Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, биздин өлкөнүн Россиядагы элчилиги Роспотребнадзордон коронавирусту аныктай турган 200 миң ПЦР-тест системасын алды. Гуманитардык жүк жакынкы аралыкта Кыргызстанга жөнөтүлөт.

“Түндүк-түштүк” альтернативалык жолунун курулушу 70 пайызга жыйынтыкталды

“Түндүк-түштүк” альтернативалык жолунун курулушу 70 пайызга жыйынтыкталды. Бул тууралуу унаа жана жолдор министри Бакыт Бердалиев билдирди. Анын айтымында, трассанын жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө анын 193-чакырымына асфальт төшөлдү. Ошондой эле эки эстакаддык көпүрөнүн туннели курулуп жатат. Күтүлгөндөй, аталган долбоор боюнча бардык иштер 2023-жылы… Кененирээк…

Дээрлик 900 миң кыргызстандык биометрикалык маалыматын тапшырган эмес

Дээрлик 900 миң кыргызстандык биометрикалык маалыматын тапшырган эмес. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун айтымында, жарандар мындай маселелерин 29-декабрга чейин чечиши зарыл. Белгилеп кетсек, биометрикалык маалыматты тапшырбай туруп шайлоого катышуу мүмкүн эмес. Кошумчаласак, бүгүнкү күндө добуш берүүчүлөрдүн тизмесинде 3,5 миллиондон ашык адам бар. Мөөнөтүнөн мурда өтө… Кененирээк…

Кийинки жылы Жалал-Абад шаарындагы Дүйшөнкул Шопоков көчөсү кеңейтилет

Кийинки жылы Жалал-Абад шаарындагы Дүйшөнкул Шопоков көчөсү кеңейтилет. Калаа мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, трассаны кеңейтүү иштеринен тышкары, тротуар түшүрүлүп, көчө чырактарын орнотуу каралды. Тапшырмаларды калаа мэри тиешелүү жетекчилерге берди.

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунда мыкты спортчу деп табылды

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунда мыкты спортчу деп табылды. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунан билдиришти. Белгилеп кетсек, Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медалга ээ болду. Анда кыргызстандык балбан кыз латвиялык спортчуну 14:0 эсебинде утуп алды. Мелдеш өткөн жумада Сербиянын Белград шаарында жыйынтыкталды.

Бишкекте коомдук транспорт үчүн жаңы каттамдарды ачуу талкууланууда

Бишкекте коомдук транспорт үчүн жаңы каттамдарды ачуу талкууланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, 30 схемада кыймылды ачуу долбоору иштелип чыкты. Мэрия аларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шартында кое берүү ниетинде. Ошондой эле газ же электроэнергия менен жүрө турган автобустарды сатып алууга инвесторлорду тартуу пландалууда. Калаа бийлиги муну менен эски… Кененирээк…

Нарында Кочкор аймактык ооруканасынын жаңы имараты ачылды

Нарында Кочкор аймактык ооруканасынын жаңы имараты ачылды. Медициналык мекеме Ак-Талаа, Мантыш, Кызыл-Дөбө, Кара-Мойнок, Орток, Дөң-Алыш жана Комсомол айылдарынын тургундарын тейлейт. Стационарда УДИ жана рентген-аппараттар орнотулду, ошондой эле стоматологиялык, гинекологиялык кабинеттер ачылды. Клиниканы курууга каражатты эл аралык уюмдар бөлүп берип, 7 миллион сом жумшалды. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Кыргызстанда медициналык мекемелерге 49 тез жардам унаасы берилди

Кыргызстанда медициналык мекемелерге 49 тез жардам унаасы берилди. Иш-чара бүгүн Бишкектеги эски аянтта өттү. Унаалардын 37си “Коопсуз шаар” долбоорунан түшкөн каражатка сатып алынды. 12си Ислам өнүктүрүү банкы бөлүп берген акчага алынды. Техникалар өлкөнүн жети облусуна муктаждыкка жараша бөлүштүрүлөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинен белгилешкендей, демөөрчүлөрдүн эсебинен дагы… Кененирээк…

Россия Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 20 миллион доллар бөлүп берет

Россия Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 20 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу Россиянын биздин өлкөдөгү элчилигинен билдиришти. Андан белгилешкендей, сумма бюджеттин каржылык жетишсиздигин жоюуга багытталат. Анын катарында бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерге айлык берүүгө, пенсияларга, аз камсыздалган үй-бүлөлөргө пособиеге, ошондой эле саламаттыкты сактоо системасын каржылоого багытталат. Тиешелүү… Кененирээк…

Улуу Британия тургуну сейилдеп жүрүп  миллион долларлык кенч таап алды

Улуу Британия тургуну сейилдеп жүрүп  миллион долларлык кенч таап алды. The Daily Mail басылмасы билдиргендей, эркек баткактын арасынан жалтыраган өзгөчө нерсе таап алган. Аны текшерген учурда байыркы кумара болуп чыкты. Идиштин ичинде миңдеген тыйындар болгон. Ал тыйындар биздин доорго чейинки 40-50-жылдарга таандык болушу ыктымал. Эми табылганы… Кененирээк…