. Биринчи орунда 23 жаштагы Кайли Дженнер турат. Ал быйыл 590 миллион доллар тапты. Сумманын көбү косметика компаниясынын акцияларын сатуудан түштү.   Экинчи орунда музыкант Канье Уэст турат. Ал бул жылы 170 миллион долларга байыды. Үчилтикти теннисчи Роджер Федерер 106… Кененирээк…

Кыргызстандагы  жаңгакка өзүнчө аталыш берилет

Кыргызстандагы  жаңгакка өзүнчө аталыш берилет. Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Надырбек Козубаевдин айтымында, учурда жаңгак продукциясын дүйнөлүк рынокто алдыга жылдыруу боюнча тиешелүү бренд иштелип чыгууда.   Белгилеп кетсек, башка мамлекеттерде жаңгак атайлап отургузулуп өстүрүлсө, бизде жапайы болуп, өзү өсөт.

Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен 27 мектептин курулушу планга ылайык жүрүүдө

Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен 27 мектептин курулушу планга ылайык жүрүүдө. Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, объектилерде иштер толук көлөмдө жүрүүдө.   Бүгүнкү күнгө карата бөлүнгөн сумманын 7 миллион сому өздөштүрүлдү. Эске салсак, Кыргызстан жана эл аралык донор ортосунда билим берүү мекемелерин куруу боюнча… Кененирээк…

Кыргызстанда электр энергиясы автоматтык түрдө өчүп калышы толук ыктымал

Кыргызстанда электр энергиясы автоматтык түрдө өчүп калышы толук ыктымал. Бул тууралуу вице-премьер-министр Равшан Сабиров жарыялады. Анын айтымында, Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 13 миллиард кубометр гана калды.   Андыктан, мындай коркунучтар орундуу.  Электр энергиясы  7-10 миллионго көп колдонулууда. Бардык көмөк чордондор кызып кетип жатат.  … Кененирээк…

Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде кошумча шайлоо тилкелери ачылат

Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде кошумча шайлоо тилкелери ачылат. Бул тууралуу БШКнын отурумунда айтылды. Маалыматка ылайык, 2 участок Москвада, бири Тюмень шаарларында жайгашат.   Ушуну менен чет мамлекеттерде тилкелердин жалпы саны 48ге жеткирилди. Андан тышкары, кошумча добушканалар Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында жана Ош шаарында пайда болот.… Кененирээк…