Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү пландалууда

Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирди. Анын айтымында, ордо калаада абанын булганып жатканынын себеби ЖЭБге жагылган көмүрдө. Учурда бул багытта адистер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Белгилеп кетсек, учурда Бишкектин абасы булгануу боюнча алдыңкы саптарда турат

Бишкектеги бала бакчалар 20-январдан баштап ишин жандантат

Бишкектеги бала бакчалар 20-январдан баштап ишин жандантат. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, Саламаттыкты сактоо жана Билим берүү министрликтеринин алгоритми боюнча, мектептер жана бала бакчаларды этабы менен ачуу талкууланды. Ошондой эле 18-январдан тартып Бишкектеги айрым класстын окуучулары мектепке келип окуп башташат.

Шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы 10-январь кечки саат 9да белгилүү болот

Шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы 10-январь кечки саат 9да белгилүү болот. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, кечки саат 8ден 10го чейинки аралыкта БШКга добуш берүүнүн жыйынтыгынын 85 пайызы келип түшүшү керек. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо жана башкаруу формасын… Кененирээк…

Түркиядагы кыргызстандыктарга шайлоо тилкелерине барууга уруксаат берилди

Түркиядагы кыргызстандыктарга шайлоо тилкелерине барууга уруксаат берилди. Бул тууралуу биздин өлкөнүн Анкарадагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка караганда, элчилик жана башкы консулдукта каттоодо турган жарандар шайлоо тилкелерине тоскоолдуксуз келе алышат. Учурда расмий маалымат боюнча Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык каттоого алынды. Эске салсак, Түркияда 1-декабрдан тартып коронавируска… Кененирээк…

Кыргызстанда 2021-жыл экологияны коргоо жылы деп жарыяланышы мүмкүн

Кыргызстанда 2021-жыл экологияны коргоо жылы деп жарыяланышы мүмкүн. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирди. Анын айтымында, бул жылды кайсы тармакка арноо боюнча чечим чыга элек, аталган сунуш президенттик аппаратка жөнөтүлөт. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда жыл атайын бир тармакка арналат. Анын алкагында тандалган багытта өнүктүрүү иштери жүргүзүлөт.

Бишкек жана Чүйдүн бир бөлүгүндө жарык эмнеден улам өчкөнү айтылды

Бишкек менен Чүйдүн айрым жерлеринде жарыктын өчүп калышына Өзбекстандын энергосистемасындагы авария себеп болду. Бул тууралуу “Улуттук энергетикалык тармак” ААКнын маалымат кызматынын жетекчиси Эльзада Саргашкаева билдирди. Буга чейин бишкектиктер үйүндөгү жарыгы өчүп калганын соцтармактарга жазышкан. Чүйдүн айрым жерлеринде дагы жарык берүү үзгүлтүккө учураган. Саргашкаеванын айтымында, 8-январь… Кененирээк…

Бишкекте азык-түлүк жарманкелери кайрадан жанданат

Бишкекте азык-түлүк жарманкелери кайрадан жанданат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жаңырган жылдагы алгачкы жарманке бүгүн Киев — Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде саат 10до башталат. Ага 40тан ашык компания катышат. Товарлар сатыкка дүң баада коюлат. Жарманкеден жарандар күнүмдүк колдонула турч азык-түлүктү ала алышат.

Кыргызстан чек араларынын өткөрүү түйүндөрүндө ар бир унаанын номерин камерага каттай турган система иштеп баштайт

Кыргызстан чек араларынын өткөрүү түйүндөрүндө ар бир унаанын номерин камерага каттай турган система иштеп баштайт. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдиргендей, мындай система ишке кирсе оор жүк ташуучу унааларды чек арадан өткөрүүдө коррупциялык иштердин болбошуна жардам берет. Тиешелүү тапшырма «Түндүк» ишканасына берилди. Иштер бир жумада аткарылышы… Кененирээк…

Кыргызстанда бүгүн көчмө добуш берүү өтөт

Кыргызстанда бүгүн көчмө добуш берүү өтөт. БШКдан билдиришкендей, ага 21 миң 360 жаран катыша алат. Шайлоо тилкелеринен эмес, башка жерден добуш берүү мүмкүнчүлүгү ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, алыскы райондордо кызмат өтөп жүргөн аскерлерге жана ооруканада жаткандарга берилди. Кыргызстандыктар, ошондой эле, бул күнү референдумга дагы катыша алат.

Президенттик шайлоого карата үгүттөө кампаниясы токтотулду

Президенттик шайлоого карата үгүттөө кампаниясы токтотулду. Бүгүн Кыргызстанда жымжырттык күчү. Бул күнү үгүттөө иштерин жүргүзгөндөр мыйзамды бузган катары аныкталып, жарыштан четтетилет. Буга карабай, көчөлөрдө илинген баннерлер кала берет. Аларды алып салуу тууралуу талап жок. Эске салсак, өлкөдө мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо жана мамлекетти… Кененирээк…