Жалал-Абад шаарындагы унаа базары көчүрүлөт

Жалал-Абад шаарындагы унаа базары көчүрүлөт. Калаа мэриясынан билдиришкендей, мындай чара жол тыгындарын алдын алуу максатында көрүлүүдө. Эми Курманбек Абдрахманов көчөсүндөгү унаа базарын Спутник кичи шаарчасына көчүрүү пландалууда. Учурда бул багытта тиешелүү аракеттер көрүлүп жатат.

Бишкекте 5 миң орундуу концерттик зал курулат

Бишкекте 5 миң орундуу концерттик зал курулат. Экономика министрлигинен билдиришкендей, жарыяланган сынакты утуп алган долбоордо андан тышкары, спорттук комплекс, соода борбору да бар. Курулуш ордо калаадагы 11-кичирайондун аймагына туура келет. Иштерди жүргүзүүгө инвестициялар тартылат. Долбоор  мэрия тарабынан ишке ашырылат.

Чолпон-Атадагы саркынды сууларды тазалоочу жайды кайра калыбына келтирүүгө 30 миллион доллардан ашык каражат багытталат

Чолпон-Атадагы саркынды сууларды тазалоочу жайды кайра калыбына келтирүүгө 30 миллион доллардан ашык каражат багытталат. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалымат кызматынан билдиришти. Андан белгилешкендей, оңдоо иштери бюджеттик каражаттан, ошондой эле донорлор бөлүп берген суммадан жүргүзүлөт. Чолпон-Ата мэриясына кийинки жылдын апрель айына чейин долбоорду ишке киргизүү үчүн… Кененирээк…

Кыргызстандагы калкты тейлөө борборлору таңкы саат 8ден кечки 8е чейин ачык болот

Кыргызстандагы калкты тейлөө борборлору таңкы саат 8ден кечки 8е чейин ачык болот. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдиргендей, борборлор мындай иш тартиби менен эртеңден тартып иштеп баштайт. Мындай чаралар алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу жарандар биометрикалык маалыматтарын тапшырууга, паспортторду алмаштыруу же башка маселелерди чечүүгө үлгүрүш… Кененирээк…

Президент балатысы 27-декабрда өтөт

Президент балатысы 27-декабрда өтөт. Бул тууралуу 24 агенттигине өлкө башчы маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди. Анын айтымында, иш-чара онлайн форматында өтөт. Концерттик программа телеканалдар аркылуу көрсөтүлөт. Ал эми балдарга белектерди 27-декабрга чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тапшырып беришет. Жалпысынан 1 миң 800 балага жаңы жылдык… Кененирээк…

Балыкчыдагы канаттуулар фабрикасын каржылоо жанданат

Балыкчыдагы канаттуулар фабрикасын каржылоо жанданат. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында белгилүү болгондой, 24-декабрдан тартып Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду каражат бөлө баштайт. Каражат маселеси чечилгенден кийин, ишкана 15-январда жумушун калыбына келтирет. Андагы продукциялар апрель айына тартып дүкөндөрдүн текчелерине коюула баштамакчы. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Кыргызстанда көмүрдүн дефицити жок

Кыргызстанда көмүрдүн дефицити жок. Бул тууралуу Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирет. Анын айтымында, 2020-2021-жылуулук берүү сезонуна дээрлик 2,5 миллион тонна көмүр керектелет, анын 240 миң тоннасы бюджеттик жана муниципалдык мекемелерге, ошондой эле 1 миллион 110 миң тоннадан калкка жана… Кененирээк…

Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого карата Россияда дагы 3 шайлоо тилкелери ачылды

Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого карата Россияда дагы 3 шайлоо тилкелери ачылды. Алар Москва жаан Тюмень шаарларына туура келет, — деп билдирет БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова. Анын айтымында, учурда чет өлкөлөрдө жашаган 39 миңден ашык кыргызстандыктар добуш берүүгө каттоого алынды. Жалпысынан чет мамлекеттерде 48… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң кирешелүү музыканттар аныкталды

Дүйнөдөгү эң кирешелүү музыканттар аныкталды. Forbes басылмасы түзгөн рейтингге караганда, сап башына реп ырчысы Канье Уэст чыкты. Анын кирешеси 171 миллион долларга бааланат. 43 жаштагы ырчы кирешенин басымдуу бөлүгүн өзүнүн брендиндеги кийимдерди чыгаруудан табат. Андан кийин 73 жаштагы Элтон Джон 81 миллион доллар кирешеси менен… Кененирээк…

Бишкекте 7 мектептин курулушу уланууда

Бишкекте 7 мектептин курулушу уланууда. Ордо калаа мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Эльмира Иманалиева билдиргендей, билим берүү мекемелеринин айрымдары ушул жылдын аягына чейин ачылышы керек болчу. Бирок курулуш иштери созулуп жатат. Тагыраагы, каражат бөлүү маселесине байланыштуу. Учурда №54 жана 69-мектептерге чуңкур казылган, №18 жана 16-мектептердин… Кененирээк…