Бишкек тургундары дээрлик 140 миң көк түстөгү “Тулпар” электрондук картасын сатып алышты

Бишкек тургундары дээрлик 140 миң көк түстөгү “Тулпар” электрондук картасын сатып алышты. Ал эми жеңилдик берилген кызыл түстөгү картага 42 миң жаран ээ болду. Ошондой эле 10 миң мектеп окуучусунда жашыл карта бар. Кошумчаласак, “Тулпар” картасы менен жүргүнчүлөр автобус, троллейбустарда төлөмдөрдү жүргүзө алышат, жарандар ошондой… Кененирээк…

Каракол шаарында социалдык шаарча куруу долбоору талкууланды

Каракол шаарында социалдык шаарча куруу долбоору талкууланды. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аталган аймакта салына турган шаарча жалгыз бой энелерге жана көп балалуу үй-бүлөлөргө арналат. Анын алкагында турак-жайлар, мектеп, бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер түйүнү, мечит жана дүкөн пайда болот. Иштер боюнча тиешелүү жетекчилерге жер маселесин… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги кайрадан мугалимдерге квалификациялык категорияларды ыйгара баштайт

Билим берүү министрлиги кайрадан мугалимдерге квалификациялык категорияларды ыйгара баштайт. Бул үчүн 2021-жылдын майынан баштап кийинки окуу жылынын башталышына чейин мугалимдердин ыктыярдуу аттестациясын өткөрүү пландалууда. Квалификациялык категория үчүн ай сайын 1 миң сомдон 2 миң сомго чейин кошумча акы төлөнөт, — деп билдиришти ведомствонун басма сөз… Кененирээк…

Президентти шайлоо жана референдум боюнча добуштарды колго саноонун жыйынтыгы 3 күндүн аралыгында жарыяланышы мүмкүн

Президентти шайлоо жана референдум боюнча добуштарды колго саноонун жыйынтыгы 3 күндүн аралыгында жарыяланышы мүмкүн. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирет. Анын айтымында, дээрлик бардык протоколдор добуш берүү тилкелеринен аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилди.

Базар-Коргон районунун Арстанбап айылына Россияда эмгектенген мигрант спорт зал куруп берди

Базар-Коргон районунун Арстанбап айылына Россияда эмгектенген мигрант спорт зал куруп берди. Спорттук мекеме Кош-Терек орто мектебинин короосуна салынды. Курулушка каражатты чет өлкөдө иштеген жаран берсе, жумуштарды айыл эли жүргүздү. Эске салсак, мигрант ишкер Кубатбек Досматов былтыр да айылына башталгыч класстар үчүн мектеп куруп берген

The New York Times басылмасы Кыргызстанды 2021-жылы саякаттоо үчүн эң мыкты өлкөлөрдүн катарына киргизди

The New York Times басылмасы Кыргызстанды 2021-жылы саякаттоо үчүн эң мыкты өлкөлөрдүн катарына киргизди. Басылманын түзгөн тизмеси окурмандардын тандоосу аркылуу түзүлдү. Жалпысынан 2 миң аймак сунушталып, анын ичинен 52си гана тизмеге кирди. Рейтингде Кыргызстандан тышкары, Вьетнам, Испания, АКШ, Япония, Гаити, Сибирь бар. Эске салсак, буга… Кененирээк…

Добуш берүү учурунда шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 112 факты катталды

Добуш берүү учурунда шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 112 факты катталды. Бул тууралуу ички иштер министринин орунбасары Октябрь Урмамбетов билдирет. Ал белгилегендей, 102 факты боюнча ыкчам текшерүү иштери жүргүзүлүп, чечим чыгарылды. Калгандары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Милициядан белгилешкендей, фактылардын саны көбөйүшү ыктымал. Айрымдар… Кененирээк…

Кыргызстанда тандалган президент инаугурациясы 1-марттан кеч эмес өткөрүлүшү керек

Кыргызстанда тандалган президент инаугурациясы 1-марттан кеч эмес өткөрүлүшү керек. Бул тууралуу Боршайком төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирет. Анын айтымында, мыйзамга ылайык, шайлоонун расмий жыйынтыгы 20 күндүн аралыгында чыгарылат. Ал эми президенттик шайлоодо утуп чыккан талапкер БШК шайлоо жыйынтыгын расмий жарыялагандан кийин бир айдан соң кызматка кирише… Кененирээк…

Бишкекте “Өз дарагыңды отургуз” жашыл акциясы өтүп жатат

Бишкекте “Өз дарагыңды отургуз” жашыл акциясы өтүп жатат. Мэриядан билдиришкендей, жарандар шаардын жаңы эс алуу бактарына дарактарды тиксе болот. Бул үчүн шаар тургундары “Шаар парктары” ишканасына кайрылышы керек. Белгилеп кетсек, жакында эле ачылган “Адинай” эс алуу аймагына 1 миңден көп ийне жалбырактуу дарак отургузулду. Буга… Кененирээк…

Каракол шаарынын борборунда тамактануучу жайлар текшерилет

Каракол шаарынын борборунда тамактануучу жайлар текшерилет. Өрт коопсуздугуна жана санитардык нормаларга жооп бербегендер жабылат – деп, билдирет калаа мэринин милдетин аткаруучу Эрмат Жумаев. Анын айтымында, атайын комиссия текшерүү иштерин жүргүзөт. Белгилеп кетсек, мындай чаралар 10-январда болгон кырсыктан улам көрүлүүдө. Анда базардын жанындагы коомдук тамактануучу жайда… Кененирээк…