Чет элдиктер үчүн эң кымбат шаарлар аталды

Чет элдиктер үчүн эң кымбат шаарлар аталды. Биринчи орунда Гонконг турат. Лидерлик позиция бул мегаполиске турак-жайга болгон кымбат баалардан улам берилди. Экинчиде – Токио турат, үчилтикти Нью-Йорк бекитет.   Рейтингди түзүүдө эксперттер чет элдиктердин чыгашаларын эсепке алышкан.

Кыргызстандын мыкты 70 студенти президенттик стипендияга ээ болот

Кыргызстандын мыкты 70 студенти президенттик стипендияга ээ болот. Тиешелүү буйрукка өлкө башчынын милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов кол койду. Артыкчылыкка ээ болгон студентке 50 мин сомдон ыйгарылат.   Белгилеп кетсек, студенттердин жана курсанттардын тизмеси жумушчу топ тарабынан түзүп, ал эми билим берүү суроолору боюнча комиссия… Кененирээк…

Мамлекеттик каттоо кызматы тез арада даярдалуучу акылуу кызматтардын бааларын бекитти

Мамлекеттик каттоо кызматы тез арада даярдалуучу акылуу кызматтардын бааларын бекитти. Кеп, аты-жөндү өзгөртүү жана жарандык абал боюнча актыларга кошумча маалымат киргизүү тууралуу болуп жатат.   Мындай ар бир кызматтын баасы 585 сомду түзөт. Алар арыз келип түшкөндөн кийин 1-3 күндүн ичинде аткарылат. Кадимки шартта бул… Кененирээк…

Өлкөнүн башкы магистралдарында кыймыл татаалданган жок

Өлкөнүн башкы магистралдарында кыймыл татаалданган жок. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, жолчулар ашуулардагы, тоолуу аймактардагы трассаларды кардан тазалап, инерттүү материалдарды сээп жатат.   Учурда бардык жолдор ачык, тыгындар жок. Алыскы сапарга чыгууну пландап койгон айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүү… Кененирээк…

Бишкекте кийинки жылы кытайлык гранттын эсебинен 35 көчө оңдолот

Бишкекте кийинки жылы кытайлык гранттын эсебинен 35 көчө оңдолот. Бул тууралуу мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев билдирди.   Анын айтымында, кеп, жолдорду калыбына келтирүү долбоорунун экинчи фазасы тууралуу болуп жатат. Учурга карата тиешелүү документтерди даярдоо жүрүүдө. Эске салсак, долбоордун экинчи фазасы… Кененирээк…

Google активдүү эмес аккаунттарды өчүрөт

Google активдүү эмес аккаунттарды өчүрөт. Башкаруунун жаңы саясаты келе жаткан жылдын 1-январында күчүнө кирсе, контентти жок кылуу 2023-жылы башталат. Муну менен аккаунттарын ирээтке келтирүү үчүн колдонуучуларда дагы 2 жыл бар.   Активдүү колдонуучу болуш үчүн Gmail, Google сүрөткө кирип туруу жетиштүү.

Мектеп окуучуларынын кышкы каникулдары 30-декабрда башталат

Мектеп окуучуларынын кышкы каникулдары 30-декабрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин бөлүм башчысы Марат Үсөналиев билдирди. Анын айтымында, кайра окууга балдар 11-январда кайтып келет.   Белгилеп кетсек, өлкө аймагында 1 миңден ашык мектепте билим берүү салттуу форматта өтүп жатат.   Бирок окуучуларынын саны көп болгон… Кененирээк…

Өкмөт күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасын турукташтыруу ниетинде

Өкмөт күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасын турукташтыруу ниетинде. Кечээ премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков тиешелүү ведомстволорго бир катар тапшырмаларды берди.   Министрликтер Россиядан буудай жана башка азыктарды түз заводдордон алып келүү суроосун чечиши керек. Андан тышкары, социалдык-маанилүү товарлардын баасын күн сайын көзөмөлдөө жана анализ жүргүзүү тапшырмасы… Кененирээк…

Президенттик шайлоолордо добуштардын 50 пайыздан ашыгын топтой алган талапкер жеңишке жетет

Президенттик шайлоолордо добуштардын 50 пайыздан ашыгын топтой алган талапкер жеңишке жетет. Бул тууралуу novosti.kgге БШКнын укук бөлүмүнүн башчысы Адилет Шаршеналы уулу билдирди.   Анын айтымында, президенттик шайлоолордо республикалык жана аймактык босоголорго бөлүү болбойт. Добуш берүүдөгү мындай ыкма Жогорку Кеңеш шайлоолорунда гана колдонулат.   Эске салсак,… Кененирээк…

Унаа жана жолдор министрлигинин бөлүм башчысы кармалды

Унаа жана жол министрлигине караштуу Автоунаа, суу транспорту жана салмак габаритти көзөмөлдөө агенттигинин Нарындагы аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды.   Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал кызмат абалынан кыянат пайдаланып, Нарын дарыясынан өтүүчү көпүрөнү курууда 17 миллион сомдон ашуун зыян келтирген.   Коррупцияга… Кененирээк…