Кыргызстанда кийинки жылы дагы эки калкты жана унаа тейлөөчү борборлор ачылат

Кыргызстанда кийинки жылы дагы эки калкты жана унаа тейлөөчү борборлор ачылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Жаңы борборлор Исфана шаарында жана Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда пайда болот.   Ал эми унаа тейлөөчү түйүндөр Бишкек, Талас, Кара-Балта жана Каракол шаарларында жайгашат. Учурда республика боюнча 25 калк… Кененирээк…

Маданият-Жалал-Абад унаа жолунун курулушу уланууда

Маданият-Жалал-Абад унаа жолунун курулушу уланууда. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, трассанын 16 чакырымы даяр болду. Жалпысынан, жаңы жолдун узундугу 67 чакырымды түзөт.   Андан тышкары, калк жашаган түйүндөрдө 8 көпүрө, 118 ар кандай максаттагы курулуштар, унаа токтотуучу жайлар, тротуарлар жана аялдамалар курулат. Долбоор 2022-жылдын жайында аяктайт деп… Кененирээк…

Референдумдун алдын ала жыйынтыгы шайлоо тилкелери жабылгандан  1,5 сааттан кийин белгилүү болот

Референдумдун алдын ала жыйынтыгы шайлоо тилкелери жабылгандан  1,5 сааттан кийин белгилүү болот. Бул тууралуу novosti.kg ге БШК төрайымынын орун асары Абдыжапар Бекматов билдирди.   Ал эми расмий жыйынтыктар тууралуу айта турган болсок, аларды Боршайком добуш берүүдөн кийин 20 күндүн ичинде жарыялашы керек. Тагыраак айтканда, февралдын… Кененирээк…

Ошто жасалма акча менен дары сатып алып жүргөн өспүрүм кармалды

Ош шаарында жасалма 2000 сомдук купюраларды дарыканаларга өткөрүп жүргөн өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда, Ош шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирди.   Ага ылайык, Ош ШИИБге 22 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Ал 9-декабрь күнү түнкү саат 01:40тар чамаларында дарыканалардын биринде соода кылып жаткан… Кененирээк…

Бишкекте көмүр кыйла арзандап калды

Бишкектеги көмүр кампаларда көмүрдүн баасы арзандаганын «Кыргыз көмүр» ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова билдирди. Ага ылайык, октябрь-ноябрь айларында көмүр кампаларындагы баа 3800-4000 сомду түзүп жаткан.   «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы бааларды мониторинг кылганга милдеттүү эмес. Биз болгону элге жардам болсун деген ой менен Бишкектеги базаларды… Кененирээк…

Имунитетке мыкты жардамчы болгон азыктар аталды

Имунитетке мыкты жардамчы болгон азыктар аталды. Британиялык диетологдордун пикиринде, адам дан акшактарын, балык, жаңгак, мөмө-жемиш, йогурт жана ачытылган сүт азыктары  менен тамактанышы керек.   Андан тышкары, бир күндө 2 жумуртканы сууга бышырып жесе, организмге пайда алып келет. Өсүмдүк майлары дагы ден-соолукка жакшы кам көрөт.

ЮНЕСКО кыргыз элинин тогуз коргоол оюнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кошту

ЮНЕСКО кыргыз элинин тогуз коргоол оюнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кошту. Чечим Ямайкада уюмдун өкмөт аралык комитетинин сессиясында кабыл алынды.   Буга чейин аталган тизмеге “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги, төкмө акындык өнөр, кийиз өнөрү, калпак тигүү өнөрү, айтыш, көкбөрү  кирген.

Бишкек троллейбустук башкармалыгын Талантбек Капаров жетектеди

Бишкек троллейбустук башкармалыгын Талантбек Капаров жетектеди. Тиешелүү жарлыкка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду. Буга чейин Капаров Ош шаардык муниципалдык транспорт башкармалыгынын директору болуп эмгектенген.   Эске салсак, ведомствонун мурдагы жетекчиси Артур Өмүрзаков өз каалоосу менен иштен кетти.

Милиция жарандардын курал-жарактарын тартып алууда

Милиция жарандардын курал-жарактарын тартып алууда. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, бул үгүт жүргүзүү мөөнөтүнүн алкагында коомдук тартипти камсыздоо үчүн жасалууда.   Андан тышкары, көптөгөн кыргызстандыктар өз эрки менен ар кандай ок-дарыларды дагы тапшырып жатат. милициядан белгилешкендей, шайлоо алдында ошондой эле, курал-жарак саткан дүкөндөр убактылуу иштебейт.

Кыргызстандыктарга бардык социалдык төлөмдөр, анын ичинде пенсия дагы, өз убагында төлөнөт

Кыргызстандыктарга бардык социалдык төлөмдөр, анын ичинде пенсия дагы, өз убагында төлөнөт. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. Декабрь айына карата пенсия 95 пайызга берилди.   Ал эми январь тууралуу айта турган болсок, бардык төлөмдөр дагы өз учурунда берилет. Бийликтен белгилешкендей, бул жаатта тынчсызданууга негиз жок. Эске… Кененирээк…