Урматтуу, кыргызстандыктар!  Сиздерди  жаны-жылыныздар менен куттуктайбыз! 

Урматтуу, кыргызстандыктар!  Сиздерди  жаны-жылыныздар менен куттуктайбыз!   2021-жылы ар бириниздердин үй-бүлөөңүздөрдгө бакубат турмуш, бекем ден-соолук, узун өмүр, ырыскы  жана кут-береке каалайбыз. Мекенибизде ар дайым тынчтык болуп ,ынтымак  ыроолосун. Ар бир тилектер орундалсын!   Novosti.kg жамааты.

Нарында 150 балага жаңы жылдык белек ыйгарылды

Нарында 150 балага жаңы жылдык белек ыйгарылды. Муниципалитеттин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, коронавирус пандемиясына байланыштуу, мэрдин балатысы жана башка иш-чаралар дагы өткөрүлгөн жок.   Бирок шаар бийлиги Аяз Атанын коштоосунда балдардын үйлөрүнө барып таттуу белектерди тапшырды.

Күрөш бирикке дүйнөсү Айсулуу Тыныбекованын килемдеги аракетин жылдын мыкты көз ирмеми деп атады

Күрөш бирикке дүйнөсү Айсулуу Тыныбекованын килемдеги аракетин жылдын мыкты көз ирмеми деп атады. Сербияда өткөн дүйнө кубогунун финалдык бөлүгүндө кыргызстандык балбан кыз Латвиядан келген атаандашын утуп алды.   Ал жерге датып калганда Айсулуу аны колу менен сылап жубатып, дарыгерлерди чакырып, килемден тургузууга жардам берди. Уюмдан… Кененирээк…

Сосновка жана Арал өткөрүү  түйүндөрүндө жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр алынды

Сосновка жана Арал өткөрүү  түйүндөрүндө жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, убактылуу чектөөлөр кечээ Бишкек-Ош трассасында жол кырсыктарын жана тыгындарды алдын алуу максатында киргизилген.   Эске салсак, Төө-Ашууда тыгындар болбош үчүн жүк ташуучу унааларга улам чектөөлөр киргизилип турат.

Шайлоо бюллетендерин басып чыгаруу аягына чыгып калды

Шайлоо бюллетендерин басып чыгаруу аягына чыгып калды.   Бул тууралуу Novosti.kgге БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, эртең же бүрсүгүнү документтер шайлоо тилкелерине жеткирилип баштайт.   Жалпысынан басмаканаларда 7 миллиарддан ашык бюллетень басылууда. Алардын бир бөлүгү президенттик шайлоолорго болсо, калганы референдум үчүн.… Кененирээк…

Балыкчыда медициналык комплекс пайда болот

Балыкчыда медициналык комплекс пайда болот. Көп тармактуу клиника-диагностикалык медициналык мекеменин курулушуна капсула салуу аземи болду. Анын жүрүшүндө жергиликтүү тургундарга комплекстин долбоору көрсөтүлдү. Долбоордун болжолдуу сметалык наркы – 18 миллион сомду түзөт. Каражатты меценат бөлүп берет.

Тойдогу массалык уулануунун себеби иликтенүүдө

Чүй облусунун Сокулук районунда өткөн тойдогу жапырт уулануунун себебин иликтөө уланууда.   Облустук санитардык-эпидемиологиялык станциянын башкы дарыгери Улугбек Бектурганов «Азаттыкка» анализдердин жыйынтыгы жакын арада чыгышы мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, азыр уулануу белгилери менен ондон ашык киши бейтапканаларда жатат. Калганы үйдө дарыланууда. 24-декабрда Сокулуктагы «Оазис»… Кененирээк…

Бишкекте балдар үчүн музей саякаты уюштурулат

Борбор шаар Бишкекте Жаңы жылдык каникул учурунда балдар үчүн уюштурулган музей фестивалы өтөт. Мэриянын маалыматына караганда, активисттер менен биргеликте уюштурулуп жаткан фестиваль «Мемориалдык музейлерге саякат» деп аталат.   Иш-чара 4-6-январда өтөт. Бир күндө балдар төрт музейди (Исхак Раззаковдун музейи, Семен Чуйковдун, Ольга Мануилованын үй-музейлери жана… Кененирээк…

Туризм департаментине жаңы директор дайындалды

Туризм департаментине жаңы директор дайындалды. Жаңы кызматка Самат Шатманов бекитилди. Ал бир эле учурда Маданият министринин орун басары кызматын да аткарат. Тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду. Эске салсак, буга чейинки департаменттин жетекчиси август айында кызматтан бошотулган.

Бишкектеги мектептер жана от казандар газга өткөрүлөт

Бишкектеги мектептер жана от казандар газга өткөрүлөт. Бул тууралуу ордо калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирет. Анын айтымында, от жагуу системасын көгүлтүр отко өткөрүү менен абага бөлүнгөн зыяндуу заттарды азайтса болот. Белгилеп кетсек, ордо калаада 66 от казаны бар, анын 22си көмүр менен иштейт.