Ибрагимовичтин голу MLS чемпионатынын тарыхында эң мыкты деп табылды

Швед футболчу Златан Ибрагимовичтин Major League Soccer (MLS) чемпионатында «Лос-Анджелес» клубунун дарбазасына киргизген тобу түндүк америкалык лиганын тарыхындагы эң мыкты гол деп табылды. Оюндун видеосу аталган лиганын Instagram баракчасына чыкканын Р-Спорт жазды.   Швед футболчусунун «Гэлакси» үчүн ойногон биринчи беттеши болчу. Ал «Лос-Анджелестер» дербисинде (бир шаардын эки… Кененирээк…

АКШда космос сакчылары пайда болот

АКШда космос сакчылары (guardians) пайда болот, тагыраагы, Космос күчтөрүнүн аскердик кызматкерлерин дал ушинтип аташат. Бул тууралуу вице-президент Майк Пенс айткандыгын РИА Новости жазды.   «АКШ президентинин атынан эми АКШнын Космос күчтөрүндө кызмат өтөгөн аялдар менен эркектер космос сакчылары деп атала тургандыгын жар салуу мен үчүн чоң сыймык»,… Кененирээк…

Милициянын кайгуул кызматындагы бош орундар үчүн сынактан жүздөн ашык киши өттү

Ош шаарында милициянын кайгуул кызматындагы бош орундар үчүн сынактын экинчи туру өтүп жатат. Ички иштер министрлиги билдиргендей, 17-декабрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгындагы 90 бош орунга талапкерлер арасында тестирлөө өттү.   Экинчи айлампада 397 талапкерден арыз келген. Алардын 243ү мурда милицияда иштебеген жарандар. Арыз бергендердин… Кененирээк…

Биометрикалык жалпы жарандык паспорт жаңы жылдан баштап берилет

Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык биометрикалык паспорт 2021-жылдын башынан жарандарга берилет. Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, документ эки түрдө – биринчиси 34 барактуу, экинчиси 52 барак болот. Экинчиси — чет өлкөгө көп каттагандар үчүн ылайыкталган.   Аз барактуусунун бланкынын баасы — 407 сом, барагы көбүнүкү — 470… Кененирээк…

Ошто ай сайын 30 тез жардам унаасын чыгарган завод иштеп баштайт

Ош шаарындагы жеке менчик ишкана ай сайын 30 тез жардам унаасын чыгарууну пландап жатат. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди. Бүгүн, 18-декабрда, вице-премьер Равшан Сабиров Ош калаасына барып, бир катар өндүрүштүк ишканаларды кыдырган.   Ал машина куруу заводу жана «Кең-Сай» конушундагы текстиль фабрикасынын курулушу менен таанышкан.… Кененирээк…

Кыргызстанга абанын сапатын аныктоочу мониторлор берилди

Кыргызстанга абанын сапатын аныктоочу 50 даана Clarity Node-S монитору өткөрүп берилди. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Жабдуулар «Алматы-Бишкек экономикалык коридору» демилгесинин алкагында борбордо жана ага жакын жайгашкан райондордо абанын сапатын жакшыртуу максатында сатып алынган. «Көрсөтүлгөн жабдуулар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология боюнча агенттигине берилет жана жаңы… Кененирээк…