Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк жана Чапчыма ашууларында унаалардын жүрүү коопсуздугун сактоо иштери күчөтүлдү
Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк жана Чапчыма ашууларында унаалардын жүрүү коопсуздугун сактоо иштери күчөтүлдү. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, трассанын тоолуу аймактарындагы тилкелердеги кардын калыңдыгы 8 сантиметрге жетет. Жолчулар унаалар жүрө турган тилкелерди кардан арылтып, инерттүү материалдарды себишүүдө. Айдоочуларга азырынча алыскы сапарга чыгуудан баш тартуу сунушталат.… Кененирээк…