Жалал-Абадда Жаңы жылга карата 500дөн ашык балага белектер тапшырылды
Жалал-Абадда Жаңы жылга карата 500дөн ашык балага белектер тапшырылды. Коронавирус пандемиясына байланыштуу, быйыл балаты майрамы болгон жок. Андыктан, оюнчуктар жана таттуулар топтому балдарга үймө-үй таратылды. Белектерге ээ болгондордун арасында окуунун мыктылары, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары бар.