Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, эртең таңкы саат 9дан кечки 5ке чейин Месарош, Ильменский, Серпуховский, Сельсоветский, Фучик көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, ошондой эле Арча-Бешик конушунда электр энергиясы жок болот. Убактылуу чектөө оңдоо иштерине байланыштуу

Нарында Ат-Башы ГЭСинин №3 гидроагрегаты иштеп баштады

Нарында Ат-Башы ГЭСинин №3 гидроагрегаты иштеп баштады. «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын төрагасы Нурбек Козубеков билдиргендей, Ат-Башы гидроэлектростанциясы реконструкциядан өткөндөн кийин аны пайдалануу мөөнөтү дагы 40 жылга узарып, жылына электр энергиясын иштеп чыгуу саатына 180 миллион кВт чейин көбөйүп, кубаттуулук 10 пайызга жогорулайт. Белгилеп кетсек, бул Камбар-Ата-2… Кененирээк…

Доллар кайрадан кымбаттады

Доллар кайрадан кымбаттады. Учурда америкалык валюта акча алмаштыруу жайларында жана коммерциялык банктарда 80 сом 60 тыйынга сатып алынып, 81 сомдон сатылууда. Белгилеп кетсек, кечээ ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары долларды 79 сом 40 тыйындан сатып алып, 79 сом 70 тыйындан сатып жаткан. Дээрлик бир ай… Кененирээк…

Ошто башкы балатынын оту 25-декабрда жанат

Ошто башкы балатынын оту 25-декабрда жанат. Novosti.kgге түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, борбордук аянтта 24 метрлик кыш сулуу орнотулду. Учурда аны кооздоо иштери жүрүп жатат. Ошто жыл сайын жаңы жылдык жасалгалоо иштерине 1 миллион сомго жакын каражат жумшалчу, быйыл пандемияга байланыштуу азыраак сумма багытталат. Ошондой эле… Кененирээк…

Баткен облусундагы окуучулардын жаңы жылдык балаты майрамы онлайн форматта өтөт

Баткен облусундагы окуучулардын жаңы жылдык балаты майрамы онлайн форматта өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иш-чара 25-декабрга белгиленди. Майрамга байланыштуу социалдык колдоого муктаж жана окуудан артыкчылыкка ээ болгон 100дөн ашык балага облус башчысы белек ыйгарат. Ошондой эле район жана шарлардагы балаты майрамдары дагы аралыктан… Кененирээк…

Жаңы жалпы жарандык биометрикалык паспортто «Манас» эпосунун саптары камтылды

Жаңы жалпы жарандык биометрикалык паспортто «Манас» эпосунун саптары камтылды. «Инфоком» ишканасынын башкы адиси Захид Абдыкаимов билдиргендей, үзүндүнү  ультра кызгылт түс аркылуу окуса болот. Биометрикалык документтин беттерине өлкө аймактарындагы башкы символдордун сүрөттөрү түшүрүлөт. Ошондой эле Кыргызстан картасынын сүрөтү түшүрүлөт. Эске салсак, мамлекеттик каттоо кызматы жаңы жалпы… Кененирээк…

Добуштарды сатууларга кылмыш жоопкерчилиги тагылат

Добуштарды сатууларга кылмыш жоопкерчилиги тагылат. Бул тууралуу novosti.kgге башкы прокуратурадан билдиришти. Эгер сатып алууларга жашы жете электер тартылса, 80 миңден 100 миң сомго чейин айып салынат. Ал эми күнөөлү тараптын жашы 18ден жогору болсо айып катары салына турган административдик жоопкерчиликтин суммасы 220 миң сомду түзүшү… Кененирээк…

Чүй облусунун Озерный айылында социалдык шаарча ачылды

Чүй облусунун Озерный айылында социалдык шаарча ачылды. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, шаарча кайрымдуулук фондунун эсебинен курулду. Бул жерде оор турмуштук жагдайга кабылган 14 үй-бүлө жашайт. Артыкчылык жалгыз бой энелерге берилди

Ошто балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу аягына чыкты

Ошто балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу аягына чыкты. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, стационарда капиталдык ондоо иштери 25 миллион сомго аткарылды. Медициналык мекеме эки блоктон турат жана ал жалпысынан 180 орунга чакталат. Кошумчаласак, биринчи бөлүмдө коронавируска чалдыккан бейтаптар кабыл алынса, кийинки блокто балдарга медициналык жардам көрсөтүүгө… Кененирээк…

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. Иш сапар 22-декабрга белгиленди. Анын жүрүшүндө өкмөт башчы бир катар инфраструктуралык жана социалдык объектилердин иши менен таанышат. Эске салсак, Новиков буга чейин Нарын, Баткен облустарына барып, жергиликтүү калктын турмуш-шартын… Кененирээк…