Президенттик шайлоо жана референдумга дагы 113 эл аралык байкоочу катталды

Президенттик шайлоо жана референдумга дагы 113 эл аралык байкоочу катталды. Бул тууралуу БШКнын отурумунда жарыяланды.   Муну менен, добуш берүү жана ага даярдык көрүү процессине 43 мамлекеттен жана 31 эл аралык уюмдан келген 300дөн ашык эксперт байкоо жүргүзөт.   Эске салсак, мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор… Кененирээк…

Чүйдүн жол инспекторлору «Ак Тилек» бекетиндеги жемкорлук боюнча кармалышты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы кыргыз-казак чек арасындагы “Ак Тилек” көзөмөл-өткөрмө бекетинде иштеген жол инспекторлорун жана алардын жетекчисин колго түшүрдү. Бул тууралуу 28-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.   Мекеменин маалыматына караганда, 25-декабрда Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол коопсуздугун… Кененирээк…

Эң ийгиликтүү жаңы жылдык тасмалар аталды

Эң ийгиликтүү жаңы жылдык тасмалар аталды. Биринчи орунду 2018-жылы тартууланган “Гринч” тасмасы ээледи. Ал прокатта 500 миллион доллар чогулта алды. Лидерлик үчилтикке ошондой эле “Жалгыз үйдө” жана “Жалгыз үйдө 2” тасмалары кирди.   Алардын жаратуучулары 477 жана 359 миллион доллар тапты.

Жаңы жылдык майрамдарда Ысык-Көлдө жол кыймылына көзөмөл күчөтүлөт

Жаңы жылдык майрамдарда Ысык-Көлдө жол кыймылына көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Коопсуздукту камсыздоо үчүн  райондук борборлордо жана шаарларда кошумча бригадалар түзүлдү.   Ошондой эле, мас абалында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо боюнча рейддер уюштурулду.

Кыргызстанда 156 жеке нотариустун ишмердүүлүгү текшерилет

Кыргызстанда 156 жеке нотариустун ишмердүүлүгү текшерилет. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, кирип келе жаткан жылы өтө турган текшерүүлөрдүн планы түзүлүп, бекитилди.   Ведомстводон белгилешкендей, жеке нотариустар мыйзам чегинде иштөөгө милдеттүү. Эгер кандайдыр бир бузуулар аныкталса, жооптуу жактар жоопкерчиликке тартылат. Эске салсак, Кыргызстанда нотариустар 4 жылда бир текшерилет.

1-январдан тарта Россияда жеңил өнөр-жай товарларын милдеттүү түрдө маркировкалоо киргизилет

1-январдан тарта Россияда жеңил өнөр-жай товарларын милдеттүү түрдө маркировкалоо киргизилет. Экономика министрлигинен билдиришкендей, кеп булгаарыдан тигилген, токулган кийимдер, пальто, куртка жана башка кийимдердин түрлөрү тууралуу болуп жатат.   Ведомство кыргызстандык экспорттоочу ишкерлерге маркировка коддорун алуу маселесин эртелеп чечип алууну сунуштайт.   Бул кийинки жылы Россияга… Кененирээк…

Президенттик шайлоолордун жана референдумдун бюллетендери 2-январга чейин даяр болот

Президенттик шайлоолордун жана референдумдун бюллетендери 2-январга чейин даяр болот.   Бул тууралуу БШКнын басма-сөз кызматынан билдиришти. Андан кийин документтер шайлоо тилкелерине жеткирилет.   Белгилеп кетүүчү нерсе, жалпысынан учурда басмаканаларда 7 миллиондон ашык бюллетень басылууда. Анын бир бөлүгү президенттик шайлоолорго болсо, калганы референдумга болот. Эске салсак,… Кененирээк…

Россия менен Өзбекстан миграция боюнча макулдашууга кол коюшту

Россия жана Өзбекстан Орусияда иштөөнү каалаган өзбек жарандарынын миграциялык процесстерин жөнөкөйлөштүргөн макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу өткөн аптанын соңунда өзбек тышкы мекемеси кабарлады.   Документке Өзбекстандын сырткы эмгек миграциясы боюнча агенттиги менен Россиянын Ички иштер министрлигине караштуу «Паспорт- виза сервис» мамлекеттик ишканасынын жана «Көп функционалдуу… Кененирээк…

Колумбия ресторандарынын биринде эми алтынды даамдап көрсө болот

Колумбия ресторандарынын биринде эми алтынды даамдап көрсө болот. Тамактануучу жайдын менюсунда уникалдуу бургер пайда болду. Ал нан, куурулган картөшкө, сыр, эт жана 999-пробадагы алтындан турат.   Мындай алтын эң таза болуп эсептелип, зер буюмдарды жасоодо колдонулат. Белгилеп кетсек, бул ресторанда ашпозчулардын жумушу дагы зергердикиндей эле.… Кененирээк…

Айыл чарба министрлиги  “ДыйканДос” аталышындагы Telegram-ботту ишке киргизди

Айыл чарба министрлиги  “ДыйканДос” аталышындагы Telegram-ботту ишке киргизди. Ведомство маалыматына ылайык, чат-бот дыйкандарга маалымат берүү жана аларды мамлекеттик программалар, гранттар, керектүү документтер жана күбөлүк жөнүндө ыкчам түрдө кабардар кылуу максатында түзүлдү.   “ДыйканДос” чат-ботту колдонуу үчүн Telegram мессенджерине жазылуу гана жетиштүү.